“Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетсе дагы жооп бериши керек”

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Толкунбек Абдыгулов

Улуттук Банктын кызматтан кеткен төрагасы Толкунбек Абдыгуловго байланышкан талкуу кызыды. Бул кызматта иштеп келген Абдыгулов президент башка кызматты сунуштаганын, кызматтан кетүү боюнча арызды өз каалоосу менен жазганын жана бул кызматты аркалаган кезде Улуттук банк өлкөнүн акча-насыя саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүүгө аракет кылып келгенин айтты.

“Биз бул жылдары улуттук валютанын кунун кармап туруу жаатында иштиктүү аркеттерди жасадык. Өзгөчө акча жүгүртүү жаатында улуттук валютанын ордун бекемдөө, дедоллардаштыруу боюнча бир топ ийгиликтерге жетиште алдык десек болот”, - деп билдирди Абдыгулов.

Ошол эле учурда мындай кадрдык өзгөрүүнү Жогорку Кеңештин айрым депутатттарынын сыны, иш аракети менен байланыштыргандар дагы жок эмес. Ошондон улам Абдыгуловго акыркы айларда сын айтып келе жаткан парламенттин депутаты Саматбек Ибраевге социалдык тармактын колдонуучулары турдүү суроо, сындарды жазып жатат.

Би-Би-Си парламент депутаты менен кенен маек курду.

Саматбек Ибраев

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саматбек Ибраев

С. Ибраев: Коррупциялык схема балык чарбасын талкалап жатат. Биз 200 миң тонна балык өстүрүп, 1 миллиард доллардан ашуун киреше тапсак болот экен. Ошол нерсени биздин атаандаштар талкалаган. Муну салыштыруу үчүн айттым.

Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу эле финансылык рынокто абдан чоң “согуш” жүрүп жатат. Ошол “согушту жеңип” алуу үчүн абдан чоң коррупциялык схемалар иштеп жатат.

Би-Би-Си: “Абдан чон коррупциялык система иштеп жатат” дегенди кайсы фактыга таянып айтып жатасыз?

С. Ибраев: 2020-жылы 31-декабрда Улуттук банк криптовалютанын Кыргызстанда айлануусуна уруксат берчү мыйзамды демилгелеп чыгып жатат. Бул түздөн-түз криминалдык схеманы, криминалдык финтехти колдоо болуп эсептелет. Бул аркылуу биздин далай жаран алданды. Буга Улуттук банк жана башка органдар күнөлүү.

Би-Би-Си: Криптовалютага уруксат берүүгө сиз сын көз караштасызбы?

С. Ибраев: Сөзсүз түрдө. Себеби, көп мамлекет криптовалютадан качып, жаап жатышат.

Би-Би-Си: Тескерисинче бул келечектин иши деп ага ыктагандар дагы бар эмеспи. Буга кандай дейсиз?

С. Ибраев: Анын баары жөн эле реклама.

Биткойн, Эзерум криптовалюталары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Криптовалюталар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Улуттук банктын ишин тогуз ай абдан иликтеп чыктык, коррупция деп жатасыз. Ошол эле учурда муну Толкунбек Абдыгулов экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы жеке келишпестик катары сыпаттагандар дагы жок эмес. Мындай пикирге негиз барбы?

С. Ибраев: Жеке келишпестик катары кароонун кереги жок. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы менен жеке кызыкчылыктын кагылышуусу болуп жатат. Мени ар кандай жаманатты кылып жатышат.

Биз алып келген чет элдик эксперттерди сындаганы боюнча айта турган сөз жок болуп жатат. Улуттук банк абдан чон пиар менен алектенип, биздин финансылык секторго абдан чоң залакасын тийгизди деп айта алам.

Би-Би-Си: Сизди сындагандардын бир тобу Улуттук банк сомдун туруктуу кармалышына, азыркы экономикалык жылыштарга салымы болгон. Эми анын баары артка кетсе, кесепети тийсе, сомдун куну түшсө ага жооптуулардын бири Саматбек Ибраев болот деп жатышат. Бул сынды өзүнүз дагы уксаңыз керек?

С. Ибраев: Финансылык кейиштүү абалыбызга толугу менен Абдыгулов жооп берет. Азыр жумуштан кеткен күндө дагы жооп бериши керек деп эсептейм. Себеби экономикабыз абдан начар абалда.

Эгер азыркыдай темп менен болсо, анда Казакстандын азыркы деңгээлине жетүү үчүн 50 жыл иштешибиз керек экен. 50 жылда ким бар, ким жок? Туурабы?

Финансы тармагы баарынын локомотиви болушу керек. А ошол локомотивибиз эптеп-септеп, сынып баратканына ушул кишинин жети жылдык саясаты себепкер болуп жатпайбы.

Би-Би-Си: Улуттук банктын кийинки жетекчиси абалды мындан да начарлатып жиберсе ким жооп берет деген суроо кабыргансынан турат.

С. Ибраев: Мен Толкунбек Абдыгуловдун компетентүүлүгүнө мурун ишенчүмүн. Азыр ишенбейм.

Мен оюмча, ал жерде компетентүү кадрлар бар. Бирок, балык башынан сасыйт болуп, ушундай туура эмес чечимдер кабыл алынгандыктан Улуттук банк улуттук валютабыздын курсун жылына жарым миллиарддан ашык долларды интервенция кылып кармап жатат.

Бул биздин кызылдай акча менен интервенция кылып, жасалма жол менен кармап жатат. Мындай болбошу керек. Биздин сом реалдуу түрдө доллар менен күрөшүп, күчтүү болушу керек. Бизде болсо жасалма.

“Балам, балам” деп эле тамак бере берсең, тамак жок калган күнү балаң эмне болот? Сом туруктуу, күчтүү болгонго баардык шарт бар. Экономика өнүгүшү керек. Булар болсо интервенция кылып эле карап жаткандай сезилет.

Би-Би-Си: Банктын кийинки жетекчиси сиз сындап жаткан Абдыгуловдон дагы начар жетектей турган болсо, сизде дагы жоопкерчилик болобу деген сынга кандай жооп бересиз?

С. Ибраев: Улуттук банктын төрагасын мен дайындабайм, биринчиден. Ажобуздун чечими менен болот. Жогорку Кеңеш ал кишинин талапкерлигине баа беришибиз керек. Негизгинен чечимди ажобуз кабыл алат.

Ошондуктан Улуттук банктын жаңы жетекчисинде эң негизги жоопкерчилик болушу керек. Менде болсо депутат катары сөзсүз түрдө моралдык жоопкерчилик болушу керек.

Би-Би-Си: Айрымдар сиздин атыңызды так атап, банктын ишине кийлигишкенден мурун уулунун темирге байланышкан чырлуу ишин бүтүрүп койсо болмок деп жүрөт. Буга кандай дейсиз?

С. Ибраев: Адам өзү үчүн жооп бериши керек. Уулум өзү үчүн жооп берет. Органдар өздөрү карап чыгат. Ал ишти мени менен аралаштырбаш керек. Баарыбызда бала бар. Эгерде бала туура эмес кылса өзү жооп берет.

Негизинен ал жигит адам өлтүргөн жок. Анча-мынча адашкан болсо анысын оңдоп кетүүгө кудай сөзсүз кандайдыр бир жолун таап берет деп ишенем.

Би-Би-Си: Улуттук банктын ишинде мындай болбошу керек деп жатасыздар. Эми бул тармакты жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Үч кадамга токтолсоңуз.

С. Ибраев: Биз жазган концепциянын максаты - Бишкекти Борбор Азиянын финансылык борбору кылганга толук шансыбыз бар, жүздөн бир шансыбыз.

Тез арада биз демилгелеген мыйзамды кабыл алып, дүйнөлүк рынокко чыга турган финтех компанияларды чакыруу керек. Биз айыл-чарба же оор өнөр-жай менен өнүгүп кетебиз деген - бул жомок.

Биз элди алдабашыбыз керек. Финансы, IT тармагына багытташыбыз керек. Сингапурдун тажрыйбасын карап көрүңүздөр.