Алтын куймасы калыңдын ордун баса алабы?

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Мындан бир жыл мурда Улуттук банк тарабынан алтын куймалары сатыла баштаган. Бир жыл аралыгында бул долбоор мезгил сыноосунан кандай өткөндүгүнө кызыккандар да жок эмес.
”Кымбат баалуу металлдар банктык рыногун түзүү жана өнүктүрүү багытында тийиштүү натыйжаларга жетише алдык. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларына карата калк тарабынан туруктуу суроо-талабы бар.
2015-жылдын 7‑майынан бери сатылган аффинаждалган алтын куймаларынын жалпы салмагы 85,1 кг чыгып, суммасы 228,9 млн сомду түздү. Ал эми кайрадан сатып алынган алтын куймаларынын санына токтолсок, анда 837 даана же 39,3 кг түздү”,-дейт Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов
Алтын куймаларын сатыкка чыгаруу бул сомдун ордуна алтынды колдонуу дегенди түшүндүрбөйт. Бул каржылык туруксуздуктун тобокелин азайтуунун бир жолу дешет серепчилер.
Улуттук банк тарабынан Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү демилгеленип, анын негизинде банктар тарабынан аффинаждалган алтын куймаларды пайдаланууда кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотуу каралган.
Мындан туура бир жыл мурун алтын куймасынын бир граммы 3792 сомго бааланган болсо, бүгүн ал 4 292 сомдон сатылууда. Ортодогу айырма туура 500 сомду түзгөн.

Алтын куймаларын сатуу менен бирге эле улуттук банк алтын куймаларын кайра сатып алууну да жолго койгондугун айтууда. Бир жыл аралыгында сатып алууда алтын куймаларынын тазалыгынан, накталыгынан күмөн санап, эксперттерге кайрылган учур болбогондугун банктын өкүлү Шамил Айдаркулов белгиледи.
Баалуу металлдар рыногунда негизинен алтын, күмүш, паладий, платина, родий, рутений, иридий, осмий металлдары пайдаланылат. Алардын бир бөлүгү медициналык жабдуулар, протез, электр техникалары сыяктуу иштерде пайдаланылса, бир бөлүгү зер буюмдарды даярдоо үчүн колдонулат.
“Чынын айтканда Кыргызстанда зер буюмдардын өндүрүшүнө карата расмий рынок жок. Бирок, расмий эмес рынок бар. Ал эми Улуттук банкытын жасап жаткан бул иши мамлекттин долларга көз карандылыгын жоюуга болгон аракет. Анын бир жолу катары элдин топтогон акчасын долларга эмес алтын куймаларына которуу менен ишке ашат. Бул иш абдан туура деп ойлойбуз. Бирок, зергерчилик үчүн бул кымбатыраак болуп жатат, себеби дүйнөлүк баадан ашып кетүүдө”,- дейт Кыргызстан ювелирлер ассосациясынын башкы директору Азамат Макашов.
Сатыкка чыгарылган алтын куймалары бирөөгө белек катары берүүгө, мураска калтырууга жана каалаган учурда сатып жиберүү укугу менен бекемделген. Эл арасында бул куймаларды өз ара алыш-бериште, калың берүүдө да колдоно баштагандар бар экени айтылууда.











