"Псих турбайбы" дейбиз, бирок анын эмне экенин билебизби?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда милиция пандемия убагында балдарга зордук-зомбулук көбөйгөнүн билдирүүдө. Анын негизги себептери катары карантинде отурган үй-бүлөлөрдө стресс, депрессия күчөп, ар кандай чыр-чатактарга алып келгенин изилдөөлөр көрсөтүүдө. Жаңы реалдуулук шартында коомдо психикалык саламаттыкты кароонун мааниси ого бетер артууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Милициянын маалыматы боюнча тогуз ай ичинде балдарга зомбулук көрсөтүүнүн 326 фактысы катталган. Азыркы убакта 112 иш боюнча тергөө жүрүп жатат. 158 иш токтотулган. Сотко 47 иш жиберилген. Зомбулук көбүнчө кыздарга болуп жатканы айтылууда. Көп фактылар Бишкекте катталган, анын себеби да түшүнүктүү, карантиндин машакаты биринчи кезекте баш калаада катуу сезилди. Ошол эле учурда региондордо зомбулук учурлары милицияга жетпей да калды окшойт.
Бул балдар көргөн зомбулук фактыларынын ачыкка чыгып, каттоого алынганы. Ал эми канчалаган үй-бүлөдө ата-энелер менен балдардын, чоң кишилердин ортосундагы канчалаган чыр-чатактар билинбей калды. Үй-бүлөдөгү уруш-талаш, конфликт балдардын дагы, чоңдордун дагы психикасын бузууда. Өзүн кармана албай, кээ бир адамдар балдарына кол көтөрүп же катуу тилдеп койгон учурлар көп эле болот.
“Баары үй-бүлөдөн башталат. Балдар үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды көрүп чоңоет. Ковид убагында ошондой зомбулук көбөйүп кетти. Баары бир жерде отуруп, эч жакка чыкпай обочодо калышты. Жакындарын жоготушту. Тапкан ташыганын жеткире албай кыйналышты. Зомбулук дегенде анын түрү көп. Мен жайы менен Баткен регионунда иштедим. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө айрыкча кыздарга зомбулук болот. Мындай кийин, мындай сүйлө, турмушка чыгышың керек талап коюу, тыюу салуу дагы зомбулуктун бир түрү”,-дейт психолог Борбиева Бегайым.
Бул жерде үй-бүлөдөгү мамиле көп жагынан талаштуу маселедей көрүнөт. Чоңдор балдарга талап коюшу кайсы учурда тарбия, кайсы учурда зомбулук болору жөнүндө коомчулукта бирдиктүү көз караш жок. Тил албаган балдарды ата-энеси какыс-кукус кылып койгону көп учурда коомдо өөн көрүнбөйт. Бирок, бала болобу, чоң киши болобу, стресс, депрессия болгон учурларда алардын психикасы жабыркайт, аны күчөтүп албаш үчүн алдыңкы өлкөлөрдө убагында психологиялык жардам алышат. Ал эми консервативдүү кыргыз коомунда психиатрга баргандан дагы эле уялышат, стигматизация деңгээли жогору.
“Бул көрүнүш түштүк регионунда көбүрөөк. Анткени, бизде түшүндүрүү иштери жүрбөй жатат. Чет өлкөдө атактуу артисттер, саясатчылар психитарга же психологго барып жардам алганын ачык айтышат. Психитарга проблема болгондо эле барыш керек эмес. Проблемалар болбош үчүн барып туруу керек”,-дейт Бегайым.
Ошол эле учурда коом өзгөрүп жатканын да эске алуу керек. Кыргыз коомундагы мурдагы тарбия ыкмалары жакшы таасирлүү болбой калды. Санарип доорунда тарбиянын өзүнчө бир жаңы жолдорун табуу зарылчылыгы келип чыкты, дейт психолог.
“Ар бир ата-эне туура тарбиялап атам деп ойлойт. Бирок азыр санарип технологиянын ролу чоң болуп жатат. Азыр балдарды ата-энелер эмес, экран тарбиялап калды. Ошондуктан ата-энелер экрандан таасирлүү болууну ойлонушу керек”.
Постковиддик депрессия

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Стресс, депрессиядан жабыркаган адамдарга пандемия убагында жер-жерлерде жардам жеткиликтүү болгон жок. Амбулатордук тейлөө көп жерде жабык болуп жатты. Ал эми психикасы мурда эле жабыркап, каттоодо турган оорулууларга ого бетер кыйын болду.
“Биздин оорулуулар ооруканага жете алышкан жок. Баары жабык эле. Транспорт жок эле. Керектүү жардам дароо алышкан жок”,-дейт КММАнын медициналык психология, психиатрия жана наркология кафедрасынын башчысы Татьяна Галако.
Ошондуктан психологиялык-медициналык жардам дагы дистанттык түрдө болуп жатты. Расмий маалыматка караганда, мындай дистанттык консультация 3624 адамга көрсөтүлдү.
Бирок көп адамдар үйдө депрессия болуп жатса дагы дарыгерлерге кайрылган жок. Анткени, эл ичинде стигматизациянын таасири күчтүү. Психиатрга жардам сурап кайрылгандан уялышат, муну бир уят иш катары көрүшөт. Көп үй-бүлөлөрдө чыр-чатак ырбап кеткен учурлар да ушундан.
Кыргыздар идиш-аяк деле кагышат деп үй-бүлөдөгү уруш-талашты норма катары карашат. Бирок ошондой турмуштук чыр-чатактарды убагында токтотуп кала алышпай, алар ырбап, трагедияга алып келген учурлар бар.
Айрыкча, коронавирустан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө кыйын болду. Постковиддик депрессия дегенди азыр адистер өздөрү араң түшүнүп жатат, ал эми аны дарылоо терапиясы жакшы иштелип да чыга элек.
Көп кыйынчылык болду. Психитариялык, психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр адистер да жетишпейт. Керек болсо, постковиддик депрессиянын эмне экенин дарыгерлер өздөрү да жакшы билише элек.
Коронавирус борбордук нерв системасын жабыркатып, психикалык жана невротикалык оорулар хроникалык стадияга өтүп кетерин россиялык адистердин изилдөөлөрү көрсөттү. Ковид менен ооруган ар бир үчүнчү адамдын нерви жабыркап, психикасы бузулары Lancet Psychiatry журналында жарыяланган изилдөөлөрдө айтылат.
Бишкекте жыйын курган психолог адистер медициналык-психологиялык жана психотерапиялык жардамды жеткиликтүү кылуу чараларын көрүү, аны жергиликтүү деңгээлде амбулатордук тейлөөнү жакшыртуу керек деп жатышат. Бул үчүн атайын координациялык штаб түзүу, программалык иш чараларды жүргүзүү зарыл дешет.
Постковиддик кыйынчылыктардын ичинен үй-бүлөлүк зомбулук жана жакырлануу глобалдык деңгээлден караганда биринчи кезектеги көйгөйлөр экени БУУнун изилдөөлөрүндө да айтылган. Ошондуктан мамлекеттик жана коомдук иш чаралар ушул эки кыйынчылыкты жеңилдетүүгө багытталышы керек.
Экстрендик психологиялык жана психосоциалдык жардамды камсыз кылуу, маалыматтык колдоону туура жүргүзүү, дистанттык консультация программасын ишке ашыруу, кары-картаңдарга жардам берүү демилгелери, дарыгерлердин потенциалын көтөрүү сыяктуу биринчи кезектеги маанилүү иштер турат.
Кара-куурай темасы
Психикалык ооруларды дарылоонун жолдору, ыкмалары жөнүндө кыргыз дарыгерлери да изденип жатканы байкалат. Бишкектеги жыйында профессор Аида Зурдинова бул жөнүндө мазмундуу презентация жасады. Катышып отургандардын арасынан каннабисти психикалык ооруларга эле эмес, ковидке каршы колдонуу боюнча айрым өлкөлөрдүн тажрыйбасы жөнүндө суроосу талкууну жандантты.
“Бизде бул продукт дары катарында жок. Юридикалык жагынан алганда ал тыюу салынган баңгизаттардын тизмесинде. Эң башкысы юридикалык жагы чечилген эмес. Менин Австралияда иштеген байкем айтып калды. Аларды каннабисти чыгарышат экен, дарыгерлер оорулууларга палиативдик жардам катары колдонушат. Травма алгандарга спорттук медицинада колдонушат”,-деди.
Бул суроого Татьяна Галаконун жообу темага жакшы толуктоо болуп калды. Анын айтымында, бул продукттун пайда-зыяны медицинада жакшы изилдене элек. Экинчиден, анын кийинки таасири зыяндуу болорун унутпаш керек. Ал өзүнүн сөзүндө каннабисти масштабдуу колдонууга таптакыр болбойт деген авторитеттүү эксперттердин айткандарын мисал келтирди.










