Орусиянын Жогорку соту “Мемориал” укук коргоо уюмун жойду
Сара Рейнсфорд, Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын Жогорку Соту эл аралык “Мемориал” укук коргоо уюмун жабуу боюнча чечим чыгарды.
“Мемориал” Совет доорунда өлүм жазасына тартылган, камалган же куугунтукталган миллиондогон бейкүнөө адамдардын элесин кайра калыбына келтирүү багытында иштеп келген.
Расмий түрдө бул уюм өзүнүн социалдык тармактагы бир нече постуна “чет элдик агент” деген расмий макамын белгилебей койгону үчүн жоюлган.
Мындай статус уюмга чет жактан каржылоо алганы үчүн 2016-жылы берилген.
Бирок сотто прокурор “Мемориалды” “коомго коркунуч туудурат” деп таанып, уюмду Совет доорундагы “даңазалуу өтмүшкө” эмес, кылмыштарга көңүл буруу үчүн Батыштан каржыланат деп айыптады.
1989-жылы түптөлгөн “Мемориал” өлкөнүн дүйнөгө жана өзүнө-өзү ачылганынын символуна айланган. Ал кезде Орусия өз өтмүшүндөгү эң кайгылуу барактарына көз чаптыра баштаган эле. Уюмдун жабылышы президент Владимир Путиндин тушунда өлкө кайра мурдагы калыбына кайтуусунун ачык эле символу болуп калды. Ал тургай тарыхты сындоо кастык аракет катары көрүлүүдө.
“Улуттун саламаттыгы”
Чечим окулуп жатканда сот залында отургандардын арасында “уят!” деп кыйкыргандар болду.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул чечим бүгүнкү Орусиядагы репрессиянын күчөгөнүнөн да кабар берет. “Мемориалдын” өзүнүн эле укук коргоо канатында 400дөн ашуун саясий туткундун тизмеси бар. Көз карандысыз топтор менен медиа барган сайын “чет элдик агент” деп кара тизмеге кирип калууда.
Сотто “Мемориалдын” юристтери уюм жасаган иштери “улуттун саламаттыгы” үчүн пайдалуу экенин айтышты. Алар “Мемориал” Орусиянын душманы эмес, досу экенин билдирип, уюмду жоюу маанисиз жана “Оруэлдик” иш болгонуна токтолушту.
Алар бардык каталар оңдолгонун, белгилүү жана абройлуу уюмду техникалык каталардан улам эле жаап коюу пропорционалдуу эмес экенин айтышты.
Шейшемби күнкү билдирүүсүндө эл аралык “Мемориал” уюму чечим боюнча даттанарын жана өз ишин улантуу үчүн мыйзамдуу жолду табарын айткан. Уюмдан кошумчалашкандай, орусиялыктар өзүнүн өтмүшүн чынчыл жол менен түшүнүп жетиши керек жана эч ким ал муктаждыкты “жоюп коё албайт”.
Юстиция министрлиги аталган уюмдун коомдук мааниси мыйзам бузууга шылтоо боло албасын билдирди. Бирок айыптоочунун акыркы сөзү бул иштин өзөгү тереңде жатарын көрсөттү.
“Биз эмне үчүн уялышыбыз керек?”
“Эл аралык Мемориал… дээрлик толугу менен тарыхый эс тутумду, биринчи кезекте Улуу Ата Мекендик Согушту [Экинчи дүйнөлүк согушту], бурмалоого багытталган”, — деди сотко Алексей Жафяров. Жафяров уюм СССРди “террорчу” мамлекет катары көрсөтүп жатат деп айыптады.
Владимир Путин Экинчи дүйнөлүк согушта нацилерди советтик күчтөр жеңгенине өтө чоң маани берет. Бул анын мурдагы супер держава макамына умтулуусуна өбөлгө түзгөн элементтердин бири.
“Эмне үчүн биз, жеңүүчүлөрдүн урпактары, даңазалуу өтмүшүбүз үчүн сыймыктануунун ордуна уялышыбыз жана өкүнүшүбүз керек? Мемориал ал үчүн кимдир бирөөдөн акча алган болушу ыктымал”, — деди прокурор сотто.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Биз күчтүү, белгилүү болгондуктан жана аларды кыжырдантканыбыз үчүн бизди тандап алышкан”, — деген жакында эле Би-Би-Сиге “Мемориалдын” башкаруу кеңешинин мүчөсү Олег Орлов.
“Бүгүнкү күндө бийлик өкүлдөрү тарыхты саясатташтырып жатышат. Бирок биз аларга жакпаган нерселерди айтып жатабыз. Биз тарыхтагы оор барактар жөнүндө сөз кылганыбыз алардын кыжырына тийип жатат”, — деди ал.
Алексей Нестеренко “Мемориалды” жабууну өзүнө жакын кабыл алган. “Бул шерменделик. Муну уят деп атайм”, — дейт 84 жаштагы тургун Би-Би-Сиге. Ал укук коргоо уюмун кайталангыс деп сүрөттөдү.
Анын атасы 1937-жылы, Сталиндин террору өкүм сүргөн кезде, “эл душманы” деп камалып кеткен. “Мемориал” Алексейге андан ары эмне болгонун ачып чыгуугу жардам берген экен: жабык сот болуп, атылып, андан ары башкалар менен бир жерге көмүлгөн.
Тарыхый соттук иштерден белгилүү болгондой, тергөөчү кийин бардык айыптоолор ойдон чыгарылганын мойнуна алган.
“Бийлик өкүлдөрү өтмүш жөнүндө көп деле сөз кылгысы келбейт. Бирок “Мемориал” ага жол бербейт”, — дейт Алексей. “Моюнга алууга оор болгон өтмүш, адамдар аны эстегиси келбейт”.
Жогорку соттун чечиминен кийин башка көптөгөн орусиялыктар саясий репрессия боюнча социалдык тармакка өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн окуяларын жазып чыгарууда. Ал окуялар “Мемориалдын” аркасы менен ачыкка чыккан.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Чечим эл аралык коомчулукта сынга алынды. Германия чечимди “түшүнүксүз” деп атап, куугунтуктун курмандыктарынан добуштарын тартып алды деп билдирди.
АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан “сөз эркиндигин басмырлоо жана тарыхты өчүрүү боюнча трагедиялуу аракетти” айыптады. Amnesty International уюму бул чечимди миллиондогон бейкүнөө курман болгон адамдардын элесин “тебелөө” экенин билдирди.
“Тарыхтан колуңарды тарткыла”
Аталган уюм көп жылдардан бери басымга кабылып келатат. Бирок Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин улутчулдук толкуну күчөп кетти.
“Мемориалдын” дубалдарына граффити тартышып, анын иш-аракеттерин мамлекеттик телеканалдар кыйратуучу катары көрсөтүштү. 2016-жылы уюм “чет элдик” агент тизмесине киргизилди. Бул Сталин доорунан калган жек көрүндү кылган түшүнүк. Ал кезде “эл душманы” деп таанылгандар куугунтукталып, акыркы репрессияга кабылган.
Октябрь айында эле “Мистер Жонс” тасмасын көрүү үчүн Мемориал уюмунун Москвадагы штабына адамдар чогулушкан болчу. Тасма Сталиндин тушунда Украинадагы ачарчылыктан миллиондогон адамдардын каза болгонун баяндайт. Фильм көрүп жатышканда улутчул топ кирип барып, сахнага чыгып аудиторияда отургандарды “фашисттер” деп атаган жана “Тарыхтан колуңарды тарткыла” деп кыйкырган.
“Мемориал” уюму чечимди Европадагы Адам укуктары боюнча сотко чейин даттанарын айтат.
Олег Орлов ачылган иштерди эскертүү катары кабыл аган.
“Бизге коюлган чабуул Орусиядагы жарандык коомго катуу белги берүү үчүн болду. Алар “Карагыла! Биз аларды жойгон болсок, силерди дагы жаап коюу бизге оңой эле” дегиси келип жатат”, — деди ал Би-Би-Сиге.
Сталиндик террорду эстөө
- Советтер Союзун 1929-1953-жылдары башкарган Иосиф Сталиндин тушунда он миллиондогон адамдар каза болгон
- Адамдар депортацияда, ачарчылык маалында, коллективизацияга мажбурлоо, өлүм жазасына тартылуу учурунда жана түрмөлөрдө набыт болушкан
- Жалпысынан 750 миңдей адам 1937-1938-жылдарда репрессияда өлтүрүлгөн
- Миллиондогон адамдар Гулагга жөнөтүлгөн (EA)
Сара Рейнсфорд коопсуздукка коркунуч туудурат деп табылгандан кийин Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы кызматынан август айынын акырында кеткен.








