Трамп убактылуу бюджетке кол койду. АКШ тарыхындагы эң узак шатдаун аяктады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шаршемби күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы бюджет долбоорун жактырды. Мунун натыйжасында өлкөдө 43 күнгө созулган рекорддук шатдаун расмий түрдө аяктады.
Долбоорду 222 конгрессмен колдоп, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Буга чейин аны Сенат да жактырган болчу.
Мындан эки саат өтпөй Дональд Трамп убактылуу бюджеттин долбооруна кол койду.
Муну менен АКШнын тарыхындагы эң узак мөөнөттүү шатдаун аяктады. Буга чейинки рекорд да Трамптын биринчи мөөнөтүндө катталган болчу.
Шатдаун аяктагандан кийин эмне өзгөрөт?
Шаршембиде кабыл алынган бюджет долбоору федералдык өкмөткө ишти 2026-жылдын 30-январына чейин улантууга мүмкүндүк берет.
Бул документ аркылуу бардык министрликтер менен мамлекеттик агенттиктер кайрадан өз ишин толук кандуу баштайт, алардын каржылоосу камсыздалат. Ошондой эле кызматкерлерди кыскартуу жана убактылуу иштен бошотуу жараяны токтойт.
Мурда өкмөт иштебей турган мезгилде акысыз иштөөгө же өргүүгө кетүүгө мажбур болгон мамлекеттик кызматкерлерге (мисалы, авиадиспетчерлерге) айлык акы өткөн дата менен төлөнүп берилген.
Бюджет кризисинин маңызы эмнеде?
Бюджет боюнча мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасынын негизги комитети тарабынан шаршемби күнү эртең менен жактырылган. Документ үчүн сегиз конгрессмен добуш берип, төртөө каршы чыккан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Комитеттеги республикачылар демократтар сунуштаган өзгөртүүлөрдү колдогон жок. Демократтардын негизги талабы — медициналык камсыздандырууга берилүүчү субсидияларды узартуу болчу. Алар бул маселени бюджеттик талкуунун башкы темасына айлантышкан.
Өкүлдөр палатасынын жалпы жыйыны Гринвич убактысы боюнча 21:00гө белгиленген. Башында дебаттар бир саатка созулат деп күтүлгөн, бирок талкуу үч сааттан ашкан. Демократтардын лидери Хаким Жеффрис "сыйкырдуу мүнөт" деп аталган эрежени колдонуп, добуш берүүнүн алдында чектөөсүз сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүн пайдаланды.
Жыйналыштын алдында Жеффрис Демократиялык партиянын атынан чыгып, документке каршы күрөшөрүн билдирди.
"Биз, Өкүлдөр палатасынын демократтары, республикачылдардын жоопкерчиликсиз аракеттерине каршылык көрсөтөбүз. Алардын бул кадамы жөнөкөй америкалыктардын жашоосун ого бетер кымбаттатат", — деди ал CNN телеканалына берген маегинде.
Ошондой эле ал дүйшөмбү күнү Сенатта айрым демократтардын республикачылар менен бирге добуш бергенине нааразычылык билдирген.
Шатдаун маалында демократтардын негизги талабы 24 миллион америкалык үчүн медициналык камсыздандырууну жеткиликтүү кыла турган салык жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу болчу. Бирок республикачылар өз биримдигин сактап, бул сунуштан баш тартышты. Алар болгону декабрда бул маселе боюнча өзүнчө добуш берүү өткөрүүнү сунушташты. Бул идеяны алар буга чейин эле көтөрүшкөн.
Ошентсе да Сенат бул чараны колдойт деген кепилдик жок. Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон да азырынча бул маселени добуш берүүгө коёрун так айта элек.
Жонсон Өкүлдөр палатасындагы жыйындарды 53 күн бою өткөрбөй келген. Ал муну менен Сенаттагы демократтарга басым жасап, шатдаунду токтотуу боюнча макулдашууга жетишүүнү көздөгөн.












