Абдыгулов: Сомду турукташтырууга күч жетет
Кытай экономикасындагы олку-солку абал, мунайзат баасынын төмөндөшү жана санкциялар өткөн аптадан бери Орусиянын экономикасына да катуу сокку уруп жатат.
Рубль арзандады. Ага удаа Казак бийликтери теңгени девальвация кылды. Бул өз кезегинде Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун курсуна терс таасир берди.
Бүгүн (26-августта) Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында сомдун долларга карата курсу 66 сом 50 тыйынга чейин чыгып барды.
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы кабарчысы Ибраим Нуракун уулу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен маектешип, Улуттук банк сомду туруктуу кармап калуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? – деп сурады.
Маекти толугу менен угуш үчүн жогорудагы аудиону ойнотуңуз.