Ангела Меркель Путин, Украина жөнүндө кенен кеп кылды

Ангела Меркель

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркель

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу кенен маек курду. Ал Владимир Путин менен мамилесиндеги өз саясатын жактоого аракет кылды.

Меркель германиялык журналист жана жазуучу Александр Осанг менен маектешти. Ал ишмердиги үчүн кечирим суроонун кажети жоктугун билдирди. Меркель Орусиянын Крымды аннекциялап алгандагы реакциясын айтып, ошол учурда Орусияга каршы санкцияларды колдогонун, Украинанын НАТОго кошулушуна али эрте деп эсептегенин түшүндүрдү.

Владимир Зеленский апрелде Ангела Меркелди жана Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини мурдагы чечимдери үчүн күнөлөгөн эле...

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленский апрелде Ангела Меркелди жана Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини мурдагы чечимдери үчүн күнөлөгөн эле...

Украина "НАТОго кошулуу боюнча иш аракеттердин планына" кошуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок 2008-жылы бухарест саммитинде Германия менен Франциянын позициясынан улам макулдук ала алган эмес.

Мындай позициясы үчүн украин президенти Владимир Зеленский апрелде Ангела Меркелди жана Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини күнөлөгөн эле. Анда Зеленский Украина Орусиянын таасиринде кала берет деп ага ишеним берип коюшкан деп чечмелеген.

Шейшембиде Германиянын мурдагы канцлери бир жарым саатка созулган маегинде, Путин кандай ойлонорун билгенин, аны козуткусу келбегенин түшүндүрдү. "Мындан майнап чыкпаганы чоң трагедия, бирок аракет кылганым үчүн өзүмдү күнөлөбөйм",- деди Меркель. Канцлер убагында анын бул сыяктуу чечилип ой бөлүшкөн учурлары сейрек болгон.

Ангела Меркел ал тушта Украина НАТОго кошулууга даяр болбогонун, анын сөзүнө караганда, демократиясы жетилбей, олигархтардын башкаруусунда турганын кошумчалады.

"Ошондуктан биз аларга макул, эртең эле НАТОго кабыл алалы деп жооп бере алган эмеспиз. Украина ал кезде азыр биз билгендей эмес, аябай бөлүнүп-жарылган, керек болсо реформалык күчтөр делген Тимошенко жана Ющенко дагы бир пикирге келбей турган өлкө болчу. Бул ичинен демократиясы калыптаган, жетилген өлкө болбогонун туюндурат",- деп сөзүн улады Меркель.

Меркель германиялык журналист жана жазуучу Александр Осанга менен маектешти

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Меркель германиялык журналист жана жазуучу Александр Осанга менен маектешти

Мурдагы канцлер Украинанын альянска мүчөлүккө кабыл алууну токтотуп коюу ошол өлкөнүн кызыкчылыгынан улам болгон деп билдирди.

Бир күндө эле НАТОго кошулуп калуу мүмкүн эместигин, Путин буга жөн эле жол бермек эместигин, анын көз карашында бул согуш жарыялагандай эле болмогуна толук кандуу ишенгенин айтты.

"Бул кырдаалды жайгарып, Украинанын азыркы абалдагыдай өнүгүүсүнө жол ачты. Ошентип убакыттан утууга мүмкүн болду",- деди Меркель.

Меркель кызматынын соңку апталарында Римде өткөн G20нын саммитине катышып жатып, кол салуу ыктымалынын бардыгына олуттуу мамиле кылганына токтолду.

"Кыйытып айткан учурлар болду. Биз бул жөнүндө көп сүйлөштүк. Мен Путин Минск процессин бүтүргөнүн түшүндүм",- деп эскерди Меркель.

Ангела Меркель Путин менен сүйлөшүүлөрдө ишенчээк болбогонун баса белгиледи.

Ангела Меркелдин бул маеги "Берлинер ансамбль" деп аталган атактуу театрдын сахнасында, зал толо көрүүчүнүн катышуусунда жазылды

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркелдин бул маеги "Берлинер ансамбль" деп аталган атактуу театрдын сахнасында, зал толо көрүүчүнүн катышуусунда жазылды

"Майнап чыкпай калганы дипломатиялык катадан эмес. Аскердик бөгөт коюу – орус президенти түшүнө турган жалгыз эле жол",- деди Меркель.

Мурдагы канцлер Орусиянын агрессивдүү согушун айыптап, ошол эле учурда аны токтотуу үчүн Батыш дагы зарыл кадамдын баарын кылбаганын айтып өттү.

"Орусия тараптын чоң катасы болду. Европада тынч жашообузга шарт түзө турган эл аралык укуктун баардык нормаларынан ажыратты. Түшүнүктүү болушу үчүн айтайын, мен Путин мырзанын пикирин колдобойм. Бирок Украинадагы согушту токтото ала турган коопсуздуктун архитектурасын түзө алган жокпуз. Биз бул жөнүндө дагы ойлонушубуз керек”,- деди Меркель.