БШК депутат Элдар Сулаймановду мандатынан ажыратты

Элдар Сулайманов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элдар Сулайманов
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда акыркы кездеги кызматтан кетүүлөр парламентке да жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы 17-февралда өткөн жыйынында депутат Элдар Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Расмий түрдө мандаттан баш тартуунун себеби айтыла элек. Бирок коомчулукта бул өлкөдөгү акыркы саясий окуяларга байланыштуу экени боолголонууда. Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери Ташиевге жакын делген өкмөттөгү бир катар министрлер кызматынан кетти. Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери бошотулуп, айрымдары кармалды.

Айрым маалымат каражаттары өткөн жумада спикерликтен кеткен Нурлан Тургунбек уулу да мандатын тапшырууга ниеттенип жатканын жазып чыгышты. Ал өзу бул тууралуу коомчулукка ачык билдире элек.

Мандатын тапшырышы мүмкүн деп айтылып жаткан дагы бир депутат, кызматынан бошотулган Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев "Азаттыкка" берген маегинде Жогорку Кеңештен кетүү ою жоктугун билдирди: "Менин мандатымды 24 миң 300 шайлоочум гана талаша алат. Башка эч ким "мандатыңды тапшыр" деп айта албайт. Мен элге кызмат кылып атам. Мен 24 миң 300 шайлоочума кызмат кылып, укугун коргоп атам. Ошолор кол чогултуп "сага ишенбей калдык. Башка адам келсин" десе ага даярмын. Анан бирөө "мандатыңды тапшыр" десе тапшырып, анан бирөө коркутса эле коркуп кала турган адам эмесмин".

Президент Садыр Жапаров соңку маектеринде "бөлүп-жаруу" Жогорку Кеңештен башталды деп билдирген:

"Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга: «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогору жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.

40 жаштагы Элдар Сулайманов — мурдагы министр Нурлан Сулаймановдун уулу. Ал парламентке биринчи жолу 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келген. Анл эми былтыркы парламенттик шайлоодо Ош облусундагы №5 округдан шайланган.

Жеке жашоосунда ал үй-бүлөлүү жана төрт баланын атасы экени көрсөтүлгөн. Мындан бир ай мурда депутаттын мурдагы жубайы Асел Азаматова социалдык тармактар аркылуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. ИИМ бул маалыматты текшерип, келинге коргоо ордерин берген. Депутат жубайынын айыптоолорун үй-бүлөлүк маселе деп комментарийлеген.