Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти

Сүрөттүн булагы, Official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу 17-февралда анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов билдирип, социалдык тармактарга видео жарыялады. Анда Камчыбек Ташиев адамдар менен коштошуп жатканын көрүүгө болот. Ташиев коштошуп жаткандардын арасында уулу Таймурас Ташиев да бар.
УКМКнын мурдагы төрагасы, өлкөдөгү экинчи адам деп аталып келген Камчыбек Ташиев чет өлкөгө кандай максатта кеткени белгисиз. Бул тууралуу анын тарапташтары же жакындары маалымат бере элек.
Президент Садыр Жапаров 16-февралда өлкөдөгү соңку саясий окуялар жана Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берген. Анда мамлекет башчысы Ташиев менен дос бойдон кала берерин, бирок ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбей турганын айткан.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин тарапташтары ал маалымат жыйынын өткөрө турганын билдиришкен. Бирок Ташиев бул күндөрү журналисттер менен жолуккан жок.
Садыр Жапаров 16-февралдагы маегинде Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, ал мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирген.
"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. "Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим. Досумдун айтымы боюнча, "ак сакалдар" дейбизби, "көк сакалдар" дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү", - деди Садыр Жапаров.
Ушул эле күнү Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев "Азаттыкка" маек куруп, Германиядан кайтып келген агасы менен жолукканын, ден соолугун чыңдаганга убакыт керектигин айтып, президенттин чечими алардын үй-бүлөсүндө резонанс жаратпаганын белгиледи. Буга чейин депутат Шаирбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени жөнүндө кептер тарап жаткан:
"Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок".
57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.




























