"Кара тизмедеги медициналык окуу жайлар": Кыргызстан экспорттогон билимдин сапаты

Пакистандык студенттер Кыргызстандын медициналык окуу жайларына окуу башка өлкөлөгө салыштырмалуу арзан болгон үчүн келишет

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пакистандык студенттер Кыргызстандын медициналык окуу жайларына окуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгон үчүн келишет

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри ѳлкѳнүн медициналык окуу жайларын кара тизмеден чыгаруу боюнча аракет кѳрүп баштады. Алмазбек Бейшеналиев бул максатта бүгүн Пакистандын элчиси менен жолукту. Андан мурда Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди деген маалымат тараган эле.

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизптир деген кабар бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн, анын аброю үчүн абдан эле катуу тийди. Анткени көп жылдан бери медициналык бир нече кыргыз окуу жайлары Пакистан менен Индиянын жарандарын окутуп, билим берүүнүн экспортун ишке ашырып жатканын айтып мактаныч кылып келишкен эле.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда медициналык багытта адис даярдап жаткан жогорку окуу жайлары эми Пакистандын жарандарына окууга сунуш кылбоо жөнүндө чечим кабыл алган экен. Анын себеби, Кыргызстандын окуу жайларын бүтүп барган пакистандык жарандардын 90% Пакистандын өзүндөгү медициналык кеңеште милдеттүү экзаменден кулап калышкан, демек, алардын дипломдору эчтекега жарабай калган.

"Түшүнбөстүк"

Буга байланыштуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев медициналык багытта адис даярдап жаткан жогорку окуу жайларынын ректорлору менен онлайн жыйын куруп, түзүлгөн кырдаалды талкуулады.

Анда медициналык багыттагы окуу жайлардагы окуу сапаты жана алардын көбү эл аралык аккредитациядан өтпөгөндүгү жөнүндө сөз болду.

Пакистандын медициналык кеңеши 2016-жылы сунуш кылган окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу жөнүндө Пакистан тарапка кайрылуу, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардагы окуу сапатын көз каранды эмес комиссия менен текшерип чыгуу жөнүндө сунуштар айтылды.

Бул жыйынга катышкан ОШМУнун ректору Кудайберди Кожобеков адис даярдоонун сапатын аныктоодо эл аралык сертификаттын маанилүү экенин айтууда.

"Тура калып эле бир күнү киргизеби-киргизбейбиз деген болбойт. Эл аралык нормаларда да жок мындай нерсе. Ар бир окуу жайдын жарар-жарабасын, сапаты жооп берет-жооп бербей турганын көз карандысыз эл аралык аккредитация агенттиктери берген сертификаты аныктайт. Бул жерде жөн эле түшүнбөстүк болуп калды окшойт. башка мамлекеттерде деле бүтүрүүчүдөн кайсыл окуу жайын бүткөнүн сураса, экинчи суроо окуу жайдын кайсыл агенттиктен аккредитациядан өткөнү жөнүндө болот",-деди Кудайберди Кожобеков.

Бизнес биринчи орунда

Азия медицина институтунда окуган пакистандык жана индиялык студенттер 2014-жылы диплом ала албай, нааразылык акциясына чыккан учуру.

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азия медицина институтунда окуган пакистандык жана индиялык студенттер 2014-жылы диплом ала албай, нааразылык акциясына чыккан учуру.

Кыргызстанда медициналык адистерди даярдаган 14 жогорку окуу жайы бар. Аларга негизинен Пакистан, Индиядан келип окушат. Эң биринчи кезекте башка өлкөлөргө салыштырмалуу болгон үчүн келишет. Буга чейин аларды даярдоонун сапаты жөнүндө өзүнчө бир маселе көтөрүлгөнү эсте жок. Бирок Пакистан менен Индиядан студенттерди Кыргызстанга алып келип жаткан бир компаниянын кызматкери өзүнүн аты-жөнүн жашырып сүйлөп, Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерди даярдоодо көп окуу жайлар үчүн сапат эмес, бизнес жагы биринчи орунга чыгып калганын айтып кейиди:

"Пакистан бул теманы көтөргөнү абдан эле туура болду. Анткени азыр медициналык окуу жайлар Кыргызстанда аябай эле көп болуп кетти, ачылып эле атат. Бирок окуу сапаты жагына жакшы көңүл бурулбай, көбүрөөк бизнести ойлоп калышты. Пакистан кыргыз окуу жайларын кара тизмеге киргиздик дегени текшерүүлөр болот деген мааниде. Анткени, көз каранды эмес эл аралык аккредитациядан медициналык окуу жайлардын баары эле өткөн эмес.".

Бул маселени бүгүн билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Пакистандын элчиси менен жолугуп, талкуулаганы белгилүү болду. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анда министр эки өлкөнүн биргелешкен баалоо комиссиясын түзүү, медициналык окуу жайларды эл аралык аккредитациядан өтүү, алардын материалдык-техникалык жана лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар жаңы талаптар коюларын билдирди. (КС)