Кыргызстандагы чет элдик студент: «Индуистмин десем жаман көрүшөт»
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын бийликтери чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бура баштады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
“Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда, анын ичинен 9285 жаран Пакистандан жана 13 404 жаран Индиядан келген. Алар — биздин жергебизде мейман, элдерибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек ”, - деди Байсалов өзү өткөргөн жыйында. Чет жактан келген студенттер Кыргызстанга акчалай инвестиция алып келери талашсыз. Алардын басымдуу бөлүгү Пакистан менен Индиядан келишкен, негизинен медицина багытында окушат. Кыргызстанда окуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Ошол себептүү соңку жылдардан аталган өлкөдөн окууга келген жаштардын катары калыңдап баратат. Бирок жакында эле пакистандык бир студенттин сырдуу жагдайда каза болушунан улам коопсуздук маселеси көтөрүлүүдө.
Декабрь айынын башында пакистандык жаран поезддин алдында калып каза болду. Бул боюнча милиция тергөө жүргүзүп баштады. Көрсө, ал Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин 2-курсунда окуп жаткан экен. Жердештери аны кырсыктан эмес, киши колдуу болуп өлдү деп жатышат. Тергөө болсо өзүнүн так версиясын айта элек. Чет элдик студенттердин коопсуздугу жөнүндө маселе өкмөттө ушул окуядан кийин козголуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы
Капчыгымды тартып алышкан
Индиялык Шоурья Пратап Сингх эки жарым жылдан бери Кыргызстанда. Ал 22 жашта, Бишкекте Эл аралык жогорку медицина мектебинде билим алат. Ал Кыргызстандан дос күтүп, борбордун жашоосуна көнүп калганы менен, түрдүү көйгөйлөргө кабыларын жашырган жок.

Сүрөттүн булагы, Шоурья Пратап
“Мен өзүм бардык динди сыйлайм. Бирок бул жакта мен көбүнчө туткан диним үчүн ар кандай маселелерге туш болом. Менден “кайсы динди карманасың?” деп көп сурашат. “Индуистмин” десем дароо жаман көрүп карашат. Ал тургай, бир жолу караңгыда эшиктен мага төрт-беш кыргыз бала келип, акча сурашты. Мен студент экенимди, ашыкча акчам жок экенин айтсам, капчыгымды тартып алышты. Анан кайсы динди тутасың деп сурашты. Жообум аларга жакпаганы көрүнүп турган ”, - дейт Шоурья.
Бул окуядан кийин ал милицияга кайрылган эмес. Анын оюнча, милиция кызматкерлерине кайрылуудан майнап деле чыкпайт, тескерисинче, суроолор көбөйүп, убакыт кетет.
Өзүн коопсуз сезбеген студент жакшы окуй албайт
Бишкектеги Билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институтунда (ИСИТО) учурда 38 чет элдик студент окуйт. Анын ректору, профессор Кубаев Борис чет элдик студенттердин коопсуздугу жөнүндө алар менен түзүлгөн окуу келишиминде көрсөтүлгөнүн айтат. Кубаев ошол эле убакта бул эң биринчи кезекте мамлекеттик тартип коргоо органдарынын иши деп эсептейт.
“Алар чет элдик студенттерге алардын укугун жана КР мыйзамдарынын алдындагы милдеттерин жакшы түшүндүрүп бериши керек. Ал эми биз окуу жайдан дайыма чет элдик жарандарга конок катары мамиле кылгыла, ынтымактуу болгула деп жергиликтүү студенттерге эскертип турабыз”,- дейт Борис Кубаев.
Ошондой эле Кубаев студенттердин өзүнүн коопсуз сезиши алардын билим деңгээлине сөзсүз таасирин тийгизерин баса белгиледи. “Себеби, коркуп же кабатыр болуп отурган студент сабакты жеткиликтүү түшүнө албайт”,- дейт ал.
ИИМ: Чет элдик жарандар өзүлөрү да кылмышка көп барышат
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ИИМ берген статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 11 айында чет өлкөнүн жарандарына каршы жасалган 191 кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине (175) салыштырмалуу 16 фактыга көп. Анын ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Эң көп жасалган кылмыштар алдамчылык (51 факт), уурулук (21 факт), тоноочулук (13 факт) болуп эсептелет. Кылмыштардын жарымынан көбү (153) Бишкек шаарынын аймагында жасалган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда чет өлкөнүн жарандары жасаган кылмыш иштеринин саны быйыл 243. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 150гө көп.
“2021-жылдын 11 айында республиканын аймагында чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243 кылмыш жасалып, анын ичинен 226 кылмыштын бети ачылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 93 гана факт катталган. Кылмыштуулуктун көбүн КМШ өлкөлөрүнөн жана коңшу мамлекеттерден келген жарандар, анын ичинде Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Пакистандын, Түркиянын жарандары жасашкан. Алар тарабынан жасалган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларды уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да катталган”,- дейт ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Шаршеева Адинай.

Сүрөттүн булагы, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы
Дем алыш күндөрү Бишкекте милиция кызматкерлери Пакистандан окууга келген студенттер менен жолугушуу өткөрүп, коопсуздук маселеси боюнча түшүндүрмөлөрдү жүргүзүштү. Анда сөз миграция жаатындагы мыйзамдар жана чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүү эрежелери жөнүндө да болду.
“Ошондой эле алар коопсуздукка коркунуч жаралса, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлап, күнү-түнү 102 кыска номуруна чалса болорун эскертишти. Мындан тышкары, бардык студенттерден, эгер зарыл болсо, түз эле милицияга кайрылууну суранышып, милиция кызматкерлеринин визиттик карточкалары тапшырылды”,- деп берилет Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалыматында.












