"Олуттуу коркунуч". Бейөкмөт уюмдарды беймаза кылган долбоор
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Медиахаб” коомдук фондунун кызматкери, журналист Асел Шамилованын үстүнөн сотко кайрылганы жатат. Депутат журналист анын кадыр-баркына шек келтирген берүү жасап, аны каралаганын айтууда. Бул окуя аталган эл өкүлүнүн бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун айланасында коомдук сын пикир курчуган учурда болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
“Мыйзам чегинде сотко берем... Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын туура эмес аракеттерине тыюу салуу үчүн бул мыйзамды алып чыгып атам. Бейөкмөт уюмдары кандай жаманатты кылышпасын, көтөрө берем. Бирок жолуман кайтпайм”.
“Медиахаб” бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматованын бейнеси тууралуу 14-июнда Youtub'га түшүндүрмө видео жүктөгөн.
Ал видеодо Нарматова сегиз жылдан бери алдыга жылдырып келе жаткан “Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору талданат. Журналист документтин 98% Россиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн “Адилет” укуктук клиникасынын анализине таянып айтат.
Мындан тышкары, ал видеодо журналист Нарматованын үнүнө окшош аялдын шайлоодо жер-жерлердеги электоратка трансформатор койдуруп бергендиги тууралуу аудиону да угузат. Аудиодо жетиштүү добуш ала албай калганда трансформаторлорду кайра кайтарууну талап кылып жатканы сөз болот. Жарандык активист Урмат Жаныкулов бул аудиого укук коргоо органдары реакция кылбай жатканына нааразы болуп, Нарматованын мандатын кайтарып алууга чакырык жасады.
Ал эми “Медиахаб” коомдук фондунун жетекчиси Али Токтакунов коомдук сайттагы өз баракчасында фонд Надира Нарматова менен соттошууга даяр экенин жазды.
Мыйзамда чочуткан эмне бар?
Жаңы мыйзам кабыл алынса, мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документтерди талап кыла алат. Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик кызматкерлерин жөнөтүп турат. Мындан тышкары, каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот. Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчет берип турушу абзел болот.
“Эң талаштуу жери, ал жерде жоопко тартуу демилгеси бар. "Акча туура жумшалган эмес", "отчет убагында тапшырылган эмес", "каржы булактары ачыкталган эмес" деген өңдүү шылтоолор менен кылмыш ишин козгогусу келсе, кандай гана бейөкмөт уюм болбосун иш табат. Он жылга чейин эркинен ажыратууга болот делет, үчүнчү тарап деген түшүнүк кирип атат. Мурда “агент” деген бар эле, эми аны өкүл деп коюшуптур”, - дейт “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун мурдагы жетекчиси Азиза Абдирасулова.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле бейөкмөт уюмдары мамлекеттик мекемелер кабыл алган чечимдерге таасир эте турган саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса, анда Кыргызстандагы саясий ишке аралашты деп эсептелет. Илим, маданият, саламаттыкты сактоо, адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү, спортту жайылтуу, өсүмдүктөр менен жаныбарларды коргоо жана кайрымдуулук саясий ишке кирбейт.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарынын ишмердигин жөндөгөн биринчи мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери өлкөдө миңдеген бейөкмөт уюмдары ачылып, мамлекеттин колу жетпеген тармактарда элге укуктук, медиа сабаттуулук, жарандык активизм боюнча билим берип келишет. Буга чейин коммерциялык уюмдардын мамлекеттик каттоодон өтүшү милдеттүү эмес болчу, бирок эми алар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө каттоодон өтүшөт. Эрежеге баш ийбеген уюмдардын иши сотко өткөрүлөт.
Бейөкмөт уюмдарына көзөмөл эки башкы мамлекеттик орган Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан жүрөт.
Башында бул мыйзамга 30 чакты демилгечи болгон, бирок коомдогу нааразылык басымы алдында, бир эсе документтин соңку редакциясына ичи чыкпай беш депутат демилгелүү топтон чыгып кетти.
“Чет өлкөлүк өкүл”
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракеттери 2015-жылдан башталат. Анда чет элдик тынчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган эле.
Андан кийин 2020-жылы депутат Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап, президент Садыр Жапаров ага 2021-жылы июнда кол койгон.
Бирок андан кийин деле Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарынын маселеси депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп келди.
“Бейөкмөт уюмдарынын ичинен жүзгө жетпегени бар, мамлекеттин ичинде тынбай чыр, ызы-чуу салып, элдин тынчтыгын бузуп, мамлекеттин өнүгүшүнө таасир берип жаткан уюмдарды биз мыйзам менен ооздукташыбыз керек да. Экинчиден, сөзсүз түрдө ал бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлүк агент деген макамды бериш керек”,- деген эле буга чейин Надира Нарматова.
Былтыр 2-ноябрда Министрлер Кабинетинин сайтына да “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” да мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Бирок коомдо нааразылык көп болуп, ал кайрадан толуктоого жөнөтүлгөн. Эми толукталган соңку редакция коомдук талкуудан өтүп, комитет кароосуна келиши күтүлүп жатат.
Күчтүү жарандык коом
Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы жарандык коому күчтүү бирден бир өлкө катары эл аралык коомчулукка маалым.
“Кыргызстандын 30 жылдык эгемендик тарыхында биз керек болсо жабык жайларга чейин кирип иштеп келдик. Түрмөлөрдөн бери кыдырып, акыйкат, мыйзамдуулук издеп келдик. Биз азыр да күчүбүздүн жетишинче аны талап кылабыз”, -деди Би-Би-Сиге “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбооруна байланышкан соңку аракеттерден улам жарандык коомдун кээ бир өкүлдөрү Кремлдин караанын көрүп жатышат.
Кыргызстанда жарандык коом эгемендиктин алгачкы жылдарында бейөкмөт уюмдарга активдеше баштаган десе болот. 1990-жылдары донордук уюмдар пайда боло баштап, алардын колдоосунда биринчи жолу жарандык коом уюмдары түзүлө баштаган.
1991-1994 -жылдары жарандык коом калыптануусундагы биринчи этап болгон дешет. Бул убакыт аралагында абдан көп бейөкмөт уюмдары ачылып, бирок алардын узак мөөнөттүү стратегиялык программалары жок болуп, “гранттан грантка чейин” иш алып барып, донорлорунан абдан көз каранды болгону айтылып келет.
1995-2004-жылдары жарандык коомдун өнүгүшүнүн экинчи этабы болгон. Бул убакыт аралыгында жарандык коом сандан сапатка өтө баштаган. Дагы бир өзгөчүлүгү - элетте бейөкмөттөр уюмдары активдеше баштаган. Жарандык коом ирилешип, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, Укук коргоо уюмдарынын желеси, Кризистик борборлорунун ассоциациясы, Кыргызстан юристтер ассоциациясы түзүлгөн.
2005-2011-жылдарды жарандык коом өнүүгүсүнүн үчүнчү этабы катары таанышат. Бул жылдары өлкөдөгү бейөкмөт уюмдары кыйла ирденип, өз долбоорлору менен гана чектелбестен, өлкөдөгү маанилүү коомдук жана саячий кызыкчылыктарды сүрөгөнгө жарап калышкан.
Учурда Кыргызстанда 17 миң коммерциялык эмес уюм бар, алардын активдүү иш алып баргандарынын саны 600-700гө жетет.
Эл аралык уюмдардын реакциясы
HRW, Евробиримдик, АКШ жана БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү мыйзам долбоорунун кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун ачык билдирип, кокус парламент кабыл алган күндө дагы президент Садыр Жапаровду документке кол койбоого үндөп жатышат.
Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму “Жогорку Кеңеш бөйөкмөт уюмдар тууралуу репрессивдик мыйзам долбоорун артка кайтарыш керек” деген билдирүү таратты.
"Мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу, ой-пикирин эркин билдирүү укуктарын чектеп, ал тургай айрым учурларда бейөкмөт уюмдар менен алардын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин бузат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коом үчүн олуттуу коркунуч туудурат жана ал артка кайтарылышы керек", - деди эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
Ал ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу шек келерин кошумчалады.
Ал тапта Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары бир катар Европа өлкөлөрүнүн Бишкектеги элчилик жана өкүлчүлүктөрүнө жана АКШ элчилигине кайрылып, талаштуу мыйзам демилгечилерине визалык чектөө киргизүү жөнүндө суранышты.
Себеби, мындай мыйзам долбоорлору адамдын фундаменталдык укуктарын жана эркиндиктерин чектеп, демократияны муунтат.












