Асаддын жубайы ажырашууга арыз берди деген маалыматты Кремль четке какты

Асма Асад

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сириянын бийликтен кулатылган президенти Башар Асаддын жубайы ажырашуу жөнүндө сөз кылган жок деген билдирүүнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков таратты.

Өткөн апта соңунда түркиялык басылмалар Башар Асаддын жубайы Асма Асад күйөөсү менен ажырашууга ниеттенип жатканын, азыр жашап жаткан Орусиядан кетүүнү каалаганын жазып чыккан эле.

Дмитрий Песков маалымат жыйыны учурунда Башар Асад тууралуу берилген суроого "бул кабарлар чындыкка дал келбейт" деп гана айтты. Ал ошондой эле Асаддын Москвада күч менен кармалып турганы, банктын эсептери тоңдурулганы тууралуу кабарларды туура эмес деп четке какты.

Президент Путин Башар Асаддын ишенимдүү өнөктөшү болуп, жарандык согуш учурунда ага аскердик колдоо көрсөтүп келди. Декабрь айынын башында ал бийликтен кулатылып, Сириядан Москвага качып чыкты.

Өткөн жекшемби күнү түрк басылмалары Асаддар Орусиянын баш калаасында катуу чектөөлөр астында жашап жатканын, Сириянын мурдагы биринчи айымы ажырашууга арыз берип, Лондонго кайтып кетүүнү каалап жатканын жазып чыкты.

Асма Асад Сириянын жана Улуу Британиянын жараны. Бирок Британиянын тышкы иштер министри буга чейин анын Лондонго кайтып келүүсүнө уруксат берилбей турганын айткан.

"Мен анын санкциялар тизмесинде турган адам экенин жана Улуу Британия аны кабыл албай турганын айтаар элем", - деген эле Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми.

Ал Асаддар тууралуу жакында эле парламентте сүйлөгөн эле:

"Асаддын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кимиси Улуу Британияга келбеши үчүн колумдан келгендин баарын жасайм".

Өткөн жумада Башар Асадга таандык билдирүүдө ал Сириядан качуу ниети болбогонун, бирок Москванын өтүнүчү менен орус аскердик базасынан учак менен кеткенин айткан.

Башар Асад менен жубайы Асма 2002-жылы Лондондо ханыша Елизавета II менен таанышкан. Ошондо Сирия лидери Букингем сарайына биринчи жолу чакырылган эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башар Асад менен жубайы Асма 2002-жылы Лондондо ханыша Елизавета II менен таанышкан. Ошондо Сирия лидери Букингем сарайына биринчи жолу чакырылган эле

Асма Асад ким?

Кырк тогуз жаштагы Асма ал-Асад 1975-жылы Улуу Британияда сириялык үй-бүлөдө төрөлүп, Лондондун батышындагы Эктон шаарында чоңойгон.

Ал 2000-жылы 25 жашында Сирияга көчүп келип, Башар Асад менен баш кошкон. Сириянын биринчи айымы 24 жыл бою батыш маалымат каражаттарынын кызыгуусун жаратып келди.

2011-жылы Vogue журналы Асманы "чөлдөгү роза" деп атап, аны "биринчи айымдардын эң жагымдуусу" деп мүнөздөгөн. Макала андан кийин Vogue сайтынан өчүрүлгөн.

Ушул жылы Сирияда жарандык согуш башталып, Башар Асад демократияны жактаган кишилерди зордук менен репрессиялап жатканын көрүп-билген Асма Асад күйөөсүнө унчукпай койгону үчүн катуу сынга алынган.

Конфликт жарым миллионго жакын кишинин өмүрүн алып кетти, Башар Асад карапайым элге каршы химиялык курал колдонду деп айыпталды.

Башар Асад

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си 2018-жылы даярдаган "Асаддардын коркунучтуу династиясы" тасмасындагы маалыматтарга караганда, Башар Асад Лондондо оюндагыдай жашаган. Сүйүктүү артисти Фил Коллинздин концерттерине барып, жергиликтүү британ маданиятынан ыракат алган.

Дал ошол Лондондо Башар Асад болочоктогу жубайы Асма ал-Ахрасты жолуктурган. Асма Лондондогу Королдук коллежде компьютердик билим алып жаткан эле. Кийинчерээк Гарвард университетинин бизнести башкаруу (MBA) курсуна кабыл алынган. Бирок анын турмушу тез өзгөргөн.

Президенттик кызматка киришкенден бир нече ай өткөн соң Башар Асад Асма ал-Ахраска баш кошот. Алардын Хафез, Зейн жана Карим деген балдары бар.

Адегенде Башар Асаддын саясий реформалар жана сөз эркиндиги жөнүндө риторикасы көптөгөн сириялыкка үмүт берген. Анын башкаруу стили, жанында Асмадай батыштан билим алган жандоочусунун жүрүшү өзгөрүүнүн жаңы доору келгендей кабыл алынган.