Жыйынтыгы жокко чыккан №13 шайлоо округунда кайра шайлоо 1-мартта өтөт

Сүрөттүн булагы, Official
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-декабрдагы жыйынында №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 1-мартка белгиледи.
Ал эми шайлоону уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 18 миллион 507 миң сом бөлүнө турган болду.
Шайлоо процессин бир округдук жана 94 участкалык шайлоо комиссиясы ишке ашырат. Бул иштерге миңге жакын комиссия мүчөлөрү жана 400дөн ашык техникалык операторлор тартылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрдагы жыйынында №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Ага бул округдагы 35 добушканада талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө камералар орнотулуп, шайлоо процесси көзөмөлдөнгөнү себеп болгон. БШК бул аракеттерди добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу деп таап, жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган. 30-ноябрдагы шайлоодо талапкер болгон адамдар кайра шайлоого катыша албай турганы да айтылган.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, аталган шайлоо округунан талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова озуп чыккан. Айрымдар мыйзам бузуулар үчүн Бактыбек Сыдыковду айыпташкан. Бирок ал муну атаандаштарынын каралоосу деп, дооматтарды четке каккан.
Бир канча талапкер БШКнын №13 округ боюнча чечимин жокко чыгартуу максатында сотко арызданышкан, бирок өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары 17-декабрда ант берип, ишин баштады.
Кыргызстанда 30 шайлоо округу бар, ар биринен үчтөн депутат шайланышы керек.








