Бензин эмнеге кымбаттап жатат?

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жыл башынан бери Кыргызстанда бензин, солярканын баасы бир топ көтөрүлдү. Адатта жазгы, күзгү талаа иштери кызыган учурда кымбаттоолор байкалып, баа кайра эле турукташып келген.
Машинеме май куйсам эле капчыкты кагып жатат деп шыпшынган айдоочулар арбыды. Майды көбүрөөк сарптаган унаа ээлери такси кызматынан эч кандай пайда таппай калдык деп жатат. Талдай келгенде буга да жүйө бардай. Нефтитрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда айдоочулардын эң басымдуу бөлүгү колдонгон 92 маркасындагы бензиндин литри жыл башынан бери 4 сомго чейин кымбатады. Бул 40 сомдун айланасында сатылган бензин азыр 44 сом болду дегенди түшүндүрөт.
Көчө бойлоп, бензиндин баасы тууралуу собол салганыбызда кызматтык унаа айдагандардан башкасы баанын өсүшү дароо сезилгенин айтууда. Мурда 500-600 сом короткон майга азыр 800 сом сарптап жатабыз деп нааразы.
"Кайдагы Бажы биримдиги дегенге кирип алып, экономикалык рычыгдардын баарын бөлөк-бөтөн өлкөгө карматып койдук. Жакында эле 44 сомдон май куюп, эртеси ошол эле майга 46 сом 50 тыйындан төлөп баштадык. Мунун анык себеби эмнеде? Бул жерде да орусиялык компаниялар кымырып жеп жатабы? Ага биздин чиновникетер да аралашып алдыбы? Бул жагы бизге абдан караңгы. Өз арбайын өзү согуп, каражанын карч уруп иштеп аткандар буга нааразы. Биз эмне үчүн май үчүн асмандаган бааны төлөшүбүз керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өкмөт, президент баш болуп буга так, ынанымдуу жооп беришин жалпы баба дыйкандардын атынан катуу талап кылам. Суу кечпеген шылтоо, куру сөз жарабайт",- дейт белгилүү фермер Манас Саматов.
Өкмөт эмне дейт?
Бирок өкмөттүн алдындагы антимонополия кызматы баары жайында деп ишендирүүдө.
"Орусиядагы мунай сатуучу компаниялардын сайтына күнүгө мониторинг жүргүзүп, ал жерде көрсөтүлгөн бааларды талдап атабыз. Ал жерде прайлист коюлган. Чынын айтканда акыркы он күн ичинде майлардын маркасына карап ал жерде да 25 доллардан 40 долларга чейин кымбаттады. Ансыз биз өз алдынча чайкоочулук кылып, өз алдынча бааны көтөрүп алабыз дегендерге биз жол бербейбиз. Аларга айып салып, чара көргөнгө ыйгарым укугубуз толук жетет. Өз алдынча эч ким кымбаттаткан жок. Биз ошонун баарын карап атабыз",- дейт монополияга каршы кызматтын директору Шухраб Сабиров.
Кыргызстан бензин, солярканы негизинен Орусия менен Казакстандан ташыйт. Айрымдар өкмөт май сатып алууда Иран, Түркмөнүстан сыяктуу өлкөлөрдүн тилин таба алган жок, Орусиянын эле көзүн карап калды деп нааразы.

Бирок Нефтитрейдерлер ассоциацияcы мындай жүйө менен макул эмес.
"Биз баардык варианттарды карап, талдаганбыз. Түркмөнүстандан алалы десек алар Европа базарын карап бааны кымбат коёт. Азербайжанда арзаныраак болгону менен жол кирени кошкондо алардыкы андан кымбат түшүп калат. Ошентип Орусияныкынан арзан мунай продуктусун башка жактан таба элекпиз. Алар менен экоономикалык биримдикте болгон үчүн баалар арзаныраак болуп атат. Азыр мурдагыдай төлөмдөр менен алсак баа мындан да кымбат болмок.
Майлардын азыркы кымбаттоосуна бир нече фактор таасир этип жатат. Биринчиден, дүйнөлүк биржада нефтинин бааасы өстү. Бир баррель 80 доллардан ашыгыраак. Экинчиси Европада суроо талап көп Борбордук Азияга анын ичинде Кыргызстанга Орусиядан майлардын өлчөмү азыраак келип жатат",- дейт Нефтитрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов.
Эсеп боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери жалпы мунай продуктулары 3-8 пайызга кымбаттады. Кыргызстан боюнча Кочкор-Атада гана жылына 170 миң тоннага жакын мунай продуктусу өндүрүлөт. Учурда өлкөнүн бир жылдык орточо керектөөсү болсо 1 миллион бир жүз миң тоннага жетет.
Такталбаган маалыматтарга карганда, Кыргызстанга Казакстандан тонналап Талас тараптан аткезчилик менен май ташылат. Ал майдын сапаты абдан күмөндүү экени сөз болгону менен ага толук бөгөт коюлбай келет. Кыргызстан план боюнча 2019-жылдан тарта Евро 4, Евро -5 деген стандарттагы майды колдонууга өтөт. Бул азыркыдан кыйла сапатуу май колдонулат дегенди билдирет.









