Илон Маск Марсты колониялаштыруу планын жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Илон Масктын SpaceX компаниясы Марс планетасын өздөштүрүү планын жарыялады. Маск Кызыл планетага үч айда учуп жете турган жана база курууга жетиштүү курулуш материалын жеткире турган космостук кеме курууну пландаштырууда.

"Биз чалгындоо миссиясынан толук кандуу шаарды курууга өтүшүбүз керек", - деп билдирди Маск, шейшембиде мексикалык Гвадалахара шаарында өзүнүн амбициялык планын жарыя кылып жатып.

Масктын планынын негизинде эбегейсиз чоң космостук кеме куруу жатат, анын ар бир баскычы бир нече жолу пайдаланылышы керек. Бул концепция Марска учуп баруу билетинин наркын 200 миң долларга чейин арзандатат.

Эки саатка созулган видеопрезентациянын жүрүшүндө Маск көп техникалык майда-барат иштерди түшүндүрдү.

SpaceX программасын аткаруу үчүн эбегейсиз чоң космостук кеме куруу каралууда, анын көлөмү «Шатллдан» үч эсе чон болот. Жерде ал метан жана кычкылтек менен иштейт. Маск Марста эң биринчи анын кайта учуп келиши үчүн отун табууну максат кылууда.

Маск өзүнүн максатына жетиш үчүн Raptor жаңы ракеталык кыймылдаткыч жана ракетанын жаңы моделин иштеп чыгууда, азыр анын отун салчу жагы гана иштелип чыкты.

2018-жылы Марс Жерге 57,7 млн км аралыкта жакындаганда, SpaceX Кызыл планетага учкучсуз башкарылган зонд жиберген жатат.

Жүргүнчүлөр менен Марска учуу планы да алыс эмес. SpaceX адамдар түшкөн кемени 2022-жылы жибермекчи.

Аталган ишкер презентациянын жүрүшүндө Марста бир миллион жашоочудан турган колония куруу ою менен бөлүштү. Бул болжол менен жүз жыл аралыгында ишке ашууга тийиш.

Бул жылы Масктын компаниясы көп жолу пайдаланылуучу «Фалькон 9» ракетасын сыноодон өткөрдү. Андан мурда SpaceX НАСА менен Эл аралык космос станциясына жүк жеткирүү боюнча 1,6 млрд долларга контракт түзгөн болчу.