Коронавирус эмес, кымбатчылык сезилген көлдүн сезону

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ысык-Көлдөгү эс алуучулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ысык-Көлдөгү эс алуучулар

Көлдөгү быйылкы жайкы сезон былтыркы пандемия күчөп турган маалга салыштырмалуу кыйла жакшы. Анткени менен, адатта туристтер агылып келген Россия менен Казакстанда чектөөлөр күчүндө болгондуктан, чек аралар өз калыбында иштебей, келген эс алуучулар аз.

Азык-түлүктүн кымбатташы көлдүк ишкерлерге түйшүк жаратты

Көлдөгү ишкерлердин айтуусунда, былтыр карантиндик чаралар катуу болуп, август айынын баш жагында гана жакшы иштей алышкан. Ал эми быйыл, абал кыйла жакшы. Кыргызстандын түштүгүнөн, Бишкек, Чүйдөн келген коноктор көп. Бирок быйыл маселе башка нукка бурулду. Бул туурасында Би-Би-Сиге Чолпон-Ата шаарындагы ишкерлердин бири Алишер Ажыбаев мындай деди:

Чолпон-Аталык ишкер Алишер Ажыбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чолпон-Аталык ишкер Алишер Ажыбаев

"Мен үй-бүлөм менен жети жылдан бери мейманкана жана анын алдында кафе иштетем. Жылына эс алуучулар ар кайсы өлкөдөн, көбүн эсе Россия, Казакстандан келишчү. Акыркы эки жыл пандемияга карата келбей калышты. Бирок быйыл өзүбүздүн элден эс алуучулар көп. Мурда кыргыздар эс алуу эмне экенин деле билишчү эмес да. Мына, акыркы беш жылда түштүктөн, Чүйдөн атайын үй-бүлө, бала-чакалары менен көлгө келе баштаганы кубантат. Бул албетте бизге жакшы. Бул жерде эми, быйыл башка маселе жаралды. Азык-түлүк кымбаттап кетти. Эттин баасы 460-480 сомго чыкты. Этсиз тамак болбойт да. Анан эс алуучулар бааларды салыштыра келгенде, биздин тамактар Түркия менен Дубайдын тамак бааларына барабар болуп калып жатат. Алардын ар бирине азык-түлүк кымбаттаганын айтып, түшүндүрүп жатабыз, бирок ошентсе да нааразычылыктар абдан көп".

Жээкти бойлой кыдырып, эс алуучуларга балык, жүгөрү, пирожки саткан Анзира Бекмухамедова дагы каатчылыктын таасирин баса белгиледи:

Жээкте балык, жүгөрү жана пирожки саткан Анзира Бекмухамедова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээкте балык, жүгөрү жана пирожки саткан Анзира Бекмухамедова

"Баары кымбат. Былтыр миң сомго 20 литр май алып жаткан болсок, азыр тогуз жүз сомго 5 литр алабыз, ошондой эле унду былтыр мүшөгүн 1250 сомго алчубуз, а быйыл ошол эле ун 1800 сомго чыгып кетти. Пирожкиден быйыл азыраак таап калдык, себеби быйыл картөшкө 40-45 сом турат, а мурун 7-8 сомго эле алчубуз да. Кардарларга пирожкинин баасын айткандан өзүм уялам, бирок айла барбы. Пирожки ушул себептен дагы азыраак өтүп, арзаныраак деп балыкка качырып жатышат".

Көлдө жылына сууга түшүү үчүн баллондорду, түрдүү сувенирлерди сатып ишкерлик кылган Досалиева Жазгүл чек аралардын мурдагыдай иштебей калгандыгына байланыштуу көп товарлар жок, анын себебинен болгон товардын баасынын көтөрүлүп кеткенин айтты.

Ишкер Жазгүл Досалиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ишкер Жазгүл Досалиева

Досалиева Жазгүл: "Мен 15-20 жылдан бери жайкысын иштейм. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл сезон жакшы. Былтыр августта эле 15 күндөй жакшы иштегенбиз, калган убакта тыптынч болду. Бирок, Кытай менен чек ара жабык болгондуктан, товарлар келбей, бааларды бир топ эле көтөрдүк. Эл да буга көнүп калды, болгон баасына алышат. Мурда жүз миңге көп эле товар алчу элек, азыр болсо эч нерсе деле келбейт. Анан аренда бар, ал да кымбаттаган. Ушунун баары биригип келип, биздин соодага, жашообузга таасирин тийгизип жатат".

Баалар кымбатыраак, бирок шарттар жакшыраак боло баштады

Гүлнүра айым (фамилиясын атагысы келген жок) үй-бүлөсү менен эс алуу үчүн көлгө келген. Аны да кепке тарттык:

Эс алуучулардын бири Гүлнүра айым
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эс алуучулардын бири Гүлнүра айым

Гүлнүра айым (фамилиясын атагысы келген жок): "Быйыл көлдө баалар бир аз кымбатыраак экен. Бирок ошого жараша менимче, тейлөө, шарттар жакшыра баштаптыр. Бул жакшы көрүнүш да. Бирок пандемиянын да кесепети сезилип турат. Эс алуучулар аз, чет жактан келгендер дээрлик жок, көбү эле өзүбүздүн жергиликтүү коноктор".

Ал эми Ала-Букадан эс алууга келген Долонбек Калмырзаев бензиндин көтөрүлгөнүнө биринчи токтолду.

Эс алуучу Долонбек Калмырзаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эс алуучу Долонбек Калмырзаев

Долонбек Калмырзаев: "Эми бензин көтөрүлүп кетсе эле баары көтөрүлүп кетет да (күлүп). Бул жерде түштүккө караганда баалар бийигирээк экен. Бизде эми мөмө-жемиш баары өскөндүктөн дагы арзан да. Бул жакта тамак да, мөмө-жемиштер дагы бир топ эле кымбат экен. Бирок жалпысынан, эс алуубуз жакшы өтүп жатат".

Балдары эс алууга жөнөткөн кара-кулжалык аксакал Кадыркул Абдыкеримов бул жылы теңтуштары менен келиптир.

Эс алуучу Кадыркул Абдыкеримов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эс алуучу Кадыркул Абдыкеримов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кадыркул Абдыкеримов: "Пандемия сезилген деле жок эмнегедир, бирок кымбатчылык сезилип жатат. Мурун биз кичине эле пулга тоюп алчу элек. Анда жаш элек, кардыбыз да чоң болчу. Азыр кичине жеп эле тоюп калып жатабыз, бирок кымбатчылык".

Учурда Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропорту иштеп жатат. Ал жакка Россиядан жана Оштон самолёттор каттап баштаган. Бул көлдүктөр үчүн жакшы жышаан. Эми алар каттамдар көбөйүп, туристтердин саны арбыйт деп үмүттөнүп турган чагы.

Долонбек мырза дагы пандемиянын таасирин сезбей жатканын кошумчалады:

"Бардыгы мурдагыдай эле го. Чектөөлөрдү деле байкабадым. Маска тагынгыла деген деле киши жок, тагынгандарды да көргөн жокмун".

Туризмдин чордону болгон Дубай же Түркияда биринчи кезекте коопсуздук чараларын эске алуу менен эс алуучуларды тосуп жатканы маалым. Ал эми Ысык-Көлдө буга байланыштуу талаптар аткарылган жок. Маска тагынган киши көрүнбөйт, жээкте социалдык дистанция сакталбай, эл кадимкидей жыш аралыкта эс алууда. Вирустун улам жаңы штаммдары пайда болуп, калк толук эмдөөдөн өтө элек мезгилде мындай тобокелчиликке баруу канчалык туура деген суроо жаралат.

Жээктеги аралыкты сактабай эс алып жаткандар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээктеги аралыкты сактабай эс алып жаткандар

Көлгө бара турган болсоңуз, каражаттан тышкары ден-соолук үчүн жоопкерчиликти да унутпаңыз

Саламаттыкты сактоо министрлиги вирус күчөп турган маалда дайыма жаныңызга маска, антисептик алып, социалдык дистанцияны сактап жүрүүңүздү эскертет. Андыктан, жайкы эс алууңуздун убагы келип, эгер көлгө келе турган болсоңуз, акча-тыйындан сырткары сөзсүз жаныңызга коргонуучу каражаттарды алып алыңыз жана айланаңыздагылардан сиздин жана өзүнүн ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашын талап кылып туруңуз. (MD)