Франция жарандарын Нигерден эвакуациялай баштады. Бул эмнеден кабар берет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франция өзүнүн жана башка европа өлкөлөрүнүн жарандарын Нигерден эвакуациялай баштады. Аталган өлкөдө өткөн жумада болгон аскердик төңкөрүштөн кийин Францияга каршы маанай кескин күчөп кетти.
Европалыктарды алып келген биринчи учак, Нигерден Парижге 262 адамды жеткирди.
Германия өз жарандарына Франциянын сунушун пайдаланып, анын учактары менен өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш берди.
Ошондой эле өлкөдө Нигер бийлигине исламисстик топторго каршы күрөштө жардам берип келген миңге жакын француз аскери жайгашкан, алар эл аралык күчтөрдун курамына кирет.
Жалпысынан Нигерде 600гө жакын француз жана 100гө жетпеген немис жарандары жашайт.
Италиянын тышкы иштер министрлиги Нигериянын борбору Ниамейде 90го жакын, жалпы өлкө боюнча 500гө чукул италиялык бар экенин билдирди. Алардын көпчүлүгу аскер кызматкерлери. Испания дагы өз жарандарын эвакуация кылууга камынып жатат.
Ошондой эле, Француз бийликтери Нигерге жарандык каттамдар токтотулгандыктан өз жарандарын алып чыгып кетүүнү чечкендигин, анткени адамдар каалаган күндө да, өз алдынча өлкөдөн чыга албай турганын белгиледи.
Франциянын өзөктүк отун чыгарган Орано компаниясы азырынча өлкөдө ишин уланта турганын билдирди. Нигерде казылып алынган уран бардык өндүрүштүн болжол менен 10% түзөт. Француз жарандарын эвакуациялоо анын ишине таасирин тийгизбеши керек, анткени компаниянын Нигердеги кызматкерлеринин көбү Нигериянын жарандары.
Шейшемби күнү Нигердин борбору Ниамейде абал салыштырмалуу тынч болгону кабарланды.
Францияга каршы демонстрациялар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшембиде төңкөрүштүн жүздөгөн тарапкерлери борбор шаар Ниамейдеги Франция элчилигинин алдына чогулушту. Алар: “Франция жоголсун!” деп кыйкырып, желегин өрттөп, Франциянын элчилигине таш ыргытып, андан соң имараттын дубалдарына өрт коюшкан.
Полиция аларды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таратууга жетишкен.
Төңкөрүштүн айрым тарапкерлери “Жашасын Орусия!” жана "Жашасын Путин!"деп кыйкырып турушту.
Бул дагы бир жолу Франциянын мурдагы колониясы аскердик төңкөрүштөн кийин Орусияга ыктап кетиши мүмкүн деген кооптонууну ырастады, анткени андай көрүнүш коңшу Мали менен Буркина-Фасодо бийлик аскерлерге өткөндөн кийин орун алган.
Ишемби күнү Евробиримдик жана Франция Нигерге карата бардык каржылык колдоону жана коопсуздук тармагындагы кызматташууну токтотуп жатканын билдиришти.
ЕБнын тышкы иштер министри Жозеп Боррелл Евробиримдик Нигердин аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген жаңы өкмөтүн тааныбай турганын жана таанууга ниети да жок экенин билдирди. Анын айтымында Мохамед Базум "Нигердин жападан жалгыз мыйзамдуу президенти бойдон калууда", жана ал токтоосуз бошотулушу керек.
Чет элдик интервенция жана жарандык согуштун ыктымалдуулугу

Сүрөттүн булагы, ISSIFOU DJIBO/EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK
Жекшембиде Батыш Африка аймактык блогу ЭКОВАСтын лидерлери чукул саммитке чогулуп, чөлкөмдөгү кезектеги аскердик төңкөрүштөн кийинки ыктымалдуу чараларды талкуулашты. Буга чейин Мали менен Буркина-Фасодо да бийликти аскерлер басып алган.
Алар эгер мыйзамдуу президент Мохамед Базум бир жуманын ичинде кызматына кайтпаса, өлкөгө аскерлерди киргизебиз деп коркутушкан.
Чаддын президенти Махамат Идрис Деби дүйшөмбү күнү Нигерге ЭКОВАСтын атынан арачылык кылуу үчүн келди. Ал бийликтен четтетилген президент менен сүрөткө түшкөн.
Буркина-Фасонун жана Малинин хунталары Батыш Африка өлкөлөрунүн жетекчилери тарабынан коюлган ультиматумга жооп кылышып, эгерде ЭКОВАС согуштук интервенцияны баштоону чечсе, алар бул блоктон чыгып, чыгыштагы коңшусун коргой баштарын эскертишкен. Алардын айтымында, мындай кийлигишүү катастрофага алып келип, бүтүндөй аймакты дестабилдештирет.

Сүрөттүн булагы, ORTN/VIA REUTERS TV/HANDOUT
Бирок Буркина-Фасо менен Малинин, ошондой эле Гвинеянын бул өлкөлөрдө болгон аскердик төңкөрүштөрдөн кийин ЭКОВАСга мүчөлүгү токтотулганын белгилей кетүү керек.
ЭКОВАС мүчөлөрү мыйзамдуу бийликтерге жардам берүү үчүн буга чейин да блоктун башка өлкөлөрүнө аскерлерин жөнөтүшкөн.
Маселен, 2017-жылы президент Яхья Жамме шайлоодо атаандашы Адам Барроуго утулуп калгандан кийин бийликти өткөрүп берүүдөн баш тартканда, Батыш Африка өлкөлөрүнүн аскер күчтөрү Гамбиядагы окуяларга кийлигишкен.
Сенегал менен Нигерия өлкөгө аскерлерин киргизгенден кийин, Яхья Жамме акыры макул болуп, ага башпаанек берген Экватордук Гвинеяга сүргүнгө кеткен.
Ал эми өткөн жылы ЭКОВАС ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Гвинея-Бисау өкмөтүн колдоо үчүн аскерлерин жөнөткөн.
Нигердин түндүктөгү кошунасы Алжир ар кандай аскердик кийлигишүүлөрдөн этият болууга чакырып, андай кылуу "учурдагы кризисти ого бетер курчутат" деп билдирди.
Мали жана Буркина-Фасо мурдагы союздаштарынын Нигерде мыйзамдуу бийликти калыбына келтирүү аракеттерин токтотуу үчүн аскерлерин жөнөтүүгө даяр экендиги аймактагы кырдаал кескин курчуп кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Андан тышкары аймакта жихадчылардын топтору да активдүү, алар дагы баш аламандыктан пайдаланып кетиши мүмкүн.
Жихадчылар менен күрөшүү, коопсуздук жана Орусия

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптадагы козголоңго чейин Нигер Сахелдеги жихадчыл экстремизмге каршы күрөштө Батыштын негизги өнөктөшү болгон. Бул өлкөдө Франциянын жана АКШнын аскерий базалары бар.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, АКШ бийлиги чечим кабыл алганга чейин америкалык аскерлерге базадан чыкпоого буйрук берилген. Эгерде АКШнын путчисттер бийликте кала берерине көзү жетсе, Нигерге каржылык жана коопсуздук жаатындагы жардамын токтотот.
Малинин аскердик жетекчилиги 2021-жылы орустун Вагнер тобу менен кызматташууну чечкенден кийин, Франция өзүнүн аймактык антитеррордук операцияларынын борборун Нигерге көчүргөн болчу.
Ошол эле учурда бийликти басып алган аскерий хунта Францияны тактыдан кулатылган президент Мохамед Базумдун бийлигин калыбына келтирүү үчүн аскерий интервенция даярдап жатат деп айыптады.
Путчисттердин өкүлдөрү улуттук телевидение аркылуу Франция “Нигердин ички иштерине аскердик кийлигишүү жасоонун жолдорун жана каражаттарын” издеп жатат деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Буга жооп кылып, Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна, Париждин аскердик кийлигишүү тууралуу таптакыр оюу жок экенин белгиледи.
Ал дүйшөмбү күнү кечинде BFMTV жаңылыктар каналына берген маегинде “андай ойубузда жок” деп, Нигердин демократиялык жол менен шайланган президентин бийликке кайра алып келүү дагы деле мүмкүн экенин кошумчалады: "Бул өтө зарыл маселе, анткени дестабилизация Нигер жана анын коңшулары үчүн кооптуу."
Ал, Төңкөрүш расмий Орусия тарабынан сынга алынганы менен, Вагнер тобунун жетекчиси Евгений Пригожин тарабынан кубатталганы Орусия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген оюн айтты.
“Нигердегилердин баары жаздыктын астында орус желегин коюп уктайт деп ойлобойм. Бирок Орусия бул кырдаалдан пайдаланып калууга аракет кылышы мүмкүн. Андай аракет аймактын башка өлкөлөрүндө да болгон. Бул менин божомолум,” - деп кошумчалады ал.
Ушундай эле ойду АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да билдирди: “Биз бул төңкөрүштүн артында Орусия турганына эч кандай далил көргөн жокпуз, бирок, албетте, Африканын тигил же бул өлкөсүндөгү туруксуздукту колдонуп кетүү бул Россиянын да, Вагнер аскерий тобунун да мүнөзүнө ылайык,” - деди ал шейшемби күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Жакшы варианттар жок”

Сүрөттүн булагы, EPA
Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднердин комментарийи
Келечекте Нигер үчүн жакшы варианттар жок. Батыш ал жерде өзүнүн стратегиялык антитеррордук базаларынан ажырайт, ал эми ЭКОВАСтын аскерий кийлигишүүсү дээрлик жарандык согушка алып келиши ыктымал.
Француз жарандарынын учурдагы эвакуациясынын кийин америкалык жана француз аскерий базалары жабылып, Нигерге жихадчыл козголоңчулар менен күрөшүүгө жардам берген 2500 аскердин кетиши ыктымал.
Анда мунун бардыгы кимге пайдалуу? Албетте, Нигер элине пайда алып келбейт. Батыштын аскерлеринин Нигерде турганы баарына эле жага бербейт эле, бирок анын натыйжасында өлкө жыл сайын жүздөгөн миллион евролук каржылык жана аскердик жардам алып турган. Азыр жардам токтоду.
Орус желектеринин бир заматта эле көчөлөрдө пайда болушу күмөн жаратат, андыктан, орусиялык Вагнер тобу кетип бараткан батыш аскерлеринин ордун ээлөөгө аракет кылышы толук ыктымал.
Ал эми бүтүндөй Сахелде аракет жургүзгөн Боко Харам, Аль-Каида жана Ислам мамлекетинин жихадчылары үчүн мындай башаламандык жана белгисиздик - стратегиялык жактан өтө маанилүү белек болуп калат. (DO)











