Барселонада микроавтобус көчөдө чогулган элди тебеледи

Сүрөттүн булагы, STEVEN TURNER
Барселонанын борборунда микроавтобус чогулган элди сүзүп, тебелеп кеткенин каталондук полиция билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир нече адам жаракат алды.
Жергиликтүү ММКлар микроавтобустун айдоочусу качып кеткенин жана шаардагы ресторандардын биринде атышуу болгонун билдирип жатышат.
Инцидент Каталония аянтынын жанында туристтер көп чогулган Рамбул бульварынын башында болду. Окуя болгон жерди полиция курчоого алып, шаардын жашоочуларына жана туристтерге Каталония аянты тарапка жакын барбоону суранып жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Жакын жайгашкан метро жана темир жол станциялары, ошондой эле дүкөндөр жана ресторандар жабылды.

Сүрөттүн булагы, EPA

Каталондук полиция Барселонадагы окуяны теракт деп атады. Бул окуянын чоо-жайы азыр көп жагынан белгилүү боло элек.
Бирок транспорттук каражаттар менен көчөдөгү элге кол салган окуялар Европада өткөн жылдын июль айынан бери болуп жатат.
Барселона жылдын ушул айында туристтер көп барган шаарлардын бири болуп саналат. (КС)








