МАГАТЭ Ирандын өзөктүк долбоорлорунан шек санады

Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ
    • Author, Джонатан Маркус
    • Role, Би-Би-Синин Коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча билдирүүдө, Иран атомдук курал иштеп чыгууга умтулуп жатат деп белгиленген.

Анда супсак жана абайлаган сөздөр колдонулган.

Анткени менен Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин бул документинде Ирандын Өзөктүк программасына карата олуттуу айыптоолор камтылган. Тегеран бул билдирүүгө эми ылайыктуу жооп кайтарышы керек.

БУУнун МАГАТЭ уюму Иран алыскы аралыкка учуучу ракеталарынын бирин атомдук бомба менен күчөтүүгө иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул маселе көп жылдардан бери сын-пикирлер жана ага жооп-каяшалар менен коштолуп келген.

Иран, албетте, анын өзөктүк долбоорлору толугу менен тынчтык максатында гана өнүктүрүлүп жатканын ырастап келет. Бирок, МАГАТЭ буга макул эмес.

Агенттиктин жаңы билдирүүсүндө "Ирандын өзөктүк иш-аракеттери аскерий багытта өөрчүп кетиши ыктымал" деген кабатырлануу бар. Мындай тынчсыздануулар билдирүүнүн он эки беттен турган тиркемесинде тереңирээк түшүндүрүлгөн.

Анда "Ирандын изилдөөлөрү өзөктүк бомбанын түзүлүшүнөн тартып, ракетага орнотууга чейинки бардык кадамдарды камтыйт", - деп жазылат. МАГАТЭ бул иш-аракеттердин айрым бир бөлүктөрүн тынчтык максатындагы өзөктүк долбоор деп айтууга болоорун моюнга алууда.

Иран өзүнүн өзөктүк долбоорлору тынчтык максатын гана көздөөрүн айтып келет.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран өзүнүн өзөктүк долбоорлору тынчтык максатын гана көздөөрүн айтып келет.

Бирок, калгандарын антип атоого болбойт - деп, МАГАТЭ көшөрүп турат. Билдирүүдө айтылган компоненттердин бардыгын топтой келгенде, Ирандын кийинки кадамы Өзөктүк курал болушу мүмкүнбү деген суроо коюлган.

Иранга карата мындай бааларды берүү МАГАТЭнин өзү үчүн дагы оңойго турбайт. Уюмдун айрым мүчөлөрү, анын алдыңкы сабында Орусия мындай билдирүүгө нааразы.

Бир аптанын ичинде билдирүү Агенттиктин кеңешмесинин элегинен өтүшү күтүлөт. Андан соң кандай кадам жасоо тууралуу чечим чагат.

Иран маселеси дагы бир жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине коюлабы же, талаштуу өзөктүк программасынын чоо-жайын түшүндүрүп берүүгө Тегеранга убакыт берилеби? - азырынча белгисиз.