СЧК-III келишими бүттү: эми Орусия менен АКШны ооздуктоо мүмкүн эмес

Сүрөттө: Атомдук бомбаны сыноодон кийин ушундай “өзөктүк козу карын” пайда болот. 1954-жылы Тынч океанында америкалык бомбанын жарылуусунун кесепеттери.

Сүрөттүн булагы, Galerie Bilderwelt/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Атомдук бомбаны сыноодон кийин ушундай "өзөктүк козу карын" пайда болот. 1954-жылы Тынч океанында америкалык бомбанын жарылуусунун кесепеттери.
    • Author, Павел Аксенов
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын аскерий серепчиси
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

2026-жылдын 5-февралында Орусия менен АКШнын ортосундагы Стратегиялык чабуул койгон куралдар боюнча келишимдин (СЧК-III) мөөнөтү соңуна чыгууда. Бул документ эки ири улуттук өзөктүк арсеналды жөнгө салган жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылып келген негизги эл аралык келишимдердин бири болчу. Орусия менен АКШны эми өзөктүк жарышта эч нерсе ооздуктай албайт.

Стратегиялык чабуул койгон куралдар боюнча келишимге (СЧК-III) 2010-жылы АКШ менен Орусия кол коюп, ал 2021-жылы беш жылга – 2026-жылга чейин узартылган. Бул келишим өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүчүлөрдүн санын 800 бирдик менен чектеп келген (алардын 700үн гана жайгаштырууга болот, башкача айтканда, алып жүрүүчүлөргө орнотулуп, колдонууга даяр абалда турат), ал эми согуштук дүрмөттөр 1550 бирдиктин деңгээлинде болууга тийиш.

СЧК-III ошондой эле келишим канчалык сакталып жатканын текшерүү режимин да жөнгө салып келген. Туруктуу негизде жүргүзүлүп турган текшерүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы өзөктүк курал боюнча мамилелерде айкындуулукту жана ишенимди орнотууга көмөкчү болгон.

Келишимде үзгүлтүксүз текшерүүлөрдөн жана маалымат алмашуудан тышкары Эки тараптуу консультациялык комиссия түзүү каралган, ал жылына эки жолу чогулуп турган.

Бул макулдашуулар Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелерге жакшы таасирин тийгизген эле. СЧК маселеси боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык 2014-жылдан кийин мамилелер курчуй баштаган кризис маалында да токтогон эмес.

СЧК келишими Орусияны да, АКШны да 100% канааттандырчу эмес – эки тарапта тең дооматтар аз эмес эле, ошентсе да эки өлкө тең мунаса табууга аракет кылып, натыйжада келишимге кол коюлган.

Ал эми азыр болсо, мамилелер ушунчалык начарлап кеткен маалда эки өлкө тил табышуу аракетин токтотуп, акыры келишимдин мөөнөтү да бүтүп калды.

Ар ким өзүн чектей алабы?

2025-жылдын октябрында Владимир Путин АКШга СЧК-III келишиминде белгилеген чектөөлөрдү дагы бир жыл өз ыктыяры менен сактоону сунуштаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эгерде бир өлкө башка өлкөнүн куралдар арсеналынын абалы жана көлөмү кандай болгонун түшүнбөсө, анын ыктымалдуу коркунучту туура эмес баалап алышы ыктымал. Бул өз кезегинде аскердик пландаштырууга, стратегиялык күчтөрдү өнүктүрүүгө гана эмес, ошону менен бирге аларды пайдаланууга да таасирин тийгизиши ыктымал.

Ошондуктан, ар бир өлкө үчүн келишимдин башка катышуучусунун арсеналынын так көлөмүн билүү маанилүү.

Тактап айтканда, Путиндин сунушунда текшерүүлөрдү туруктуу жүргүзүү талабы болгон эмес. Көпчүлүктүн баамында, дал ушул текшерүүлөр ачык-айкындуулуктун негизги аспабы болчу, бул текшерүү ишенимди камсыздап, жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшырткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин СЧКнын мөөнөтү бүтүп калганы тууралуу суроолорго кыйла токтоолук менен комментарий берип келген. "Мөөнөтү бүтсө бүтөт да. Андан да жакшы келишимди түзөбүз", - деп айтты Трамп 2026-жылдын январында New York Times гезитине берген маегинде.

Кремль Путиндин сунушуна АКШнын реакциясын күтүп жатканын билдирген.

Өз ара дооматтар

2020-жылы Covid-19 пандемиясы маалында текшерүүлөр убактылуу токтотулган. АКШнын Мамлекеттик департаменти пандемиядан кийин Орусия текшерүү максатында кадыресе сапарларды кайтарууну жасалма түрдө кечеңдете баштады деп ырастайт.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин 2022-жылдын август айынын башында Вашингтон киргизген чектөөлөргө шылтоолоп, Москва инспекциялык сапарларды убактылуу токтотконун жарыялаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШны "союздаштары аба мейкиндигин инспекторлорду ташыган орусиялык учактар үчүн жаап койду" деп айыптаган эле.

2023-жылдын февралында "АКШ Украинадагы согушту кара ниеттик менен курчутууга багыт алды" деген жүйө менен Орусия СЧК-III келишимине катышуусун токтоткон.

"Иш жүзүндө сөз жаңы СЧК келишими түзүлгөн учурга салыштырмалуу кырдаал түп-тамырынан өзгөргөнү жөнүндө болуп жатат", - деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги. Дипломаттардын айтымында, "АКШ ачык эле Орусияны "стратегиялык жактан кыйратууга умтулууда".

Мындан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОнун курамында өзөктүк куралы бар үч өлкө – АКШ, Улуу Британия жана Франция бар экенин, бирок СЧК келишиминде америкалык арсенал гана эске алынарын белгиледи.

Бул жаңы доомат эмес. Бул тууралуу буга чейин да сөз болуп, АКШ да башка өзөктүк держава – Кытай келишимге катышпай жатканына нааразылыгын билдирген. Январдын башында New York Times гезитине берген маегинде Путиндин СЧК-III боюнча чектөөлөрдү өз ыктыяры менен бир жылга узартуу сунушуна пикирин айтып, Трамп "эң жакшы вариант Кытай катышкан келишим болорун" айткан.

"Курал-жарактарга көзөмөл болбойт"

СЧК-III Орусия менен АКШнын ортосунда түзүлгөн жана курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча саналуу келишимдердин бири болчу.

Буга чейин Орусия менен АКШ Орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жоюу тууралуу келишимди 2019-жылы үзүшкөн. 2020–2021-жылдары АКШ менен Орусия Ачык асман келишиминен чыгышкан. Бул келишим ага кол койгон өлкөлөрдүн аба мейкиндигинде куралсыз чалгындоочу учуучу аппараттардын эркин учуусуна уруксат берчү.

2025-жылдын октябрында Трамп өзөктүк сыноолорду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кыйыткан.

Трамптын айткандарынан бир тараптуу тыянак чыгарууга болбойт, себеби алар так эмес жана болжолдуу, бирок фактынын өзү маанилүү: АКШнын президенти мындай мүмкүнчүлүк бар экенин айта баштады.

Сүрөттө: Варшавада Дональд Трамп менен Илон Масктын сүрөтү тартылган согушка каршы граффити

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Варшавада Дональд Трамп менен Илон Масктын сүрөтү тартылган согушка каршы граффити

Сыноолорго тыюу салынган эмес: Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу тууралуу келишимди (ӨСТТСК) негизги өлкөлөр ратификацияланган эмес жана күчүнө кире элек.

Бирок, бул келишимдер жана башка макулдашуулар Кансыз согуш учурунда жана андан кийин пайда болгон эл аралык туруктуулуктун өзөгүн түзүп келген эле.

"СЧК-III келишиминин соңуна чыгышы – бул узак убакыттан бери уланып келе жаткан курал-жарактардын үстүнөн көзөмөлдү биротоло жыйынтыктоо. Курал-жарактарга көзөмөл жокко чыгарылып жатат. Канча бир убакытка чейин өзөктүк курал да, жалпысынан стратегиялык курал да көбөйөт деп шектенип турам. Элита алмашканга чейин ӨСТТСК сыяктуу келишимдер түзүлөрүнө көзүм жетпейт", - деди Би-Би-Сиге Куинс университетинин Эл аралык жана коргонуу саясаты борборунун илимий кызматкери Максим Старчак.

Жарыша куралдануу

"Орусия башынан эле СЧК-III келишими көзөмөлдөй албай турган өзөктүк куралды алып жүрүүчүлөрдү жасап келүүдө. Булар: "Посейдон" супер торпедосу жана "Буревестник" канаттуу ракетасы. Путин бул системалар ага АКШнын алдында өзөктүк чөйрөдө артыкчылык берет деп эсептейт. Бул жерде башка бир суроо жаралат: АКШ жооп кайтарып, бул жарышка кошулуп, бул куралдардын аналогдорун жасайбы же өзөктүк сыноолорго кайтып, өзөктүк дүрмөттөрдүн санын көбөйтөбү", - деди Би-Би-Сиге Максим Старчак.

Орусиянын оор класстагы жаңы "Сармат" ядролук ракетасы да өзөктүк блокторду жеткирүү үчүн гана эмес, ошону менен бирге "Авангард" гиперүн планерин учуруу үчүн да жасалган. Бирок, "Сарматты" сыноо процесси ийгиликтүү болбогону айтылууда.

АКШ да стратегиялык куралдануу жаатында активдеше баштады. Расмий эмес түрдө "Алтын кумпа" деп аталган, Дональд Трамп жарыялаган стратегиялык ракетадан коргонуу долбоору ядролук бөгөт коюу системасы менен тикелей байланышта.

АКШ ошондой эле стратегиялык өзөктүк күчтөрдү жаңылоону улантууда. Трамптын Гренландияга дооматтары да ракетадан коргонуу системасында арал өтө маанилүү болгону менен түшүндүрүлөт.

Конгресстин бюджеттик башкармалыгынын эсеби боюнча, алдыдагы он жыл ичинде өзөктүк күчтөрдү тейлөө жана жаңылоо үчүн дээрлик 946 миллиард доллар сарпталат, ал эми Пентагон 2026-жылдын бюджетинде согуштук даярдыкта болуп, өзөктүк үчилтиктин үч элементин алмаштыруу үчүн болжол менен 60 миллиард доллар керектигин көрсөткөн. (ZMa)