Тарыхчы: Репрессияланган аялдардын лагерлеринин жанында балдар көрүстөндөрү пайда болгон

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстандагы "АЛЖИР" лагеринин ордуна түзүлгөн музей. "Барак"

Сүрөттүн булагы, https://museum-alzhir.kz/kz/

Сталиндик репрессиянын кесепети азыр да зыянын тийгизип жатканын окумуштуулар талдап айтып келе жатат. Адам эле эмес, адабият, маданият, илим кошо репрессияланган деп айтууга толук негиз бар. Алыс кетпей эле кыргыз адабиятынын тарыхына кайрыла турган болсок чыгаан адабиятчылар, жазуучулар кандуу саясаттын курмандыгы болгон. Ошентип ой дагы, чыгармачылык дагы репрессияланган, анын айынан адабияттагы жасалмалуулук, бурмалоо, жашырып жабуу болуп көрбөгөндөй күчөгөн.

Адабият аркылуу калың элдин оюн бурмалоо, тумандатуу репрессиянын калтырган кара тагынын бири. Муну окумуштуу, профессор Садык Алахан дагы кеңири изилдеп, китеп чыгарган.

Миңдеген аял Сталиндин керт башына сыйынуу саясатынын түздөн-түз курмандыгы. Алар тоталитардык режимдин акылга сыйгыс азабын тартышкан.

Би-Би-Си “Кыргызстандан репрессияланган аялдар” китебинин түзүүчүлөрүн бири, тарых илимдеринин кандидаты, "Ата-Бейит" мемориалдык музейинин илимий кызматкери Салтанат Асекова менен аялдардын ошол мезгилдеги коогалуу, кейиштүү тагдырынын бир кичинекей эле бөлүгүн баяндап берет.

Казакстандагы "АЛЖИР" лагеринин ордуна түзүлгөн музей. "Сталиндик вагон"

Сүрөттүн булагы, https://museum-alzhir.kz/kz/

Салтанат Асекова: Репрессиянын туу чокусу 1930-жылдар болгон үчүн ошол мезгилге басым жасап келе жатабыз. Бирок анын тамыры тереңде жатат. Чындап келгенде 1917-1918-жылдарга барып такалат. Башталышы, күчөшү, басаңдашы деген сыяктуу чен менен алып караганда, окумуштуулар беш этапка бөлүп жүрөт. Албетте апогейине жеткен учуру, кызылдай кыргын салган мезгили отузунчу жылдар.

Бул китепти даярдоо менен репрессиядагы гендер маселеси алгачкылардан болуп көтөрүлүп жатат десек болот. 2021-жылы Болот Абдрахманов башында туруп түздүргөн он томдук китепти негиз кылып чыгардык. Ал китепке 1920-1953-жылдар аралыгында азыркы Кыргызстандын аймагынан реперессияланган 17 миңден ашуун кишинин маалыматы камтылган. Мунун баары Атайын кызматтын архивинде тастыкталган документтерге негизделген маалымат.

18 миңдей кишинин ичинен 681и аялдар. Алар негизинен жыйырмадай улуттун өкүлдөрү. Арасында 55 кыргыз аял бар. Басымдуу бөлүгү орустар, немистер, татарлар, еврейлер, уйгурлар дегендей.

Дал ошол он томдукту түзүү ишине мен да катышып калдым. Карап талдап жаткан учурда бир факты көзүмө урунду дагы, оюмдан такыр кетпей койду.

Казакстандагы "АЛЖИР" лагеринин ордуна түзүлгөн музей. Тергөө изоляторунун каалгасы.

Сүрөттүн булагы, https://museum-alzhir.kz/kz/

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал 1921-жылы 19 жаштагы кыздын атылганы тууралуу маалымат эле. Болгону 19 жаш. Бул эмне болгон окуя, эмне себептен атылды экен деп өкүмдү карап көрдүк. Көрсө ал кыз медайым экен, кезинде ак гвардиячылардын бөлүмүндө медайым болуп иштептир. Так ушуну бетке кармап 20 жашка толо элек кызды атууга өкүм кылышкан экен. Бул мындан 103 жыл мурун болгон окуя.

681 аял деп калбадыкпы, алардын социалдык абалы да ар башка. Арасында анчалык чоң кызматта турган аял деле жок болуп чыкты, интелегенттер деле аз.

Бул жерде көңүл бурчу бир маселе бар. 1934-жылы биринчи буйрук чыгыптыр. Ал буйрукта "аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү жоопко тартылсын" деген экен. Күйөөсү аскер кызматкери болсо аялынын жазыгы эмнеде? Керек десе, күйөөсү эмне иш кылаарынан толук кабары жоктору да бар да.

1937-жылы 30-июлда № 00 447 деген буйрук чыкты дагы репрессиянын жалыны алоолонгондой эле болду. Анда “Мекен чыккынчыларынын”, “Эл душмандарынын” аялдарын жоопко тартуу боюнча атайын буйрук чыккан экен. Бул № 00 486 деген буйрук.

Так ушул буйрук 15-августта күчүнө кирип, үч айда эле СССР боюнча 18 000 аялды репрессиялаган. Менимче 18 000 эмес, жарым миллион аял дегенге негиз бар.

Жүрөктүн үшүн алган учурлар четтен чыгат. Мисалы 14 жаштагы кыз 8 жылга, 15 жаштагы кыз 10 жылга кесилиптир. Аларга “антисоветтик маанайда жүрүшөт” деген айып тагылган экен. Эми 14 жаштагы куурчак ойной турган кыз ошол кездеги бийликке, системага коркунуч келтириши мүмкүн беле? Ошентип өспүрүмдөрдүн жазага тартылышы менин зээнимди кейитти.

Китеп тууралуу даярдалган учкай маалыматтан алынды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китеп тууралуу даярдалган учкай маалыматтан алынды

СССРдин биринчи учкуч аялы ушул Кыргызстандын аймагында репрессияланыптыр. Кокорина Зинаида Петровна. Кыргызобкомунун жетекчиси Морис Белоцкийдин экинчи жубайы болгон экен. Ал өзү да атылып кеткен. Ошондон көп өтпөй бүлөсү жазага тартылыптыр.

Зинаида Петровна 1920-жылдары жарандык согуш учурунда майданда жүргөн экен. Кийин учкучтук кесибин таштап, бул жакка келет. Азыркы № 28-мектепте мугалим, директор болуптур, Чолпон-Атада көп жыл иштеген экен. Ошентип түрдүү тагдырды башынан кечирет. Далай азап-тозоктон кийин 1978-жылы Москвага кат жазып, мен кезинде учкуч болдум эле деп кайрылган экен. Москвадагылар болсо ал аял эбак эле өлгөн деп ойлошуптур. Тирүү экенин билгенден кийин бөпөлөп алып кетишти. Азыр эң чоң музейде ал аялдын атайын бурчу турат.

Кадимки Евгений Поливановдун жубайы Бригитта Поливанова дагы репрессияланган. Запкыны катуу көргөн. Тагдыры трагедиялуу аяктап, лагердеги кыйноого чыдабай көз жумган. Баялы Исакеевдин биринчи аялы Муслима Байгалинанын да тагдыры оңой болгон жок.

№ 00 486 буйрук чыккан деп калбадыкпы, так ошол буйрукта аялы турсун көңүлдөшү болсо да жоопко тартылсын деген. Ошентип Баялы Исакеев репресияланганда анын экинчи аялы Надежда Дмитриевна Щеглова кошо репрессияланган.

Казакстандагы "АЛЖИР" лагеринин ордуна түзүлгөн музей. Репрессияланган Янина Германовичтин төрт айлык кызы Маяны орогон ороо-чулгоосу

Сүрөттүн булагы, https://museum-alzhir.kz/kz/

Би-Би-Си: Репрессиянын арааны ачылган сайын куугунтук менен жазалоонун ыкмалары да ошончолук катаал жүргөнү талашсыз. Түрдүү лагерлердин түзүлгөнү да мунун бир далили эмеспи...

Салтанат Асекова: Ооба, ГУЛАГ репрессиянын эң чоң жазалоо мекемесине айланган. НКВДнын курамындагы жай. СССР аймагында жалпы 428 ГУЛАГ болуптур. Ошонун ичинен төрт лагер жалаң аялдар үчүн. Анын экөө Орусияда болсо, дагы бири так ушул Кыргызстандын аймагында Жаңы-Жерде болгон экен. Муну баса белгилеп айтуу керек.

Репрессияланган аялдар тууралуу сөз кылганда биз дароо Казакстандагы "АЛЖИР" тууралуу эстейбиз. Кызыгы эмнегедир ал жакта кыргызстандык аялдар жок, олтурган эмес. Бул кандайча, эмне алар кыргызстандык аялдарды аяды беле деп кызык болду. Көрсө Кыргызстандын өзүндө аялдар лагери болуптур дагы, аларды бул жактан "АЛЖИРге" ташыганга зарылчылык болбогон сыяктуу. Эгерде жабык архивдерге жол ачыла турган болсо дал ошол жайдын дагы чоң сыры ачылса керек.

Ажалдын отуна салган "АЛЖИР"

Кошумча түшүндүрмө

“АЛЖИР” – “Акмолинский лагерь жен изменников Родины”.

Мекен чыккынчыларынын аялдарынын Акмоло лагери деп чечмеленет. Анда аялдар үч жашка чейинки балдары менен кармалган. Бул жай НКВДнын алдында 1937-жылы 3-декабрда түзүлүп, көп өтпөй 1938-жылы 6-январда аялдар менен жаш балдардын биринчи тобу киргизилген. Анда Казакстандын эле эмес, СССРдин булуң-бурчунан алынып келген аялдарды жаш балдары менен өтө оор шартта кармашкан. Азыр ал жерге мемориалдык музей уюштурулган.

Отузунчу жылдары ооз ачып сүйлөөгө мүмкүн болбой, шыбырашып калган өтө оор жылдар болгону тарыхий документтерде, эскерүүлөрдө далай кездешет

"Камынгыла, күйөөңөргө жолуктурабыз"

Би-Би-Си: Көпчүлүк Жаңы-жерде аялдар лагери болуптур дегенди биринчи ирет угуп жатышы толук мүмкүн. Сиз бул маалыматты эмнеге таянып айтып жатасыз?

Салтанат Асекова: Орусиянын архивинен алынган маалыматка таянып жатабыз. Себеби, архивдик документтерде мен айткан 428 лагердин баарынын тең атайын тизмеси берилген.

Аялдардын ошондогу тарткан азабын ойлоп олтурсаң жүрөк сыгылат. Аялдарга карата жазалоо күчөгөндө адегенде байкуштар түшүнбөй да калган экен. Күчкө салып эле вагондорго сала турган болгондо “силерди күйөңөргө алып барабыз” деп алдаган экен. Айлап-жылдап күйөөсүнөн кабар жок, байланыш жок калган аялдар жолугат турбайбызбы деп сүйүнүп, эмне жакшысы болсо алып, эң эле ырыстуу деген кийимдерин кийип, колу жеткендери атырын себинип камынышкан экен. Далайынын күйөөлөрү эбак атылып кеткен, бирок эч кандай кабар берген эмес. Анан вагонго түшүшөт. Жете барганда гана кайда келишкенин түшүнүшкөн. Себеби, аларды адегенде эле ошончолук катаал мамиле менен тосуп алышкан.

Ушул жерде да ойлончу маселе бар. Алар эмнеге мынчалык мыкаачыдай мамиле кылышкан? Себеби аларды көрбөгөн-билбеген кишилерге эле “булар эл душманынын аялдары, чыккынчынын балдары, булар жаман” деген негизсиз каралоону кулактарына куюп, алар тууралуу ошондой ойду калыптандырып коюшкан.

Ошондуктан аларга орой мамиле, жосунсуз жоруктарды жасоо эрен-төрөнү жок иш болуп көрүнгөн. Ушундай деп жатат деп эл ичинде аларга берилип ишенип алгандар да болгон. Жөн жерден каралангандарга болсо бул эки эсе оор таасир берген. А тургай алардын аты-жөнү да эске алынган эмес. Алып келгенде кийимине номер кадап берген. Атыңды унут деп жалаң ошол номер менен кайрылып, адамдыгын тебелешкен.

Чоң-Таштагы (азыркы "Ата-Бейит") кыш завдоддун мешиндеги чуңкурга 137 кишинин сөөгү таштандыдай ыргыталган. Улам ыргыткан сайын кийинкиси келгенче үстүнө жука топурак сээп, жашырып турушкан.

Би-Би-Си: Аялдар сиз сүрөттөгөндөй даярдык көрүшкөнү тууралуу маалыматты кайдан алдыңыз?

Салтанат Асекова: Аялдарга тиешелүү маалыматтын көбү "АЛЖИРге" таандык документтерден алынат. Жаңы-Жердики боюнча маалыматтар жабык болгондуктан ал жактан ала албайбыз. Бирок эл оозундагы эскерүүлөр "АЛЖИРдеги" маалыматтарга үндөшүп эле турат.

“Мекен чыккынчысы” деген жүйөө менен август айынан баштап аялдар массалык түрдө келе баштаган экен. № 00 486 деген буйруктун эң жаман жери – ишке тиешеси барбы, жокпу караган да эмес. Бүлөсүбү демек, жазага тартылышы керек. Ошентип эки эле айда лагер толуп калган экен. Бут коёрго жер жок калганда 689-буйрук чыгып, эми мындан ары түздөн-түз тиешеси барларды жазалайлы дешкен экен.

Салтанат Асекова

Чиедей балдардын тарткан азабы...

Балдарды үч жашка чейин лагерде энеси менен кармап, үч жаштан кийин күчкө салып эле алып кеткен. Ал жерге энелери менен кошо эмчектеги балдар да алынып келген. Ошентип репрессияда эркектерден жаман кордукту аялдар тарткан. “Жер кучактап сен кеттиң, азабы мага түшпөдүбү” деп аялдардын ыйлаганы ошондон.

Аялдарды ал жерде абдан кордошкон. Жыл айланбай төрөй башташкан. Лагерлерде кадимкидей эле кенедей балдардын көрүстөндөрү пайда болгон экен. Анда чарчап калган, ай күнүнө жетпей бойдон түшкөндөр көмүлгөн. Бул бир эле жерде эмес, лагердин баарында болгон көрүнүш.

Үч жаштан кийин балдарды бөлүп салган соң он төрт жашка толуп, эмне кылганына жооп бере алса анда аларды чоң кишидей эле жазага тартышкан. Ошондон улам 14-15 жаштагы кыздарды он жылга чейин кесип жиберип жатышпайбы.

Би-Би-Си: Мындай калабалуу окуяларды жеке тагдыр, мисалдар менен чечмелеп берсеңиз

Салтанат Асекова: Таласта кезинде бир районду Буденный деп аташкан экен. Ошол жерде НКВДнын райондук бөлүмү ачылып, машинист-катчы издеп калышат. Шашылыш керек болгон окшобойбу, кат сабаты жоюлган деп жергиликтүү эле элдин ичинен бир келинди ошол ишке алышат. Ал Мырза Алаңкөзөва деген аял экен. Эженин эскерүүлөрүн жөн эле окуп койгонго мүмкүн эмес. Өзү эмнелерди гана көрбөдүм деп эскергенине караганда, бул ал эженин көргөн билгенинин бир чети эле болсо керек.

Иштей баштагандан көп өтпөй эле "репрессиялансын" деп тууган-уругунун тизмеси алдын ала келе баштаптыр. Күйөөсү агартуу тармагында иштечү экен, бир жумадан кийин репрессиялансын деп келген тизмени караса эле жолдошунун дагы аты-жөнү ошол тизмеде жүрөт дейт. Күнөөсү жок, бирок, эң башкысы план аткарылса эле болду. Ушундай учур болгон.

Дагы бир кызык окуяны эскерет. Бир күнү райондук биринчи катчы менен экинчи катчынын аялдары чогуу чай ичип олтурушуп эле сөздөн-сөз чыгып, мамилелери келишпей калыптыр. Биринчи секратардын аялы кекенип калган экен. Үч эле күндөн кийин НКВДга кат келет. Катта “Баланча аял Сталин мага ким болуп калыптыр? Керек болсо Сталин менин батегим деп айтты” деп жазылган экен. НКВДнын кызматкерлери баягы экинчи катчынын аялын текшерүүгө киришет. Карай келсе чындап эле батегинин астында Сталиндин гезиттен кесилип алынган сүрөтү жүрөт дейт. Ал аялды ошону менен “сен эл душманысың” деп сегиз жылга Меркеге айдап, күйөөсүн кызматтан алып, аны жазалаган экен. Ошону менен ал аялдын тагдыры такыр белгисиз.

Китеп тууралуу даярдалган учкай маалыматтан алынды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китеп тууралуу даярдалган учкай маалыматтан алынды

Би-Би-Си: Кайдан жүрүп ал аялдын батегине Сталиндин сүрөтү төшөлүп калышы мүмкүн?

Салтанат Асекова: Кызылдай эле көрөалбастык. Көрөалбастардын жасаган иши деп болжосо болот. Ал тургай ойго келбеген мисалдар бар. Мисалы кайсы бир кызматкерге ким бирөөнүн аялы жагып калса, аны өзүнө ыйгарып же пайдаланып калуу үчүн жок жерден эле анын күйөсүнө жалаа жаап, репрессиялатып жибергендер болгон. Бул сыяктуу мисалдарды Болот Абдрахманов кенен билет.

Демек, “Эл душмандарын” тапкыла деп жогорудан чыккан буйрук ылдыйлаган сайын ошончолук ыпылас, көрпендечилик менен коштолгон. Бири-бирине жалаа жабуу, каралоо күчөгөн.

Ал тургай менин үстүмдөн тоголок арыз жазып жибере электе мен биринчи үлгүрүп жазып калайын дегенге чейин жеткени айтылып жүрөт. Айыл сайын бакан ооздор, тоголок арызчылар чыккан. Бирок канча азапты башына салып, баланчага жалаа жап, тоголок арыз жазсаң эле сени коё беребиз деген учурларда дагы "мен андайга барбайм, өлтүрсөңөр өлтүргүлө" деп адамдык ариетин, инсандыгын бийик сактап калган асыл адамдар да болгон. Тарых бизге ушунусу менен дагы улуу сабак.

Ушунчалык ырайымсыз жазалоо болгонуна дагы бир далил айтайын, "эл душманы” деп керек десе селсаякты дагы репрессиялап жибергени документтерде калган. Кара жанын бага албай араң жүргөн селсаяк кантип элге душмандык кылат?

Аялдар жана репрессия темасына келсек узун сөз, анын бир эле мисалын айтып берейин. Аялдар эркектерден ашык азабын тарткан. Мисалы Нагима Айтматова ошончолук жан чыдагыс азаптарга карабай, жолдошунун тазалыгына ишенип, балдарым деп баарына кайыл болуп, керек болсо жанын садага чапканга даяр турбаганда кыргызда Чыңгыздай залкар чыгат беле же жок беле деп ойлонуп көрөлүчү...

Материалда Казакстандагы "АЛЖИР" мемориалдык музейинин расмий сайтындагы сүрөттөр музейдин атайын уруксаты менен пайдаланылды.