Путин менен режиссердун кайымы: “Бизди Московияга айланткыңыз келип жатабы?”

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL METZEL/ALEXEI DRUZHININ/TASS
Кавказды “бошотууну” сунуштаган Сокуров менен президент Путиндин ортосундагы талаштан манилүү үзүндүлөр.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен кинорежиссер Александр Сокуровдун ортосунда Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин (АУК) жыйынында кызуу талкуу болуп өттү. Кайым Сокуровдун Түндүк Кавказ республикалары тууралуу сөзүнөн кийин башталган.
Бейшемби күнкү жыйында сүйлөгөн сөзүндө АУКтун мүчөсү Сокуров, тактап айтканда, федералдык эрежелер жана мыйзамдар менен жашагысы келбеген Орусиянын аймактарын “кое берүү” тууралуу ойлонуп көрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле башка мамлекеттерди жана таанылбаган республикаларды колдоо үчүн Россиянын эбегейсиз чоң чыгымдарын айтып кейиди.
Жолугушуунун толук стенограммасы жума күнү жарыяланды.
Сокуровдун сунуштары Путинди кыжырлантты. Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков талкууга комментарий берип, Сокуров “өтө профессионалсыздык менен иштин чоо жайын билбестен туруп абдан маанилүү жана талылуу темаларды козгой баштаганын” белгиледи.
Режиссёр өзү журналисттерге берген маегинде президенттин мындай реакциясына капа болгонун айтты.
"Баары ушундай болуп кеткенине капа болдум, анткени президент менин айтканымдын маңызын түшүнбөй калды, же кунт коюп укпай калды, же балким менин суроом эпсиз берилип калды окшойт. Эми Кудайга шүгүр, мен суроону профессионалдуу бере албаганыма ыраазымын, анткени мен саясатчы эмесмин, жөн гана сыртта турган адаммын” - деди ал РБКга.
Сокуров АУКка 2018-жылы кирген. Ошондон кийин анын Путин менен бир канча талаштары болуп келди. 2019-жылы дүйнөгө таанымал кинорежиссер орус президентине "Москва иши" боюнча соттолгондор менен жолугушууну, ошондой эле Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго Орусиянын Баатыры наамын тапшыргандан кийин бул сыйлыктын статусун кайра карап чыгууну сунуштаган. Анда да Путин режиссердун аргументтеринин бири менен макул болгон эмес.
Учурда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен болгон талаштан кийин Сокуровду камакка алуу коркунучу жок экенин билдирди. Ал эми Кадыров өзүнүн Telegram каналында режиссёрду каттуу сынга алып, Чеченстанды Орусиянын ажырагыс бөлүгү деп атады. Чеченстандын парламенти режиссёрдун айткандарын текшерүү өтүнүчү менен Орусиянын Тергөө Комитетинин (ОТК) жетекчиси Александр Бастрыкинге кайрылууну чечти.
Би-Би-Си 9-декабрда болгон жыйындагы талаштуу талкуудан негизги цитаталарды келтирет.

"Албетте, Түндүк Кавказда болуп жаткан окуялар чоң көйгөй. Саясий, маданий, эмоционалдык, экономикалык көйгөйлөр. Совет бийлигинин тушунда республикалар орустардын үстөмдүгү бологону үчүн өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок деп кыжырданчу. Азыр ал жакта дээрлик орустар жок.
Кавказ бир улуттуу болуп баратат. Бийликтин баары түпкүлүктүү элдин колунда, бирок өнүгүү аз же такыр жок. Неге? Анткени, менимче, жаштардын эркин өнүгүүсү жок. Конституцияда өтө көп карама-каршылыктар, өтө көп саясат бар, бирок Конституция республикалык курулуштун негизи маданияттардын көп түрдүүлүгүнө жана маданий жана улуттук түзүлүшкө таянуу болуп саналат деп ырастайт. Бул биз көп жылдар бою карманып келе жаткан абдан маанилүү позиция. Ал чынында эле маанилүү."

"Сиз азыр бардык республикалар улуттук мүнөзгө ээ деп айттыңыз. Бирок мурда башкача беле? Союз учурунда башкача болгонбу? Эми азыр бизде бирдиктүү мамлекеттен чыгууга укук жок, бирок ал убакта кандайдыр бир чектөөлөрсүз чыгууга укугу бар эле."

“Менин оюмча, орустардын федерациясын барган сайын жактырбай баратышат. Көптөр бизден бөлүнүүнү каалашат, алар айткандай бир компанияда болгусу келбейт. Шартка байланыштуу мен Кавказ менен иш алып барышым керек болуп жатат. Кавказдагы көптөгөн жаштар: “Силер, орустар, урмат-сыйга татыктуу деле эмессиңер деп ачык айтып жатышат".
Дагестанда экономикалык маселе жаралса: “Эч нерсе эмес, орус келип иштеп берет”, - деп тамашалашат. Анан алар: "Силер баары менен урушасыңар, бюрократияга, коррупцияга туруштук бере албайсыңар - өтө боорукерсиңер. Дүйнөнүн байлыгы колуңарда туруп, дүйнөлүк экономиканы түзө албайсыңар. НАТО менен согушуп баштасаңар, биз силер тарапта күрөшпөйбүз", - деп айтышат. Муну жаштар айтууда. Балким, алар кандайдыр бир өзгөчө адамдардыр, балким, өзгөчө деле эместир.

"Сиз көп түрдүүлүк жөнүндө айтып жатасыз, Дагестанды мисал келтирдиңиз. Баса, бул абдан жакшы мисал. Дагестан - көп улуттуу республика. Эмнени сунуштап жатасыз - бүт Дагестанды бөлүүнүбү? Же Карачай-Черкестиби? Карачайлар менен черкестерди бөлгүлө деп жатасызбы? Ал жерде көп маселелер бар, мен аларды жакшы билем. Биздин өлкө боюнча эки миң аймактык дооматтар бар. Урматтуу Александр Николаевич, Югославиянын тагдыры биздин территорияда кайталанышын каалайсызбы?"

"Конституциянын принциптерин карманып, теңдикти, ар кандай адам укуктарын жана анын ичинде азчылыктардын укуктарын да сактайлы. Баягы эле Гёте: "Эгер сен көпчүлүк тарапта болсоң, анда эмнеден жаңылып жатканыңды ойлон".
Орус мамлекети, биздин мамлекеттик түзүлүш эмне болуп жатканын карап көрөлү. Келгиле, биз менен бир өлкөдө жашагысы келбегендердин баарын кое беребиз, аларга ийгилик каалайбыз, баардык падышаларга ийгилик каалайбыз, билбейм, өз жашоосун баштайм дегендердин баарына. Ал эми армиябызга күч-кубат жана кайрат каалайбыз”.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кавказ Россия Федерациясынын бир бөлүгү болуп саналат. Бизде дагы бир жол бар, бул жөнүндө экстремалдык көз караштагы адамдар, алар тилекке каршы бизде дагы бар, мындай дейт:" Келгиле, бардыгын таратып салалы да, өзүбүз каалагандай жашайлы". Бирок биз ансыз деле өзүбүз каалагандай жашап жатабыз. “Биз менен бирге болууну каалабагандарды, биз таратып жиберебиз.” Мен кайра кайталайм, эмнеден сиз республикалардагы элдин басымдуу көпчүлүгү биз менен болууну каалабайт деп чечтиңиз? Балким, ал жакта ошондойлор бардыр. Ал эми 90-жылдардын ортосу, 2000-жылдардын башындагы кандуу мезгил бизге бул эмнеге алып келиши мүмкүн экенин көрсөттү. А сиз ушуну каалайсызбы? Биз муну каалабайбыз...
Сиз жаңы эле таламдарын талашып айткан орус эли Россия Федерациясынын ыдырашына, кулашына кызыкдарбы? Анда көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкө катары курулуп келген Орусия ордунда калабы? Бизди Московияга айланткыңыз келип жатабы? Эмне дейбиз, НАТО мындайды каалайт."

“Эгерде биз ошондой эле бүгүнкү күндө өтө оор тышкы саясий кырдаалды жана өлкөнүн тышкы саясаты абдан татаал экенин эске алсак, андай саясат кээде мага Орусия Федерациясы сыяктуу жарды өлкөгө абдан кымбатка түшүп жаткандай көрүнөт. Биздин топтогунун баары эле моюнубузда отурбайбы, -- Белоруссия, Түштүк Осетия, Абхазия, менин түшүнүшүм боюнча, Сирияга да жардам беришибиз керек, дотацияда отурган түштүктүн чоң аймактарына жардам беришибиз керек. Жалпысынан алганда, активдүү саясат эбегейсиз аскердик чыгымдарды жана күчтүү тыл кызматтарын талап кылары анык”.

“Белоруска, беларустарга, Беларустун жетекчилигине каалагандай мамиле кылса болот, бирок алар биздин эсебибизден жашап жатат деп айтуу туура эмес, Александр Николаевич, муну эл алдында айтууга болбойт. Бул Союздук мамлекет катары биз менен бир турган бүтүндөй элди, бүтүндөй өлкөнү сыйлабагандык. Бул өзгөчө компетенттүүлүктү жана чыдамкайлыкты, өнөктөштү сыйлоону талап кылган талылуу, узак процесс. Болбосо, биз эч нерсеге жетише албайбыз ". (DO)












