Кыргызстан: доллардын баасы турукташат

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен валюта рыногундагы жагдайды талкууга алды. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Улуттук банк төрагасы сомдун АКШ долларына карата баасы эки күн ичинде туруктуу абалга келерин айткан. Кечээ күнү бир АКШ доллары 64,5 сомго чейин кымбаттаган болчу. Өкмөт комерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлардагы кызыл кулактыкка жол бербөө тапшырмасын берген.

Мунун алдында бейшембиде казак теңгеси АКШ долларына карата үч эсе арзандаган болчу. Бир доллар 255 теңге болууда. Шаршембиде эле доллар 188 теңгеге бааланып жатакан. Муну менен бир сутка ичинде америка валютасы 67 теңгеге кымбаттады, же 35% өстү. Бул теңгенин курсун казак өкмөтү эркин кое берери менен эле орун алган жагдай.

Ошондой эле доллардын курсу Москва биржасында 66,09 рублга өсүп, рублдин долларга карата курсу дагы төмөндөдү. Мындай курс акыркы жолу ушул жылдын 12-февралында катталган эле. 2014-жылы ичинде рублдин АКШ долларына карата курсу 85 пайызга төмөндөдү.

Кыргызстанда дагы теңгенин жана рублдин курсу аз убакыттын ичинде түшүп кетти. Кечээ күнү Улуттук банктын расмий сайтында доллар 62 сомдон сатылып жатса, акча алмаштыруу жайларында бир сааттын ичинде 64,5 сомго көтөрүлүп кеткен. Анткен менен Улуттук банк акча алмаштырууда башаламандыкка жол берилбейт, резерв жетиштүү деген билдирүү тараткан эле.

“Азыркы учурда абал туруктуу. Анткени Кыргызстанда жайкы туристтик сезон аяктай элек. Бүгүн Казакстандагы абалга байланыштуу Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында ажиотаж жаралып кетти. Чайкоочулар ар кандай курс менен сатып жатышат. Бирок бул жакында өз ордуна келет”, - деген Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.