Кытай Британияга иштеген тыңчыларды кармаганын билдирди
Кытай Британиянын жашыруун чалгын кызматын кытай өкмөтүндө иштеген жубайларды тыңчы кылып алган деп айыптады.
Бейжин менен Лондондун ортосундагы тыңчылык оюндарынан от чыга тургандай болуп баратат. Мындан мурда Батышта Кытайдын пайдасына тыңчылык жана хакерлик кылган адамдар удаа-удаа кармалган болчу.
Мамлекеттик коопсуздук министрлиги МИ-6 кызматкерлери фамилиясы Ван деген адамды аялы экөөн азгырып, тыңчылык максатка пайдаланган деп билдирүүдө. Ал Улуу Британияда окуп жүргөндө жүргөндө эле сый тамакка чакырып, саякатка алпарып, колго алышкан дейт.
Расмий билдирүүдө Ван акчага аябай азгырылганы айтылат, Британиянын пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн ага чоң суммадагы акча жана кепилдиктер берилген дейт.
Ошондуктан ал Ми-6 тыңчы болуп иштөөгө даярдалгандан кийин Кытайга кайтып барып, өкмөттөн маалымат чогултууга тапшырма алган.
Гордон Корера, коопсуздук боюнча кабарчы

Көп жылдар бою Батыштын тыңчы агенттиктери Кытайга орчундуу көңүл буруш керек деп айтып келишти. Ушул аптада Британиянын GCHQ чалгын башкармалыгынын башчысы бул ишти “доордун тагдыр чечкен чакырыгы” деп атады.
Анын алдында Батышта Кытайдын пайдасына тыңчылык жана хакерлик кылган адамдар удаа-удаа кармалды. Ал эми дүйшөмбүдө Гонконгдун атайын кызматына колдоо көрсөткөн деп айыпталганына байланыштуу Кытайдын элчиси Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.,
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул Батыш менен Кытайдын ортосундагы бийлик жана таасир талашкан тымызын күрөш ачыкка чыгып жатканынын кашкайган белгиси.
Батыш - АКШ менен анын союздаштары мындай аракеттерди чечкиндүү түрдө четке кагарын билдирүүдө. Бирок чоң кызматтагы адамдар Кытайдан болгон коркунучка олуттуу карабай, чалгын жагынан Батыш артта калды деп кабатыр болууда. Ошол себептүү Батышта Пекиндин тыңчылары жойлоп кирген жылчык көп болуп, эки тарап тең шойкомдуу оюнга кирүүдө.
Батыштагы кызмат адамдарын кооптондурган маселе, бул биринчи кезекте Кытайдын президенти Си Цзинпиндин эл аралык жаңы саясатты куруп жатканы.
“Акыр аягында ал күчтүү держава болуп турган кошмо штаттардын өзүн четке сүрүп чыгууга умтулууда”,-деп айтты мага MI6 жетекчиси сэр Ричард Мур өзүнүн кеңсесинде Би-Би-Сиге Кытай менен Батыштын мамилеси тууралуу.
Бирок канча жылдардан бери эскертүүлөр болуп жатканына карабай, Батыштын атайын кызматтары Кытайдын тыңчылык өжөрлүгүнө көп маани бербей келишти.
MI6 экинчи адам болуп келген, 2006-жылы эс алууга кеткен Найджел Инкстер Кытайдын дүйнөлүк ири державага айланышы “башка иштер көп болуп, алаксып жаткан убакытка туура келди” дейт.
2000-жылдардан бери Пекин дүйнөлүк аренада көтөрүлгөн сайын, батыш саясатчыларынын жана коопсуздук кызматкерлеринин оюнда (ошондой эле атайын кызматтардын көңүлүндө) Афганистан менен Ирактагы терроризмге каршы күрөш жана аскердик инвестициялар үстөмдүк кылып турду.
Соңку убакта Россия күчкө толуп баратат, эми болсо Израил менен Газа тилкесинин ортосундагы согуш АКШ менен Европадагы расмий адамдарга эң олуттуу көйгөй болуп турат.
Ошол эле убакта өкмөттөр менен бизнес Кытайдын эбегейсиз рыногуна жетүүгө умтулуп, бирок андан келип жаткан коркунучка анча маани берген жок.
Саясий лидерлер чалгын кызматтарынын башчыларынын Кытайды көп сөз кылбасын каалап келишти. Ошол эле убакта бизнес дагы алардын технологиялык сырлары уурулуктун объектиси экенин моюнга алгысы келбеди.
«Тыңчылыктын жебеси чынында экономикалык жана коммерциялык кызыкчылыктарды көздөй алыска серпилди»,-дейт Найджел Инкстер.
Анын айтымында, Кытайдын чалгыны өнөр жай тыңчылыгын 2000-жылдары эле баштаган, бирок батыш компаниялары унчукпай келишти.
«Алар бул тууралуу айткысы келбей, Кытайдын рыногунда ордун жоготуп алуудан коркуп келишти»,-дейт.
Дагы бир олуттуу көйгөй, Кытай Батыштан башкача тыңчылык кылганында. Ошондуктан анын тыңчылык ыкмасын табуу жана каршы туруу татаал болууда.
Батыштын мурдагы тыңчысынын айтымында, бир жолу ал өзүнүн кытай кесиптешине тыңчылыктын туура эмес түрү болуп жатканын сөз кылган экен.
Анын сөзү батыш өлкөлөрү өздөрүнүн душмандарын жакшы түшүнүүгө жардам берген чалгын маалыматтарын топтоп иштегенди туура көрөрү жөнүндө эле. Бирок кытай тыңчыларынын ыкмасы такыр башкача.
Аларга биринчи кезекте коммунисттик партиянын позициясын коргоо борбордук мааниге ээ. «Режимдин туруктуулугу - биринчи орундагы максат»,-дейт ФБРдын мурдагы контрчалгынчысы Роман Рожавский.
Аларга экономикалык өсүш керек. Ошондуктан кытай тыңчылары улуттук коопсуздуктун башкы талабы катары батыш технологияларына жетүү керек дешет.
Батыш тыңчыларынын айтымында, алардын пекиндик кесиптештери өздөрү топтогон маалыматтарын мамлекеттик компанияларга берет, ал эми Батыштын чалгын кызматтары өздөрүнүн фирмалары менен маалымат бөлүшкөн практика жокко эсе.
Өзгөчө ыкма
«Азыр менин агенттигимде 74 жылда болуп көрбөгөндөй иши көп»,-дейт Майк Берджесс, Австралиянын коопсуздук жана чалгын кызматынын (Asio) башчысы .
«Мен башка өлкөлөргө көп кайрылбайм. Түздөн түз тыңчылык болгондо биз аларга да ошол ишти жасайбыз»,-дейт Берджесс.
«Коммерциялык тыңчылык – бул таптакыр башка иш, дал ушул үчүн Кытайга өзгөчө көңүл бурулууда».
Ал Батыштагы союздаштар коркунучка анча маани бербей келатканын моюнга алды.
«Менин оюмча бул жоболоңдуу иштин болуп жатканына көп болду, биз баарыбыз көп нерсени өткөрүп жибердик».
Өткөн жылы октябрда Калифорнияда АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландиянын коопсуздук кызматтарынын башчыларынын «Беш көз» деген жыйыны болду.

Бул жыйын Кытай тууралуу кооптонууларга көбүрөөк көңүл буруу үчүн болду, анткени көп компаниялар дагы эле кулак салбай келатат.
Силикон талаасы дагы жөн жеринен кылдат тандалган эмес. Бул жер Кытайдын кибер тыңчылык, кээде инсайдерлерди азгыруу менен технологияларды уурдоо аракетинин чордонунда турат.
Кытайдын чалгын ресурстарынын масштабы өсүп көбөйүп баратканын да эске алуу керек. Батыштын чалгын кызматынын өкүлүнүн айтымында, Кытайда 600 миң адам чалгын жана коопсуздук тармагында иштейт. Бул дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун көптүк кылат.
Батыштын атайын кызматтары ар бир учурду жөн эле иликтей албайт. Британиянын MI5 чалгын агенттигинин кабарына караганда, бир эле Улуу Британияда 20 000 ашык адам LinkedIn сыяктуу кесипкөй сайттарга кирип, кытай тыңчыларынын кайырмагына илинишкен.
«Адамдар эч нерсени байкабайт, а иш жүзүндө алар башка өлкөнүн чалгын офицери менен кат алышып жатат. Акыр аягында алар өздөрүнүн компаниясынын келечегине балта чапкан маалыматты берип салышат»,-деди мага MI5 башчысы Кен МакКаллум Калифорниядагы жолугушууда.
Кен МакКаллумдун айтымында, бул «эпикалык» компаниялар улуттук коопсуздукка олуттуу кесепет алып келиши мүмкүн жана экономикалык зыяны да тиет.
Кытайдын олчойгон аппаратынын чоң бөлүгү ички коопсуздукка иштеген менен алар өздөрүнүн тыңчыларын чет өлкөдөгү сынчыларынын оозун басышка пайдаланат.
Жакында эле Батыш саясатын шимшилеген кытай тыңчыларын кармап-камоолор Улуу Британияда, Белгияда жана Германияда болду. Канадада иликтөөлөр жүрүүдө.
Кытайдын Европа менен АКШда «чет өлкөдөгү полиция участкалары» жөнүндө маалыматтар чыкты. Батышта баш калкалап жүргөн Кытайдын диссиденттерин куугунтуктоо болгондо, батыш чалгынчылары айткандай, Пекиндин чалгынчылары өздөрү түздөн түз жеринде барып иш кылбай, телефон чалып коркутуп, детективдерди жалдап иштетип, сырттан аракет кылат.

Улуу Британиянын өкмөтүнө каршы 2000-жылдардын башында болгон кибер инциденттер Россияда эмес, Кытайда болду. Ал негизинен тибет жана уйгурлардын чет элдик диссиденттери жөнүндө маалымат топтоо менен байланышкан окуялар эле.
Сырттан саясий кийлигишүүлөргө тынчсыздануунун эң алдыңкы сабында Австралия да турат. Asio билдиргендей, 2016-жылы шайлоодо талапкер көрсөтүү иштеринен баштап эле кытай шойкомунун белгилери байкалган.
“Биз алардын жашыруун жолдор менен биздин саясатыбызга кийлигишүүсүн каалабайбыз”,-деди Майк Берджесс Би-Би-Сиге интервьюда.
2018-жылы Австралия сырттан жылып кирген ууру жолдорго каршы бөгөт кое турган мыйзамдарды кабыл алды.
2022-жылы британдык MI5 сырттан кийлигишүү жөнүндө демейдегиден башкача эскертүү чыгарды. Анда британ адвокаты Кристин Ли Пекиндин саясатын жылдыруу өнөктүгүнүн алкагында саясий партияларга каржылык колдоо көрсөткөнү айтылат. Азыркы учурда бул иш боюнча адвокат MI5 менен соттошуп жатат.
2023-жылы Улуу Британия улуттук коопсуздук жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алып, чет өлкөлүк кийлигишүүгө каршы күрөштү күчөттү. Бирок бул аракеттер кыйла кечигип калды деп сындап жаткандар көп.
Кытай Батышка тыңчылык кылгандай эле, Батыш дагы, албетте, Кытайга тыңчылык кылууда. Бирок Кытай жөнүндө чалгын маалыматтарын топтоо MI6 жана Борбордук Чалгын Кызматы сыяктуу кызматтар үчүн татаал маселе.
Кытайда адамды жүзүнөн тааныган санарип камералар иштеп баштагандан кийин агенттер менен бетме-бет жолугушуу мүмкүн эмес болуп калды.
Он жыл мурда Кытай АКШнын чалгын кызматынын агенттеринин чоң тармагын кармаганы белгилүү.
Экинчиден, Кытай тыңчылары Батыштын эмес, өзүнүн технологияларын колдонот. Ошол себептүү чалгын маалыматтарын топтоо GCHQ жана АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги үчүн техникалык жагынан да татаал маселе.
«Биз чынында эле Саясий бюро (Кытайдын) эмне ойлоп жатканын билбейбиз»,-деди батыштын бир кызматкери.
Бири-биринин саясатынын сырларын түшүнбөй калган убакта олуттуу тобокелдик пайда болушу мүмкүн. «Кансыз согуш» учурунда Батыш Москванын оюнда эмне бар экенин түшүнбөй калган учурлар болгон, ошондо эки тарап тең канчалык каршы болуп каалабай турса дагы кырсыктуу согушка жакындап барышкан.
Мындай коркунуч азыркы күндө да бар, айрыкча Кытайдын Тайванды кайтарып алуу аракетине байланыштуу. Түштүк-Кытай деңизиндеги кырдаал чыңалып турган убагы, кокустан курчуп кетсе конфликт чыгып кетиши мүмкүн.
«Биз жашап турган, кыйла эле коркунучтуу, карама-каршылыктуу дүйнөдө биз конфликттер жөнүндө ойлоп, аларды болтурбоонун аргасын издешибиз керек»,-деди МИ-6 башчысы сэр Ричард Мур. (МА)












