"Коррупциялык схема": Бишкекте өзгөчө балдардын бакчага кирүү машакаты
Руфат Эргешов, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы кабарчысы

Менталдык же физикалык өнүгүүдө өзгөчөлүктөрү бар балдардын ата-энелери Бишкек мэриясына караштуу психологиялык-медицина-педагогикалык консультациянын жетекчилигин айыптап арызданышууда. Алар комиссия ар кандай амал-шылтоолор менен балдарды кабыл албай, пайда табыш үчүн жасалма тоскоолдук кылып келет деген күнөө коюшууда. Мэрия азыркы учурда ата-энелердин арызы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлады.
Жаңы окуу жылы жакындаган сайын Бишкектеги №30 көмөкчү мектептин ичиндеги бул эшиктин алдында топурап кезек күткөндөр көп. Кээ бир ата-энелер түндө келип, түнөп кезек күтүшөт. Кээде кезек талашып адамдар урушкан учурлар болот.
Бул комиссия жумасына эки ирет гана чогулат.
Физикалык же менталдык жактан өнүгүүдө кыйналган балдардын ата-энелеринин бул комиссияга дооматы көп.
Бишкектин тургуну Орозгүл эки айдан бери коррекциялык класска жолдомо ала албай кыйналып жатканын айтты:
"Небереме аутизмдин жеңил формасы менен жабыркайт деп диагноз койгон, бирок неберем беш тилде сүйлөйт. Окуйт, жазат, эсептейт. Бизге атайын мектеп эмес, коррекциялык класс керек. Балам болгону тартынчаак, көп сүйлөбөйт. Бул жерге качан келбе кезекте турган адамдарды көрөсүң, августта отпуск деп иштебейт. Эмнеге бөлмөсүн, кызматкерлерин көбөйтүшпөйт?! Бүгүн мен отуз төртүнчү болуп кезекке турдум, бирок жыйырма эле кишини кабыл алабыз деди. Темселеп кайра кетем эми, эртең менен жетиде келгем".
Ден-соолугунда көйгөйү бар балдар үчүн атайын мектеп, адистешкен бала бакча же класстар баш калаанын ар бир районунда бар. Андагы орундар чектелүү, баарына жетпейт. Ошон үчүн кезек күтмөй, талашмай.
Ансыз деле үйүндө баласынын көйгөйүнөн нерви жукарып турган ата-энелер келет. Улам бир жерден бюрократиялык тоскоолдукка же адилетсиздикке туш болгон адамдар жаны кашайып, уруша кетишет.
"Балдарын коляска менен алып келип отурушат, кезек талашып урушат. Эптеп кирсе, сенин балаңды жазбайбыз, акыл-эси кем деп чыгарып салат",- дейт арыздангандардын бири Айжан.

Ал эми региондордо абал андан бетер кыйын. Кээ бир аймакта атайын бала бакча же мектеп жок. Логопед, дефектолог, физиотерапия жаатында адистер жетишпейт. Ошон үчүн баары Бишкекке агылат.
Арзы тили жакшы чыкпай жаткан беш жаштагы небересин алып, кыргыз-тажик чек арасындагы Интернационал айылынан келиптир:
"Акыркы Баткен окуясында октон коркуп сүйлөй албай койду. Өзүбүздө адистер жок болгон үчүн Бишкекке келебиз, 20-30 күн ижарага батир алып жашап кетебиз. Бирок логопедге бербей эле кымбат дары, укол жазып, балама берип жатышат. Сурасам психолог, невропатологго жиберди, бардым. Бул маселени чечүү үчүн ушул жерде комиссияны күтүп жатабыз".

Инклюзивдүү эксперимент
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мамлекеттик мектептерде инклюзивдүү билим берүүгө аракет көптөн бери эле болуп келе жатат. Бишкектеги эки мектепте өзгөчө балдарды катардагы класстарга кошуп окутуп, эксперимент жасап көрүшкөн. Бирок эки жылдан кийин эксперимент токтогон.
Анын бир себеби педагогикалык даярдыктын, кадрлардын тартыштыгында болсо, экинчиси эл ичиндеги стигматизациянын жогорку деңгээли. Коомдо өзгөчө балдарга боор тартып мамиле кылгандар аз. Аны таң калып карап, сөз кылып, керек болсо алар менен балдарынын кошулуп ойношуна каршы болгондор да четтен чыгат.
Өлкөдө инклюзивдүү билим берүүнү жолго коюуга эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу да болгон. Бирок жарандык активисттер ошол каражаттар максаттуу пайдаланылбай, инклюзивдүү билим берүү жакшы жүргөн жок деп сынга алууда.
"Азыр бала бакча, мектептер массалык түрдө курулуп жатат. Бирок Кыргызстанда, дүйнө жүзүндө оорукчан балдар көп төрөлүүдө. Бишкек мэриясы, комиссия 33 жылда үч мектеп менен он бир бала бакчаны сактап калды, аларга ыраазылык айтуу керек. Евробиримдик, "Ага Хан" фонду, ЮНИСЕФ инклюзия деп ушундай балдарга миллиондогон акча бөлгөн. Адистерди университеттерде окутуу керек болчу. Андай болгон жок, бөлүнгөн каражатты долбоорду ишке ашыра турган кишилер жеп кетти. Азыр бир дагы логопед, психолог жок" - дейт укук коргоочу Анара Дауталиева.
Кыргызстанда 37 миңден ашык бала майыптыгы боюнча жөлөкпул алып, каттоодо турат. Алардын эң көбү тубаса кемтик, нерв системасынан, психикалык оорудан жабыркагандар. Бирок бул медициналык изилдөөгө алынган, такталгандары гана. Айыл жеринде тийиштүү тартипте изилденбей, эч бир тизмеге кирбей, үйдөн чыкпай калган балдар дагы көп болушу мүмкүн.
Мамлекеттик атайын бала бакча же мектепке илинбей калгандар акчасы болсо, балдарын жеке менчик жайларга берет. Каражаты болбосо үйдө отуруп өздөрү окутушу керек.
Жеке менчик инклюзивдүү мектептер балдарды кабыл алганда кеминде 45000-50000 сом алат.

Комиссиянын үстүнөн комиссия
Мамлекеттик комиссиядан, бала бакчадан жардам болбой, айласы кеткен Айжан кызын жеке менчик атайын бала бакчага берген. Бирок мамлекеттик комиссия менен күрөшүн токтоткон жок.
Эгер мэриянын комиссиясы алардын талабын аткарбай койсо, анда нааразы ата-энелер УКМКга кайрылганы жатышат.
УКМКнын төрагасына жазылган каттын көчүрмөсүн ата-энелердин бири Би-Би-Сиге салып жиберди. Анда ПМПК комиссиянын башчысы "пенсия курагына карабай 20 жылдан бери коррупциялык схема түзүп, пара алууда, ансыз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды атайын бакчаларга өткөрбөй жатат",- деп айтылат.
Айжан болсо медициналык комиссиянын башчысын сотко берүүнү ойлонуп жатканын айтты:
"Кононенкону сотко берсем болот. Мага окшогон ата-энелер толтура".
Дүйшөмбүдө Бишкекте мэриянын комиссиясы нааразы ата-энелерди чакырып, Кононенко менен беттештирип, арыздарды карады. Бирок Айжандын эле мурда четке кагылган арызын карап, канааттандырышты. Калган ата-энелердики каралган жок.
Медициналык комиссия башчысынын жасалма тоскоолдук түзүп, пара алып жатканы жөнүндө арызга комиссия далилдерди талап кылууда, бирок андай далил азырынча жок.
"Пара алганын далилдеп бер дешти, менден акча сураган эмес, далилдей албадым. Ал эми акча берген ата-энелер арыз жазгысы келбейт",- деди Айжан.

Би-Би-Си комиссиянын башчысы жана мүчөлөрүнүн дагы жүйөөсүн угууга даяр, бирок биз менен сүйлөшүүгө макул болушкан жок. Мэриянын басма сөз кызматынын байланыш түзүп берүү аракети дагы ишке ашпады.
Комиссиянын ишин уюштурган башчыдан көп нерсе көз каранды. Ошол себептүү анын артынан ээрчиген сөз толтура. Алардын ишин өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы дагы текшерген.
Азыр бул комиссиянын үстүнөн мэриянын башка комиссиясы иликтөө жүргүзүп жаткан чагы. Бирок анын өзү канчалык акыйкат болот, анын чечимине нааразы ата-энелер баш ийеби?












