Зеленскийден кийин Рамафоса: Трамп Түштүк Африка президентин ак терилүүлөрдү куугунтуктоого айыптады

Сүрөттүн булагы, Chip Somodevilla/Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафосаны кабыл алды. Иш-чараны көптөгөн телеканал түз эфирде көрсөтүштү. Жолугушуу тынч башталганы менен көп узабай Түштүк Африкада жашаган ак терилүү элге "геноцид" колдонулуп жатат деген пикир талаш-тартышка айланып кетти.
Башында эки президент жылуу маанайда сүйлөшүп, гольф тууралуу пикир алышып жаткан. Бул АКШ президенти Трамптын эң башкы хоббилеринин бири экени белгилүү. Рамафоса Түштүк Африкадагы гольф талааларынын сүрөттөрү камтылган, салмагы 14 килограммдык китепти белекке алып келгенин айтып, Трампка пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бирок жолугушуу көп узабай башка нукка бурулду. Жыйынга Трамптын кеңешчиси, миллиардер Илон Маск кошулуп, Түштүк Африкада отурукташып калган голланд жана француз урпактарынын "геноциди" жөнүндөгү тема козголду.
Дональд Трамп жолугушууга катышкандарга бир нече видео көрсөттү. Алардын бири түштүк африкалык оппозициячыл саясатчы Юлиус Малеманын "Фермерге ок ат" (Shoot the Boer) деген ырды аткарганы тартылган даректүү тасма. Boer – африкаанс тилинде фермер, дыйкан дегенди билдирет. Экинчиси "ак терилүү фермерлер көмүлгөн көрүстөндүн" видеосу.
Видео көрсөтүлүп жатканда Трамп мындайды эч качан көрбөгөнүн, бул коркунучтуу көрүнүш экенин айтты. Жолугушууда Дональд Трамп Түштүк Африканын "өлтүрүлгөн ак терилүү жарандарынын сүрөттөрүн" да көрсөттү.
Би-Би-Синин Ак үйдөгү кабарчысы Бернд Дебусманн-Жуниордун айтымында, Трамп мындай жолугушууга алдын ала даярданып келген, ал эми Рамафоса күтүлбөгөн абалга туш болду.
Бул көрүнүш Украина президенти Володимир Зеленскийдин Ак үйдөгү жолугушуусун эске салды. Бирок ал окуя баарына күтүүсүз болгон болсо, бул жолу Трамптын аракеттери атайын алдын ала даярдалгандай таасир калтырды.
Кескин жана айыптоого жык толгон риторикага карабастан, Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса басма сөз жыйындын соңуна чейин сабырдуулугун сактады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Рамафоса мырза Трамп көргөзгөн видео менен сүрөттүн кайда тартылганын сурады, ал мындайды буга чейин эч качан көрбөгөнүн айтты. Рамафоса ошондой эле оппозиция лидери Жулиус Малеманын сөздөрүн кескин сындап, анын билдирүүлөрү жана аракеттери өлкөнүн расмий көз карашын чагылдырбай турганын баса белгиледи. Ал Түштүк Африка демократиялуу мамлекет экенин жана жарандар өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин белгиледи.
Ошол эле учурда ал өлкөдө кылмыштуулук чын эле бар экенин моюнга алып, бирок зомбулуктан ак терилүүлөр да, кара терилүүлөр да жабыр тартып жатканын кошумчалады.
Сирил Рамафоса бул жолугушууга жалгыз келген эмес. Ал Түштүк Африка делегациясынын башка мүчөлөрүнө да сөз берди. Фермерлердин маселесине өлкөнүн айыл чарба министри Жон Стеенхейзен комментарий берип, белгилүү миллиардер жана ишкер Йоханн Руперт өлкөдөгү кылмыштуулук тууралуу оюн ортого салды.
Кызыгы, АКШ тараптан талкууга активдүү катышкандар болгон жок. Трамп менен кошо анын жакын өнөктөштөрү — вице-президент Жей Ди Вэнс жана коргоо министри Пит Хегсет да болгону менен, алар басма сөз жыйынына түздөн-түз аралашкан жок.
Илон Маск деле унчукпай отурган. Бир маалда Трамп түз эле ага жаңсап, "бул Илон каалаган нерсе" дебегенде, ал байкалбай деле калмак.
Ошол эле учурда Трамп ак терилүү түштүк африкалыктарды басмырлоо темасына Маскты тарткысы келбей турганын, анткени бул ага карата адилетсиздик болуп каларын кошумчалады.
Дональд Трамп менен бирге түштөнгөндөн кийин (28-февралда Володимир Зеленский менен жолугушууда түштөнүү болгон эмес) Сирил Рамафоса кара түстөгү автоунаа менен Ак үйдөн чыгып кетти.
Аны күтүп турган журналисттердин суроолоруна Рамафоса кыскача гана жооп берип, жабык эшик артындагы жолугушуу "абдан жакшы" өткөнүн айтты.
АКШ президенти сизди укту деп эсептейсизби деген суроого Рамафоса ишенимдүү түрдө "ооба" деп жооп берди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Си кабарчысы Бернд Дебусманн-Жуниор: Ак үйдө эң начар сценарий ишке ашты
Бул сапарда дээрлик эң жаман сценарий ишке ашты. Чет өлкөдөн келген лидер Ак үйдө пикир келишпестик жаралышын каалабайт. Бирок бүгүн дал ошондой жагдай жаралды.
Трамптын кылдат даярдаган "капканы" Сирил Рамафосаны жана Түштүк Африка делегациясын кыйын абалга салды: алар Трамптын билдирүүлөрүнө каршы турууга аргасыз болуп, бирок дипломатиялык этиканы сактоого аракет кылышты.
Бул өтө татаал вазыйпа жана Түштүк Африка делегациясы сөзсүз түрдө Зеленскийдин катышуусунда февралда болгон окуяны эсинен чыгарган жок.
Зеленскийдин каршылык көрсөтүү аракеттери кырдаалды ого бетер курчутуп жиберген. Андан соң аны журналисттердин алдында ички талашты тышка чыгарууга айыпташкан.
Бактыга жараша Рамафоса менен Трамп камералар алдында өктөм үн менен кайым айтышкан жок, бул түштүк африкалыктарды жаңжалдан куткарып калды окшойт.

Сүрөттүн булагы, JIM WATSON/AFP via Getty Images
АКШ менен Түштүк Африканын мамилеси
Жолугушуу маалында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эң чыңалган деңгээлге жеткен болчу. АКШ администрациясынын бир катар өкүлдөрү менен бирге Трамптын кеңешчиси, түпкү теги Түштүк Африкадан болгон жана жакында өз мекенин сынга алган Илон Маск да Рамафоса менен жолугушууга катышты.
Трамп менен Маск африканерлер – голланд жана француз көчмөндөрдүн тукумдары геноциддин курмандыктары болгонун айтышууда. Бул айда АКШ бийлиги 59 ак терилүү түштүк африкалыкты качкын катары таанып, алар өз өлкөсүндө зомбулук жана дискриминациядан качып келгенин билдирди.
Түштүк Африка бийлиги геноцид боюнча айыптоолорду кескин түрдө четке какты. Чынында бул боюнча көз карандысыз ырастоо да жок. Бул дооматтар өкмөттөн көз карандысыз Түштүк Африка сотторунда дагы далилденген эмес. Ошондой эле саясий партиялар да геноцид боюнча айыптоолорду көтөрүшкөн эмес.
Рамафоса өткөн аптада X платформасында жарыяланган видеодо мындай деп айткан эле:
"Биз, түштүк африкалыктар, каралар да, актар да геноцид жок экенин жакшы билебиз. Биз геноцид менен алектенбейбиз. Биз эч кимди жек көрбөйбүз, өч алып же зомбулук аракеттерин жасабайбыз".
Рамафоса сапардын алдында АКШ президенти менен болгон жолугушуу соода жана инвестициялык келишимдерге багытталарын, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ынак мамилени бекемдөөгө арналарын маалымдаган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Рамафосаны оор сыноо күтүп турган эле
Би-Би-Си баяндамачылары белгилегендей, Түштүк Африканын президенти оор кырдаалдарда чечим кабыл алууга көнгөн саясатчы.
1990-жылдардын башында ал Нельсон Манделанын Африканын Улуттук Конгрессиндеги өкүлү катары ак терилүү азчылыктын бийлигин токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан.
Бул анын узак жана жоопкерчиликтүү саясий карьерасындагы жалгыз эле маанилүү учур эмес. Рамафоса өтө оор сүйлөшүүлөрдө өзүн мыкты көрсөтө алган саясатчы катары белгилүү.
Сирил Рамафоса Вашингтонго дүйнөдөгү эң таасирдүү лидер менен бузулган мамилени оңдоону көздөп, дымактуу максат менен келген. Бул анын саясий карьерасындагы эң татаал сыноолордун бири болушу мүмкүн.
Рамафоса шейшембиде Вашингтонго келгенде мындай деп айтты:
"Соода алака бизди бул жакка алып келген негизги маселе. Биз АКШдан чын эле натыйжалуу соода келишими менен кайтууну каалайбыз. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ымаланы чыңдоону көздөйбүз".
Анын сапары алдында президент Трамп жана анын командасы үн катпай, абдан этият мамиле кылышты. Ал тургай дүйшөмбү күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Ливитт жолугушуу жөнүндө кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тарткан.
Трамп дагы эмнеге нааразы?
Ак үйгө экинчи жолу кайтып келгенден кийин Дональд Трамп Түштүк Африканы ак фермерлерге жасаган "коркунучтуу мамилеси" үчүн сынга алган. Ал эми февраль айында "айрым катмарларга карата жасалган абдан жаман мамиле үчүн" бул өлкөгө берилчү жардамды токтоторун билдирген.
Associated Press агенттиги Түштүк Африка полициясынын расмий статистикасына шилтеме берүү менен былтыр айыл чарба фермаларында 12 киши өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Каза тапкандардын ичинен бирөө фермер, калгандары айыл чарба жумушчулары болгон.
Агенттиктин маалыматы боюнча, каза болгондордун расалык өзгөчөлүгү расмий түрдө айтылган эмес. Бирок өлкөдөгү менчик жерлердин дээрлик төрттөн үч бөлүгүнө ак терилүү фермерлер ээлик кылат.
Мындан тышкары Ак үй Түштүк Африканын 2024-жылдагы "Жерди экспроприациялоо жөнүндө" мыйзамын да кескин сынга алган. Бул мыйзам айрым учурларда коомдук кызыкчылык үчүн пайдаланылбай жаткан жерлерди компенсациясыз мамлекетке өткөрүп алууга жол ачат.
Февраль айында президент Рамафоса өкмөт эч кимдин жерин тартып албаганын, болгону элдин жерге тең укукта жана адилеттүү ээлик кылышын камсыздоону көздөп жатканын айткан. (АА)












