Өзгөчө митаам сценарий: Кыргызстанга маңзаттын курамы кантип кирип жатат?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Адистердин айтымында, Ооганстан соңку жылдары апийим өстүрүүгө тыюу салгандан бери синтетикалык маңзатка болгон суроо-талап күчөдү. Кыргызстанга да амалкөй жолдор менен маңзаттын түрлөрү кирип, сатылып жатканын атайын кызмат билдирип келет. УКМК баңгизат менен алектенгендерге күрөш катуу боло турганын эскертип, күн алыс кармап жатат.
Зыяндуу заттар кантип келет, кайдан ташылат, көзөмөлгө карабай кантип Кыргызстанга кирип жатканы жөнүндө Би-Би-Си чакан иликтөө жүргүздү.
Бажы баарын текшерет, бирок байкалбай өтүп кетиши мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, CUSTOMS.GOV.KG
Маңзаттын синтетикалык жаңы түрү учурда дүйнө жүзүнүн баш оорусу болуп турат. Аны даярдоого ашыкча акылдын кереги жок экенин, химияны мектеп программасынан жакшы билгендер муну оңой эле жасап коёрун адистер айтууда. Ошол себептен маңзат колдонуучулардын курагы да барган сайын жашарып жатат дешет. Маңзатты бажы көзөмөлүнөн, чек арадан кармап алуу мүмкүнчүлүгү кеңири болсо, синтетикалык каражаттардыкы кыйла татаал дейт адистер.
Эскертүү: Синтетикалык маңзатка тиешелүү заттарды жарнамалагандар менен кат алышуу текшерүү максатын гана көздөйт
Спайс, мефедрон, альфа PVP деген аталыштагы учурда эң көп колдонулган психотроптук заттардын курамы, тагырагы прекурсорлордун бир бөлүгү Кытайдан келет. Алар интернетте өздөрүн ачык эле жарнама кылат. Ошол себептен буйрутма берүү дагы оңой. Аны маңзат колдонуучулар же ортодогу алып сатарлар жакшы билет. Ушунун өзү ата-энелерге дагы бир коңгуроо десе болчудай.
Жарнактагы жайнаган номерлерге Би-Би-Си дагы байланышып көрдү.

Баңгизат жана психотроптук заттарды ташып келүү кылмыш болуп саналат, бул үчүн мыйзам алдында жооп берүү керек. Ошентсе да өлкөгө ал кантип кирүүдө?
- Жок, алар [милиция] келбейт. Биз Кыргызстанга дайыма жөнөтөбүз. Бул коопсуз.
Эгер бул сөз туура болсо, чек ара жана башка жооптуу органдар бул иште көмөк көрсөтөбү? Жарнакта көрсөтүлгөн башка номердин ээси товарды өткөрүү тууралуу буларды айтты:
- Сизге 1**1 номердеги продукция керекпи? [бул синтетикалык маңзаттын курамындагы эң популярдуу порошок]
- Ооба. Бажыдан кантип өткөрөсүңөр?
- Биз анын атын өзгөртүп, башка товарларга кошуп жөнөтөбүз. Силердин өлкөдөгү чоң химиялык компания бажыдан өтүүгө жардам берет.
- Чын элеби?
- Ооба, Россия, Өзбекстан, Кыргызстанга көп жолу жөнөтөбүз. Бизде туруктуу кардарлар көп.

Алар бир нече ирет коркпой эле буйрутма берүүгө үндөп жатышты. Далил катары мурда буйрутма бергендердин товарды алдым деген каттарын дагы жолдошту. Товар таңгакталган кагаз кутуга салынып, сыртына буйрутма берүүчүнүн каймана аты жазылат экен. Бирок бажыдан өтүүгө жардам берет деген химиялык компаниянын атын ачык айткан жок.

Буйрутма жөнөтүүчүлөр айткандай, прекурсор сырткы көрүнүшү башка товарларга окшош мисалы, кир жуучу порошок же башка химикаттар менен кошуп жиберилет. Алар өткөрмө бекетте ар бир товар дыкат текшерилбейт деп ишенимдүү айтып жатышты. Товар чек арадан ары туруктуу иштеген жүк ташуучу аркылуу тиешелүү кампага келет. Ошентип Кыргызстанда тыюу салынганына карабастан маңзаттын курамы туруктуу канал аркылуу өлкө ичине ташылат өңдүү. Мындай митаам сценарий башка дагы мамлекеттерде иштейт. Айрым учурда атыр өндүрүүдө колдончу химикат же боёк деген шылтоо менен канистрлерге суюк прекурсорлор келет.

Кыргыз бажысы ар бир жүк ташуучу унаа үч сыйра текшерүүдөн өтөрүн, химиялык каражаттар өзгөчө текшерилерин билдирүүдө.
"Инспекциялык текшерүү комплекси декларацияда жазылган товарларды аныктоо үчүн атайын иштелип чыккан. Эгерде темир эмес, жумшак товар жазылса, цестерна, унаанын май куюучу жагына салып алса, инспекциялык текшерүү комплекси баарын көргөзөт. Сырткы схеманы көрсөтө турган көзөмөлдөө формасы аркылуу контейнер жана анын ичиндеги товарларды көрүүгө болот",- дейт Бажы кызматынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Муратов.

Сүрөттүн булагы, CUSTOMS.GOV.KG
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин Орусиянын укук коргоо органдары Кытайдан келген прекурсорлор менен күрөшүү үчүн чек арадан ири көлөмдө порошок, суюк химикатты алып өткөн кишинин артынан аңдыган. Анын аягы синтетикалык маңзат өндүргөн ири лабораторияга барып такалып, ашкере болгон учурлары болгон.
Кыргызстанда бул схеманын артында ким турары азырынча белгисиз болгон менен эксперттер негизги жоопкерчилик чек арачы жана бажычыларда экенин билдиришүүдө.
"Чек арачы жана бажычылар албетте калкалашат. Бүгүнкү күнгө чейин маңзат бизнеси боюнча чек арачы жана бажыдан эч ким катуу талап кыла элек. Баңгизат менен күрөшүүчү бүтүндөй бир бөлүм бар. Алар заманбап жабдык менен жабдылган, маңзатты аныктоочу иттери бар жана кызматкерлери чет жактан атайын окуудан өтүп келишкен. Алар маңзатка каршы күрөшүүдө абдан жакшы даярдыктан өткөн. Бирок алар үчүн бул башкы тапшырма болуп эсептелбейт. Бажычылар бажы төлөмдөрүн толтуруу менен алек болушат. Чек арачылар аткезчиликтин үстүнөн иштешет. Маңзат менен күрөшкөн органдардан, коопсуздук кеңешинен, мамлекеттен олуттуу талап болгондо, алар ишин татыктуу аткарышмак", - деп билдирди отставкадагы полковник Александр Зеличенко.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA
Зеличенко көп жыл бою ички иштер тармагында иштеди. Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген кийин баңгизатты көзөмөлдөгөн мамлекеттик комиссияны жетектеди. "Ооганстандагы баңгизаттардын экспансиясы" темасында диссертация жактаган.
Ал өз тажрыйбасында маңзат менен күрөшөм деген көп дымактуу демилгелерди көргөнүн айтып, аны азырынча бир дагы өлкө жеңе элек экенин белгиледи. Бул үчүн билим берүүдөн тарта саламаттык сактоо, милиция, коопсуздук кызматы баары биригип системалуу күрөш жүргүзгөндө гана жыйынтык берерин айтты.
"Маңзатты жеңүү оңой маселе эмес. Аны диктатор, коммунист, социалист эч кимиси жеңе алган эмес. Баңгизат оору же жакырчылык сыяктуу социалдык көрүнүш. Аны жок кылуу мүмкүн эмес. Аны жеңебиз деген ураан-чакырыктар, аракеттер болгон. Бирок азырынча жыйынтыксыз".
Акыркы эки жарым жылдагы баңгизатка байланыштуу кылмыштар аныкталган учурду талдап көрсөк, айына кеминде бештен кем эмес иш аныкталып турат. Муну менен шугулдангандар үйдө, кампаларда, шаар ичиндеги лабораторияларда баңгизаттын түрүн даярдап жатканда кармалган. Бул 2022-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин медиага чыккан жана маңзатка каршы күрөшүү кызматы берген фактыларды чогулткандагы маалымат. Жылына миңдеген тонна мыйзамсыз маңзат аныкталса дагы анын көлөмүн азайтууга таасир эткен реформа азырынча байкала элек.
Расмий органдар берген маалыматта Кыргызстанда үч жылда 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынып, анын натыйжасында 1.8 тоннадай баңгизат, психотроптук зат жана прекурсорлор алынган.
2021-жылы төрт, 2022-жылы он бир, 2023-жылы он эки нарколаборатория аныкталган.
2023-жылы ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагында 897 кг. оор баңгизаттар алынган.
2024-жылдын апрель айына чейин кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун үч нарколаборатория аныкталган.
Азгырылган өспүрүмдөр

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Кыргызстанда синтетикалык маңзатка көз каранды болгон өспүрүмдөрдүн арасында 11-12 жаштагылар да бар экенин Республикалык психиатрия жана наркология борбору билдирип келет.
Бул статистиканын жыл сайын саны өсүп жатышы келечекке болгон кооптонууну пайда кылууда.
2022-жылы жашы жете электер тарабынан жаңы психотроптук заттарды колдонорун билдирген 98 кайрылуу келип түшкөн. 2023-жылы алардын саны 342ге жеткен. 382 бала дарыкана препараттарынан жапа чеккенин айтып кайрылышкан. 2022-жылы кайрылгандардын 34% жана 2023-жылы кайрылгандардын 90% бир убакта бир нече препаратты колдонушканы белгилүү болгон.
Алар көз каранды болгон дарылардын аттарын коопсуздук үчүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.
"Кыргызстан - транзиттик өлкө"

Сүрөттүн булагы, CUSTOMS.GOV.KG
Сырттан ташылып келген маңзаттын баары эле өлкө ичинде кала бербейт. Адистердин айтымында, Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу болгон үчүн маңзат ташууда транзиттик өлкө болуп саналат. Ооганстандан Тажикстанга өтүп, андан ары Кыргызстанга кирип, андан соң Казакстандан Орусияга чыгып кеткен учурлар катталат. Жакында эле Ошто "Шрек" каймана аты бар эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалганы кабарланды. Ал баңгизаттарды жеткирүүдө эл аралык канал уюштурган деп айыпталууда.
Маңзат артында убактылуу ырахаттан сырткары миллиондогон доллар айланат. Аны чек арадан ташып өтүү үчүн курьерлер эмнелерди гана ойлоп табышпайт. Апийимди ашказанына чейин жутуп, дарбызга ороп, жүккө катып, айтоор түрдүү амал ойло табат. Башка өлкөгө жүк ала кетем деп, жөн жерден абак азабын жегендер дагы жок эмес.
Жанболот Надырбек уулу көп жылдан бери Дубайда туризм тармагында иштейт. Кыргызстандан Дубайга учар алдында колуна маңзат тийип калганын айтып, видео жарыялаган:
"Өзүбүздүн эле мекендеш семичке берип кетти. Семичке Дубайда да болгон үчүн шек жаратты. Акыры аны ачып, ичинде маңзат бекиткенин көрдүк. Муну видеого тартып чыгарган учурда Абу-Дабидеги жүк алып кетүүнү өтүнгөн киши телефонун өчүрүп жок болуп кетти. Кыргызстанда аны мага берген киши милицияга сурак берип чыкты".
Биринчи май райондук милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
"Шектүү сурак учурунда Ысык-Көл облусунун тургуну экенин айтты, үч айдан бери баңгизат колдонуп жатыптыр. Дубайдагы досу ага кара куурайдын уругунан жөнөт деген экен, он бир даана таңгакты семичкенин ичине салып бериптир".
Жанболот бул окуя өңгөлөргө дагы сабак болду деп ойлойт. Аманат ала барам деп Бириккен Араб Эмираттардын абагында отурган кыргызстандыктар ондоп саналат. Алардын окуясы бириники бирине окшош.
Ооганстанда апийими азайдыбы?

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Талибан апийим өстүрүүгө тыюу салгандан кийин анын баасы жогорулады. Ооган фермерлери үчүн бул кирешенин негизги булагы болгондуктан бул тыюу аларды ого бетер кыйынчылыкка кептегени анык. Бул чечим синтетикалык маңзаттын күчөшүнө дагы алып келди.
Апийим азыркы учурда Ооганстандын түштүк базарында ачык эле сатылып жатканын атын атагысы келбеген ооган жаштары Би-Би-Сиге билдиришти.
“Ооганстандын түштүгүндөгү базар Талибандын саясий базасы болуп эсептелет. Ал жерде жери көп, байлар апийимдин ири запасын чогултуп коюшкан. Ошон үчүн бул жак Талибандын кызыкчылыгында. Бирок экспорт кыйла эле кыскарды", - деп билдирди сыртта окуп жүргөн ооган студенти Даймириан.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Талибандын тыюусу маңзат менен күрөшкөн Борбор Азия өлкөсүнүн бийлиги үчүн жеңилдик болгону менен чек арадагы коррупциялык көрүнүштөр терс таасирин тийгизбей койбойт. Бажы өткөрмө пункттарында заманбап жабдыктар колдонулганы менен маңзат чек арадан өтүп жаткан учурлар бар.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев акыркы жарым жылда эле маңзат мафиясына катыштыгы бар деп он эки милиция кызматкери кармалганын айткан. Бул билдирүүдөн көп өтпөй Баңгизатка каршы күрөш кызматынын эки кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилгени тууралуу маалымат чыкты. Бирок ИИМ бул маалыматты ырастаган да жок, четке дагы кага элек.
"Мамлекеттик органдардын, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү министрликтердин колдоосу менен алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Баңгизат менен күрөшүүдө баары жетиштүү. Кызматкерлер автоунаа, техникалар менен камсыздалган. Маңзатка каршы күрөшүүдө эч маселе жок", - деди Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Марсел Дөөталиев.
УКМК баңгизатка каршы күрөш жарыялагандан кийин борбордо баңгизат сактаган ири кампалар аныкталып, түнкү клубдарга болгон текшерүүлөр күчөп, алардын ээлерине катуу эскертүү берилди.
Бул чаралар Кыргызстанда жүгүргөн маңзат соодасына канчалык бөгөт кое алат, азырынча белгисиз.







