Н. Исмаилов: Динаятчылар элди бөлүп-жарбай, бириктириши керек

Сүрөттүн булагы, facebook
Кыргызстанда абакта сырдуу жагдайда каза болгон Арстан Алайдын окуясынан кийин жаназа окулбай калат деп элди коркуткан динаятчыларга нааразылык күчөп чыкты. "Ала-Тоо" эл аралык университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, диний уюмдарды изилдеген окумуштуу Нурлан Исмаилов менен Кыргызстандагы диний кырдаалды жана кыжаалат коомдук маанайды талкууладык.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Н. Исмаилов: Кырдаалга анализ кылганда комплекстүү караш керек. Канчалык жакшы иштер болуп жатат, канчалык деңгээлде мүчүлүштүктөр бар. Мүчүлүштүктөрдүн болгон себеби, бул мыйзамды сактабагандык болуп жатат. 1991-жылдан бери түзүлгөн мыйзам эрежелеринде диний уюм, мамлекет, дин комиссиясы эмне иш аткарыш керек, ийне жибине чейин жазылган.
Ошол эле мыйзамдык чектен чыкпасак, көп араздашуулар болмок эмес. Бирок баары эле мыйзам тарабынан башкарыла бербейт, ошондой кээ бир тенденцияны дагы карашыбыз керек. Бул баягы кыргыздардын диний көз карашы боюнча бир канча топко бөлүнүп жатканы.
Бизде ислам дини кеңири жайылган, бирок бул диндегилердин ичинен дагы ар түрдүү агымга кирген жарандарыбыз бар. Кийинкиси, бул христиан болгон кыргыздар бар, теңирчи болуп теңирчиликти тутунгандар да бар.
Соңку убактагы бир чоң жакшы тенденция, кыргыз наркын түшүндүрүү, дин менен кыргыз салтын, кыргыз аң-сезимин, салт санаасын жакындаштыруу болуп атат. Биз муну колдошубуз керек.
Азыр теңирчи жана христиан болуп бөлүнүп атпайбы. Экинчи жагынан алып караганда, мындай плюралисттик коомдо бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Муну кыйын көрүп, көбүртүп-жабыртыштын кереги жок. Себеби, бир үй-бүлөдө беш бала болсо, беш башка саясий түшүнүк.
Шайлоодо үй-бүлөлөрдө ар түрдүү партияга, ар түрдүү кандидатка добуш берип атпайбызбы, аялы башкага, күйөөсү башкага. Мына ошондой диний көз караштын натыйжасында адам да калыптанат. СССРдин убагында биз бардыгына эле монокультурадан карап калганбыз. Көп түрдүүлүк бул нормалдуу нерсе.
Ортодогу чыр-чатак ашыкча араздашуу чыгып кетпеси үчүн, менимче, алардын ортосун жакындатыштыруу керек. Кантип? Мисал үчүн 10-15 жыл мурда христиан уюмдар менен мусулман уюмдарын чогултуш кыйын болчу. Дин комиссиясы көп жакшы иштерди жүргүздү, эл аралык уюмдар, эксперттер менен биз менен дин аралык диалог деген аянтча куруп, диний конфессиялар ортосунда кеңеш түзүлдү. Ошол кеңешке кирген диний уюмдар чогулуп ишембиликке чыгып, көчөт отургузуп жатышат, конференция уюштуруп, пикникке чыгышууда. Ошентип отуруп бирин-бири таанып, азыркы күндө араздашуу азайып калды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондуктан мамлекет дайыма кайсыл көз карашта болбосун, адамдардын ортосундагы арбитрдин ролун аткарыш керек. Бирине аз тартып, бирине көп тартып, бирин чектеп, бирин куугунтуктаса, сөзсүз түрдө бул жерде араздашуу күчөйт. Ал эми мамлекет ата катары мамиле жасаса, араздашуу азаят.
Би-Би-Си: Кыргыз наркы деп айтып кеттиңиз. Ошондой улуттук нарктан сүйлөгөндөрдү кайра жектеп, жаназа окулбайт деп коркуткан молдокелер болуп жатканы коомдо нааразылык жаратып атпайбы.
Н. Исмаилов: Жаназа окулбайт деген сөздү айтуудан биздин диний ишмерлер аябай этият болуш керек. Анткени, жаназа окулбайт деп бир күн айтат, эки күн, үчүнчү күн айтат, анан төртүнчү күнү жолобогула бизге, жаназаңды окубай эле койгула деген башка топ чыгышы мүмкүн. Чоң жиктелүү башталат.
Өлүм-житим, той-тамаша кыргызды бириктирип турган чоң феномен. Баары бир жакшылык-жамандыкта көрүшөбүз деп араздашкан, касташкан адамдар жарашат. Ачуусу келген адамдар да өзүн токтотот.
Мындай радикалдуу сөздү айткандан биздин диний ишмерлер этият болуш керек. Жаназа кимге окулат, кимге окулбайт, аны тактабай туруп эле ооздорунан чыгып кетип атат. Бул туура эмес. Коомдун экинчи тарабы такыр эле жүз буруп кетиши мүмкүн.
Бир мисал, Түркияда “мага жаназа окубай эле койгула” деп айткан адамдардын тобу пайда болгон. “Кааласаңар келбей деле койгула”- дегендер бар. Ошондой адамдардын тобу ошол эле Египетте аябай көп. Ошентип отуруп кыргыз деген улутту бөлүп албашыбыз керек.
Би-Би-Си: Ошондой бөлүнүүгө алып барары көрүнүп калды. Мурда башкы прокурор болгон Кубат Байболов социалдык тармакта кечээ жазып жатат: "жаназаны молдокелердин чайкоочу барымтасынан куткарууга учур келди, жаназанын табиятын өзгөртүп, кыпкыргызча кылалы" деп….
Н. Исмаилов: Бул мына ушундай жиктелүүгө алып келет, ошондуктан диний ишмерлер коомду бөлүүчү эмес, кайра өзүнө тартуучу болсо жакшы болмок.
Исламдын чоң алымы болгон азирети Мевлананын жакшы айткан сөзү бар. Ким болсоңор келгиле мага, кайсыл динден болсоң же динге ишенбесең да жок дегенде мага кел, мени менен баарлаш дейт. Ошол логика болбосо, биз бир нарктын айланасында, бир диний баалуулуктун, айланасында улутту бириктире албайбыз, улутту бөлүп-жарып алышыбыз мүмкүн. Мындай радикалдуу ойлорду айтаардан мурун өтө этият болушубуз керек, айрыкча диний ишмерлер.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Би-Би-Си: Сырткы кийим боюнча деле канчалаган бөлүнүп-жарылуу, кайым айтышуу болуп атат, сен капырдын киймин кийип алдың, сен арапташып кеттиң деп.
Н. Исмаилов: Орус кул, араб кул деп, өзүбүздү өзүбүз кул кылып атабыз, биз монокультуранын идеологиясынын басымында чоңойгон калкпыз. Башка өлкөлөргө бара турган болсок, диний кийим кийген дагы, жөнөкөй кийим кийген дагы бар, бирок ортолорундагы адамдык мамиле бирдей.
Бардык диндердин эле логикасын, жалпы адамгерчилик принциптерин ала турган болсок, бирдей эле: «уурдаба», «өлтүрбө», «жамандык кылба», «ушак айтпа», «бири-бирине кастык кылба», «акысын жебе» ж.б. Кыргыздын наркы деле ошондой, окшош, бардыгыбызды бириктирип жаткан бир баалуулук - адамгерчилик баалуулуктар, адамдык баалуулуктар. Биз ошол баалуулуктардын айланасында биригишибиз керек.
Би-Би-Си: Кыргыз наркы жана диний нарк экөө гармониялык түрдө аралашканда ошонун тегерегинде консолидация болот деген пикирди айтып атпайсызбы. Эки-үч жыл мурда Сауд Арабиясынан келген бир окумуштуу конференцияда кыргыздарга мындай бир сөз айтып кетти. “Силер бизди карабагыла, силер өзүңөрдүн кыргыз исламын жараткыла, кыргыз исламынын салтын өнүктүргүлө” деп айтып кетти. Ошондой сөз биздин динаятчылардын оозунан чыкпай атпайбы,
Н. Исмаилов: Сиз мисал кылган араб окумуштуусу ошону эле айтып жатат: Ислам динин алгыла, бирок өзүңөрдүн баалуулуктарыңарды жоготпой камыр-жумур кылсаңар. Ислам дини жасалма интеллект эмес, алып келип туруп баарын тазалап коюп кое турган. Ал мүмкүн эмес эч качан. Ошондуктан элге калыптанып калган баалуулуктар, нарктар бар, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген.
Мисал үчүн көп ислам мамлекеттерине бара турган болсок, чоңдорго автобустан жаштар орун бошотуп бербейт. Мындай көрүнүштөрдү көргөм өз көзүм менен. Чоңдорду, улууларды мынчалык сыйлабайт. Аксакал деген сөз өзү статус. Бүгүнкү учурда Конституцияга кирди. Аксакалдар соту жер-жерлерде ушунчалык жакшы маселелерди чечет. Кооптуу маселелердин алдын алат. Мунун баардыгы эки чоң баалуулуктун бири бири менен жуурулушкандыгынын негизинде болуп жатат. Биринчиси - диний баалуулуктар, экинчиси - кыргыз элинин адамгерчилик нарк-дөөлөтү. Бул баалуулуктарды эл өзу тандап алат.
Балким, кандайдыр бир диний ишмер, балким, кандайдыр бир мамлекеттик мыйзамдар кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши мүмкүн. Бирок биротоло эмес. Калк өзү иргеп, ылгап- ылгап электен өткөрүп туруп, баалуулук кайсыл жерде жакшы экен, кайсыл жерде ыңгайлуу экендигин тандап алат. Өздөрүнө ыңгайсыз болсо, биз канчалык таңууласак дагы дагы кабыл албайт.
Би-Би-Си: Мына жаңы жылды тоздук жакында эле. Жаңы жыл боюнча жылда талкуу болот. Жаңы жыл диний майрам эмес, тозбогула, тозгон күнөө болот деп чыгып аткан динаятчылар да көп. Жакында Россиядагы мусулман лидерлеринин бири чыгып сүйлөп, Жаңы жыл светтик майрам, майрамдай бергиле, анын эч айыбы жок деп айтты. Ошондой сөздөрдү айтканга, түшүндүргөнгө биздин аалымдардын акылы дагы, эрки дагы жетпей жатпайбы.
Н. Исмаилов: Жаңы жыл - мамлекеттик светтик майрам, диний майрам эмес. Диний эмес майрамды тозсоң да болот, тозбосоң да болот, анын күнөөсү дагы, соопчулугу дагы жок. Анткени 8-мартта аялыңды сыйлап гүл алып келсең күнөө болбойт. Же кесиптештериңди сыйлап белек берсең күнөө болот деген жери жок.
Биз эки катын алуу, сакал коюу же койбоо, хиджаб кийүү же кийбөө, 31-декабрды майрамдоо же майрамдабоо маселелеринин айланасында эле көп айтып ислам динине коомду иренжитип алып жатабыз. Анткени, ислам дини бул аябай чоң деңиз, океан. Бул дин аркылуу чоң цивилизация келген. Мисалы алгебра деген аль-джáбр деген араб сөзүнөн келип атат. Химия деген сөз да арабчадан келип атат. Европа, дүйнө жүзү ошол пайгамбарыбыз баштап берген табигый илимдердин ачылыштарында бүгүнкү абалга келип жатат. Биз ошол жагынан карабай жатабыз. Терең жагын изилдебей эле, баягы көзгө көрүнгөн, тилибизди кычыштырган же көзүбүздү сайган нерселерди карап алып, ошонун айланасынан кете албай жатабыз.
Анткени биздин коомдо диндин орду өтө чоң. Окуп бир нерсени изилдебестен, уга турган куйма кулакка өтүп алдык. Көптөгөн аалымдардын эмгектерин окусак, анда дүйнөдөгү баалуулуктар жазылган. Баланы тарбиялоо, үй-бүлө түзүү, жашоодо бактылуу болуу формулалары жазылган. Тилекке каршы, биз ал маселелерди көтөрбөйбүз. Көйгөйдүн баары ушунда.
Би-Би-Си: Кыргызстанда диний аалымдар ошондой интеллектисин көрсөткөндүн ордуна, иренжиткен сөздөрдүн тегерегинен чыкпай жаткансыйт.
Н. Исмаилов: Коомду башка жакка буруш керек. Адамды о дүйнөдөгү тозок менен кечке эле коркута берсең, адамдар коркуудан деле жадап калышы мүмкүн. Методиканы өзгөртүш керек.
Ислам аалымдарынын жазган өтө көп эмгектери бар, кыргызчалап которулуп жатат. Кантип жашоо турмушта дагы жигердүү, жемиштүү болуш керек. Тилекке каршы, коом аны кабыл албай жатат, бүгүнкү күндө коркунучтуу тенденция ушул.
Эгерде дин Кыргызстанда угуу менен калыптанса, мындай коомду кайсыл убакта болбосун радикалдуу күчтөр буруп кеткенге оңой болот. Себеби, мындай коомдо анализ, логика өтө аз болот. (КС)

Сүрөттүн булагы, Facebook












