Баткен: "тажик тараптын көздөгөнү Ворухка жол ачуу"

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов Би-Би-Сиге кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча комментарий берип, Тажикстан тараптын бейпил тургундарга ок атуусун Кыргызстанга карата агрессия деп мүнөздөдү.

Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов

Сүрөттүн булагы, 24.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов

 “Тажик тараптын кылып жатканы адамгерчиликке, кошуналыкка да жатпайт. 1927-жылдагы карталарга таянсак, азыр Тажикстан талашып жаткан аймактар Өзбекстанга карап турган. Чек араны сүйлөшүү, такташуу менен гана чечүү керек, күч колдонуу менен бул иш чечилбейт. Ар бир жаран эмес, чымчык дагы өз уясын коргойт. Булардын көздөгөнү Ворухка жол ачуу. Бирок ал аткарылбай турган иш, себеби ал жерде Баткен облусунун 200 миңге чукул эли жашайт. Эгер Ворухка жол ачылса, ал айылдар берки тарапта анклавда калып калат”, -деди Бекмуратов.

Ал арада Лейлек районундагы чек арага чектеш Достук айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусуна снаряддын огу тийгенин Би-Би-Сиге аталган мектептеги завуч Гүлжигит Борисов тастыктады.

Ал кыз 15 жаштагы Элзада Маннанова экени такталды, анын ата-энеси кызы алган жарааттарынан улам жакшы боло албай каза тапканын журналистерге ырастады.

Учурда Лейлек районундагы бардык билим берүү уюмдары иштерин токтотту. Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкенттеги бардык мектептердин окуучулары, балдар баары эвакуацияланганын "Кут Билим" гезити кабарлады.

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Назипат Эралиеванын айтымында, тажик тарап ок атып жаткан айылдардын тургундары жакынкы айылдарга качып чыгышты.

"Аларды кабыл алганга 36 мектеп, 30 бала бакча даяр. Азырынча эки мектеп, үч бала бакчага эвакуацияланган элдер жайгаштырылып жатат”,-деген Назипат.

Баткендеги кооптуу аймактарданкетип жаткан жергиликтүү тургундар

Сүрөттүн булагы, Эрнис Маргуни

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баткендеги кооптуу аймактардан кетип жаткан жергиликтүү тургундар

Лейлек райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо бүгүн 8.00дө башталды. Бирок ага чейин эле жашаган жерин таштоого мажбур болгон Арка айылынын жашоочусу Акжуурат Би-Би-Сиге буларды айтып берди.

“Биз айылдан качып чыгып, азыр өйдө баратабыз. Абал аябай эле курч. Ар тараптан курчап миномет, андан да чоңураак куралдары менен аткылап жатышат. Май куючу станцияларды бутага алып жатышат. Обьектилерге, чек ара бекеттерине аткылоо жүрүүдө. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү насостук станцияны басып алганын айтып жатышат. Абал былтыркыдан курч”.

Чек арадагы кырдаал башында Баткен районундагы төрт айылда чыңалып баштаган, андан кийин абал Лейлек районундагы айылдардардада оорлошуп кетти.

“Атышуу “Базар-Коргондо башталган, Оң-Арык, Разаков, Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында ок атышуулар болуп жатат. Чек арада жашагандар Исфана жакка, болбосо тоону көздөй качып чыгышууда. Маргун аларды кабыл алганга даярданып, асты келе башташты”,- деди Баткендеги Маргун айылынын тургуну Эрнис Маргуни.

Тоо таянып качып келген жергиликтүү тургундар

Сүрөттүн булагы, Эрнис Маргун

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо таянып качып келген жергиликтүү тургундар
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баткен шаарындагы журналист Аскар Баймуратов Би-Би-Сиге учурда Баткен районундагы чек арадагы дээрлик бардык айылдарында атышуу болуп жатканын кошумчалады.

“Ал айылдардагы жарандар дагы кооптуу аймактардан чыгып кетүүгө аракет жасоодо. Ушу тапта Баткенден борборго чыкчу жол да убактылуу жабылганы кабарланууда. Андыктан эл Баткен районундагы эле тоо тарапка агылууда”.

Ушу тапта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арадагы кырдаалды жайгаруу аракетин көрүүдө. Ал эми жалпы кырдаалды Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.

Буга чейин Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тажик аскерлери Баткен жана Лейлек районундагы бир нече чек ара заставаларына чабуул жасаганын кабарлаган.

Алдын ала маалымат боюнча төрт кыргыз чек арачы жарадар болду, ал эми жергиликтүү тургундар коопсуз аймактарга көчүрүлө баштады. Чек арадагы чыңалуу эки өлкөнүн лидерлери Самарканддагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жүргөн учурга туш келди.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: