Деколонизация: "Кыргызстан өз жолун издеп жатат"

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Украинадагы согуштун фонунда Кыргызстанда деколонизация темасынын тегерегинде талаш-талкуулар күчөп жатат. Бул темада Бишкектеги Америка университетинде студенттик иштин темасы боюнча чыр чыкты. “Эсимде” изилдөө аянтчасы бир катар иш-чараларды өткөрүп, ага каршы орус пропагандасы иштеп атат.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгулга кайрылып, эмне үчүн Кыргызстанда азыр бул тема өтө талаш талкууларга түшүп жатканын талдадык.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгул

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясат талдоочу Чынара Эсенгул

Ч. Эсенгул: Коло́ния латынча colōnia - ижарага берилген жер деген түшүнүктү берет, адатта мындай тилкелер чет элдик мамлекет – метрополиянын ээлигиндеги жерлер болот.

Колонизация процессин Батыш өлкөлөрү биринчи баштады десек болот. Суу кемелери пайда болгонон кийин жаңы жерлерди ачуу активдүү жүрө баштаган. Америка, Индия ачылган, ошону менен акырындап соода-сатык алакалары башталып, кийин курал-жарак пайда болгон. Ошону менен күч-кубаты бар мамлекеттер алсыз мамлекеттери басып алып, алардын ресурстарын колдонуусу саясий жана экономикалык жактан алып караганда колонизация деп айтылып келет.

Бирок, мындан тышкары, аң-сезимдин колонизациясы деген да түшүнүк бар. Бул ошол басылып алынган жердеги элдердин ан-сезимине таасир этүү. Бул билим берүү системасы аркылуу да жасалат. Билим берүүдө өз моделдерин сунушташчу. Мисалы, Япония көп жылдар бою сырттан технологияны кабыл алганы менен элинин ан-сезимине таасир эткенге мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошол үчүн Япония азыркы турушунда Япония болуп, колонизацияланбаган мамлекет деп эсептелет.

Индияны алалы, ал Британиянын колониясы болгон. Алар өз эгемендүүлүгү үчүн бир топ күрөштү. Чоң жана узакка созулган кыйын кезеңден өткөндөн кийин, Дүйнөлүк согуштан соң колония макамы алынган. Формалдуу өзүнчө улуттук мамлекетке ээ болгон.

Би-Би-Си: Эми азыр бизде өтө актуалдуу болуп жаткан деколонизация түшүнүгүн чечмелеп берсеңиз?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ч.Эсенгул: Деколонизациянын формалдуу жана мазмундуу түрү бар. Формасы жагынан ала турсак, мен жогоруда айтып кеткендей дүйнөлүк системада мамлекеттердин оз алдынча эгемендикке жетиши.

Мисалы, Кыргыз Республикасын алалы, 1991-жылы биз өз ыктыярыбыз менен эгемендикке жеткен эмеспиз. 1989-1990-жылдары бүткүл союздук референдумда Балтика өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстан союздан чыгабыз деген оюн ачык билдирген эмес. Элдин көбү "союз калсын" деген ойдо болчу. Ошол үчүн деколонизацияны бизде баары эле туура түшүнө беришпейт. Формалдуу түрдө эгемендикке ээ болгонубуз деколонизациянын көрсөткүчү, бул индикатор. Москвадан башкарууунун жок болуп калышы бул - деколонизация.

Ал эми мазмундуу деколонизация – бул абдан узак, тарыхый процесс. Идеологиялык жактан бир топ убакыт таасирде калгандан кийин элдин аң-сезимин колониалдуу эмеске буруу чон жумушту талап кылат. Бул интеллектуалдук жана саясий элитанын да жумушу. Мына, Кыргызстандын эгемендик алганына отуз жыл өттү, бирок мазмуну жагынан, элдин эркиндик сезүү жагынан болобу, ал процесстин баштапкы жолунда гана баратабыз.

Эгемендиктин алгачкы жылын белгилүү, Бишкек 1991-жыл

Сүрөттүн булагы, Kaktus

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгемендиктин биринчи жылында, Бишкек 1991-жыл

Би-Би-Си: Деколонизация темасы кыргыз коомунда талаш-тартыштуу темага айланууда. Буга кандай факторлор таасир этип атат деп ойлойсуз?

Ч. Эсенгул: Эң негизги фактор – геосаясий өзгөрүүлөр, дүйнөдө саясий чоң структура өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат. Кансыз согуштун 2.0 режимине кирдик дешет, айрымдар жакында, балким, Үчүнчү дүйнөлүк согуш бизди күтүп жатабыз деген ойлорду айтып жатышат. Айтор, дүйнөлүк саясатта озгөрүүлөр болуп жатат. Батышты саясий жактан колдогон Россияга каршы чыгып, Украинадагы согуш дагы ошого бир топ түрткү берди.

Бирок ага чейин деле постсоветтик өлколөрдүн деколонизация темасы көтөрүлүп келген. Ал өлкөлөрдө өзүн-өзү таануу деген жүрүп жатат. Мисалы, 90-жылдардан тарта техникалык жактан Кыргыз Республикасы деген бар. Бирок ал кандай башкарылып жатат? Мамлекет кандай баалулуктарга умтулуп жатат? Келечегибизди кандай көрөбүз? Биз бул суроолорго жооптуу эми гана издеп жатабыз. Өз киндигибизди өзүбүз кесип канча революция да болду, Кыргызстан эксперимент аркылуу өз жолун издеп атат. Ушундай изденүүлөр дагы формалдуу деколонизациядан мазмундуусуна өтүүгө түрткү болууда.

Ойгонуу жүрүүдө.