Стамбул үчүн кармаш – Түркия үчүн кармаш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жагил Касапоглу
- Role, BBC World Service
Стамбул Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.
Бул анын киндик каны тамган эле жер эмес, бул жакта ал 1970-жылдары исламчыл партиянын Бейоглу районунда жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп саясий карьерасын баштаган. Андан кийин ал саясий тепкичтен жогорулап отуруп, Стамбулдун мэри кызматына жетти, анын артынан премьер-министр, акыр аягы Түркиянын президенти болду. Ал ушул Стамбулдун көчөсүндө, Касымпашанын футбол аянттарында жана Эминёню тарыхый районунда суу жана кунжут кошулган шакек нандарды сатып, чуркап жүрүп чоңойду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эрдогандын инсандык жүзү Стамбул менен тыгыз байланышта",- дейт Стамбул университетинин коммуникация университетинен саясий изилдөөлөр борборунун төрагасы Ихсан Акташ.
"Стамбул - анын үйү. 2019-жылы жергиликтүү шайлоодо Стамбулду алдырып койгону ал үчүн аябай оор болду",- дейт Акташ. 2019-жылы шайлоодо башкаруучу АК партия Стамбулду оппозициянын талапкерине алдырып жиберди.
Андагы шайлоодо оппозиция талапкери, харизматикалык жана популярдуу саясатчы Экрем Имамоглу жеңип чыгып, ошондон бери шаарды башкарууда.
"Стамбул Түркиянын модели"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөнүнө бир жыл болуп, президент Эрдоган үчүнчү мөөнөткө кайра шайлангандан кийин 31-мартта эл кайрадан шайлоого баратат. Бул жолу жалпы улуттук муниципалдык шайлоолор болот.
Элдик республикачыл партия (ЭРП) эң чоң шаарлардын, анын ичинде Стамбул менен баш калаа Анкара, туристтик шаар Анталияны колдон чыгарбаштын аракетин көрүүдө.
Стамбулда Эрдоган 2019-жылы иш жүзүндө эки жолу - биринчиси мартта, андан кийин шайлоо комиссиясы мыйзам бузуу болду деп кайра шайлоо өткөргөн июнда да жеңилген.

Сүрөттүн булагы, ERDEM SAHIN/EPA-EFE/REX/Shutterstock
"2019-жылы ири шаарлардагы жеңиш оппозициянын моралдык духун көтөрүп, президенттик шайлоодогу жеңишке үмүт берди",- дейт Исик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин политология профессору Седа Демиралп.
"Оппозиция өткөн жылдагы президентик шайлоодо Эрдоганга уттуруп койду, бирок Стамбулдагы жеңиш менен Түркиядагы жеңиштин ортосундагы байланыш чоң. Эгер Имамоглу Стамбулду колдон чыгарбай кармап калса, оппозиция 2028-жылдагы президенттик шайлоодон чоң үмүт кылса болот".
Стамбул лидерлерге Түркиянын улуттук саясатын түзгөнгө абдан чоң мүмкүнчүлүк түзөт дейт Акташ.
"Стамбулда колдооңуз бар болсо, анда сиз улуттук саясаттын алдында болосуз. Глобалдык деңгээлде да ошондой".
Мегаполистин калкы 16 миллион адам, бул өлкөнүн 85 миллион калкынын бештен бир бөлүгү. Анын электораты да саясий, этникалык, диний жана экономикалык мүнөзү жагынан ар кыл.
Стамбул көптөр үчүн "Түркиянын модели". Ал ошондой эле Түркиянын башкы экономикалык борбору, өлкөнүн ички дүң байлыгына эң чоң салым кошууда. Стамбулду колго алуу, демек Түркиянын экономикасынын орчундуу бөлүгүн, сооданы, туризмди, финансыны колго алуу дегендик.
Имамоглуна тест

Сүрөттүн булагы, EPA
Эрдоган Стамбулдун мэри кызматына мурдагы жаратылышты коргоо жана урбанизация министри Мурат Курумду көрсөтүп жаткан менен негизги кармаш Имамоглу менен Эрдогандын ортосунда болот.
Имамоглу 52 жашта, мурдагы бизнесмен, Стамбулда орто класс жашаган, анча белгилүү эмес Бейликдүзү районунда мэр болуп турганда таанылды.
Аны соңку он жылдан бери Эрдогандын эң потенциалдуу атаандашы катары карап келатышат, анткени оппозициядан чыккан талапкерлердин ичинен андан башка эч ким жеңе элек.
Бейликдүзүндө 24-мартта болгон шайлоо алдындагы митингде Имамоглу жеңишти дагы бир жолу кайталоого чечкиндүү турганын билдирди.
Саясий баяндамачылардын баамында, Имамоглу Эрдогандын үстүнөн дагы бир жолу жеңишке жетсе, анда анын саясий бедели жогорулап, 2028-жылы боло турган президенттик шайлоого жол ачылат.
Бирок Имамоглу эң жогорку кызматка ат салышууга даяр экенин азыр айта элек.
Түркиянын апта сайын чыгуучу Cumhuriyet гезити 24-мартта бул тууралуу сураганда ал мындай жооп берди: "Менин Стамбул жөнүндө чоң кыялдарым бар, мен азыр башканы ойлогон жокмун. Төрт жылдан кийин эмне болорун азыр айтуунун мааниси жок дейм".

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock
Зизлала коркунучу
Түркия алты жылдан бери экономикалык кризис менен күрөшүүдө. Жергиликтүү бийлик органдарына болгон шайлоодо бийликтин экономиканы жакшыртуу боюнча убадасына эл ишенип, колдоого алды. Бирок Стамбулду дагы бир коркунуч убайымга салууда: жер титирөөдөн эл коркуп калды.
Сейсмологдор кыйраткыч жер титирөө Стамбулда күтүлбөгөн учурда болуп кетиши мүмкүндүгүн эскертип, адамдык жана материалдык зыяндын алдын алыш үчүн аракет көрүү керек деп жатышат.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock
Түркияда өткөн жылы эки жолу катуу жер титирөө болуп, 53 миңден ашык адам курман болду.
Эски үйлөрдү бузуп, сейсмологиялык бекем үйлөрдү куруу Элдик республикачыл партиянын күн тартибинде биринчи орунда турат.
"Мурат Курум - бул шаарды өнүктүрүү менен ассоциация болгон ысым жана символикалык мааниге ээ",- дейт Демиралп. "Брок жеңишти алуу үчүн бул жетишсиз"."Мурат Курум - ЭРП партиясынын чөйрөсүндө технократ, бирок азыр анын өзүнүн брендине эмес, партиясынын брендине карашууда. Ал эми Имамоглуда бул тескерисинче", - дейт Демиралп.
Эрдогандын өнөктүгү

Сүрөттүн булагы, NECATI SAVAS/EPA-EFE/REX/Shutterstock
Президент Эрдоган өзүнүн алдыңкы министрлери менен жергиликтүү шайлоодо жигердүү үгүт жүргүзүп, Стамбулга орчундуу көңүл бурууда.
Стамбулда 24-мартта чогулган жүз миңдеген жактоочуларына кайрылып: "Стамбулду өзүнүн чыныгы кожоюнуна кайтарып беребиз" деп өзүнүн жактоочуларын "жеңишти алыш үчүн күн-түн дебей иштөөгө" чакырды."Биз 31-мартта жаңы доордун эшигин ачабыз. Мен баарыңарга Стамбулдагы туугандарыңарга чалып, АК партияга добуш берүүгө чакырууңуздарды суранам", - деди ал калың элге.
70 жаштагы президент Эрдоган бул анын эң акыркы шайлоосу болорун билдирди: ал президенттик кызматта үчүнчү мөөнөт отурат, 2028-жылдан кийин ат салыша албайт.
Азырынча ал өзүнүн мураскорун дайындай элек.
"Партиянын башка лидерин табуу азыр абдан татаал иш",-дейт Актас.
"Эрдоган абдан харизмалуу, абдан күчтүү лидер. Биз социологдордун Эрдогандын ордуна кимди көрөсүңөр деп сурасак, алар эч кимди атай алышпайт. Бул партия үчүн жаман иш".
Президенттин сынчылары өз кезегинде бул анын акыркы шайлоосу дегенге көп ынанбайт, анткени Эрдоган Стамбулдагы жеңишин улуттук жана жергиликтүү деңгээлде элди бириктирүүгө пайдаланып, конституцияны өзгөртүп, дагы бир мөөнөткө барышы мүмкүн дешет.
Бөлүнүп, жарылган оппозиция

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурдагы эки шайлоого караганда Эрдогандын азыр чоң артыкчылыгы бар: оппозиция азыр бирдиктүү эмес.
Коомдук пикирди сурамжылоо Стамбулда кармаш катуу болорун көрсөтүүдө.
Konda компаниясы жакында эле жүргүзгөн сурамжылоодо Имамоглу 38,2 % добуш алды, ал эми башкаруучу партиянын өкүлү Мурат Курум 32,2 % алды.
Имамоглунун жеңиши 2019-жылы негизинен алты партиянын коалициясынын колдоосунун эсебинен болгон. Алар улутчулдар, секуляристтер, либералдар, консерваторлор, исламчылар жана эң маанилүүсү күрддөр болчу. Стамбулда күрд калкынын саны көп.
Бирок оппозициялык альянс 2023-жылдагы шайлоодон кийин чачырап кетти, ал эми оппозициялык партиялар, анын ичинде Стамбулда чоң электораты бар күрддөрдүн партиясы өздөрүнүн талапкерин алып чыкты.
Башка оппозициялык партиялардын бир да талапкери Стамбулда жеңип чыга албайт, бирок алар Имамоглунун добуштарын бөлүп кетет.
Бирок Исламчыл партиянын АК партияны колдоонун ордуна өзүнүн талапкерин алып чыгуу чечими Имамоглунун пайдасына иштеши мүмкүн.
Стамбулда Имамоглу менен Курумга өзүнүн бекем жактоочуларынын эле добушу керек эмес, алар башка партиялардын шайлоочуларын өзүнө ишендириши керек. (МА)








