Созулган соттук иш: 11 журналисттин иши боюнча өкүм чыкты

Журналисттер бул айыптарды кескин четке кагып, соттук ишти түздөн түз журналисттик ишмердиктери менен байланыштырып келишти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналисттер бул айыптарды кескин четке кагып, соттук ишти түздөн түз журналисттик ишмердиктери менен байланыштырып келишти

Бишкектин Ленин райондук соту 11 журналисттин иши боюнча чечимин угузду. Судья Кылычбек Истамкулов чыгарган чечимге ылайык, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы алты жылга жана долбоордун кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга эркинен ажыратылды.

Temirov Live медиасынын журналисти Айке Бейшекеева менен долбоордун мурдагы кызматкери Актилек Капаровго үч жылдан пробациялык жаза берилди. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси жана 41-беренеси “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ал эми Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Сапарбек Акунбеков жана ушул эле долбоордун мурдагы кызматкерлери Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков толугу менен акталды.

Буга чейинки отурумдарда прокурор ар бир айыпталуучуну алты жылдан абакка кесүүнү суранган. БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюмдар журналисттердин камакка алынышын кескин айыптап келишет. Ички иштер министрлиги 16-январда журналисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Журналисттер өздөрүнө тагылган айыптарды кескин четке кагып, соттук ишти түздөн түз журналисттик ишмердиктери менен байланыштырып келишти.

Бул иш коомдо кызуу талкуу жаратып, президент өзү баш болуп бир нече ирет бул боюнча пикирин билдирди. Президент негизинен укук коргоо органдарынын аргументтерин жүйө кылып келе жатат. “TemirovLive” каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров менен анын жубайы Махабат Тажыбек кызы болсо бул ишке Ички иштер министри Улан Ниязбековдун түздөн түз кийлигишүүсү бар деп сындаган эле.

2024-жылдын март айында президенттин редакторлор менен бетме-бет жолугушуусунда дагы 11 журналисттин камакка алынышы негизги темалардын бири болгон. Журналисттердин басымдуу бөлүгү камактагы кесиптештерин бошотуп, үй камагына чыгарып коюп деле сураса болорун жүйө келтирип, жогорку бийликтен суранган. Атайын кызматтын башчысы айыбы жеңилирээктерин карап көрүп, үй камагына чыгаруу тууралуу сөз кылгандан көп өтпөй 7 журналист үй камагына чыккан эле.

Бул иш боюнча бир нече эл аралык уюм кыргыз бийлигине сунуш берип, талаптарын жолдошкон. Соңку аптада эле мындай билдирүүлөр байма-бай жарыяланды.

Болот Темиров негиздеген редакция менен бир канча жыл мурун кызматташкан айрым журналисттерге да айып тагылып, алар кошо кармалып, камалганы бул ишти ого бетер татаалдаштырган жагдайдын бири. Себеби аты-аталган журналисттердин көбү кылмыш иши козголгон учурда Болот Темировго тиешеси жок ар башка редакцияларда иштеп жатышкан эле.

Талаштуу соттук иш маал-маалы менен парламенттин трибунасында да сөз болуп келет. Соңку ирет Исхак Масалиев "күн алыс эле журналисттер айыпталып, кармалып, сотко келгенде эле иш башкача болуп калат, бирок ошону менен ошол журналисттер унчукпай калат" деген мазмунда сүйлөдү.

7-октябрь күнү “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен үй камагына бошотулган учурга, кыргыз бийлиги сөз эркиндиги корголот деп кайра-кайра баса белгилеп жаткан мезгилге туш келди.