Түркиядагы шайлоо: Оппозиция Эрдогандын жалгыз атаандашы катары Кылычдароглуну тандады

Би-Би-Си Түрк кызматы

Республикалык Элдик партиянын (ЖХПнын) жетекчиси Кемал Кылычдароглу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Республикалык Элдик партиянын (ЖХПнын) жетекчиси Кемал Кылычдароглу

Түркиянын көп учурларда жиктелип кала берчү оппозициялык партиялары 2023-жылы май айындагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоганга каршы таймаша турган бирдиктүү талапкер катары Кемал Кылычдароглуну тандоого жетишти.

Кемал Кылычдароглу мырза өлкөдөгү негизги айдыңдык (секулярдык) жана чордончул оппозициялык партия болгон Республикалык Элдик партияны (Жумурият Халк Партиси – ЖХП) жетектейт.

Коомдук пикирди алдын ала сурамжылоолор президент Эрдоган мырзанын 20 жылга созулган авторитардык бийлигинин соңку учурларында карама-каршы уюлдарга өзгөчө бөлүнгөн түркиялык коомдо быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгү өзгөчө курч өтүшүнүн ыктымалдыгын көрсөтүүдө.

Анкара шаарындагы Экономика жана соода илимдер академиясы аттуу окуу жайда таалим алды. Анын курсташтарынын бири – Улутчул Эл партиясынын (Миллийетчи халк партиси – МХП) жетекчиси Девлет Бахчели мырза эле.

Сүрөттүн булагы, CHP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анкара шаарындагы Экономика жана соода илимдер академиясы аттуу окуу жайда таалим алды. Анын курсташтарынын бири – Улутчул Эл партиясынын (Миллийетчи халк партиси – МХП) жетекчиси Девлет Бахчели мырза эле.

Учурдагы экономикалык каатчылык жана өткөн айдагы жер титирөөнүн залакаларын жоюу жүрүмүндөгү өкмөттүн катачылыктары Эрдогандын талапкерлигин мурдагы шайлоолордогуга салыштырмалуу чабалыраак кылып салышы ажеп эмес.

Алты партиядан куралган бирдиктүү оппозиция тарабынан орток талапкер катары тандалган 74 жаштагы Кемал Кылычдароглу мырзаны Түркияда билбеген киши жок.

Ал 1948-жылы декабрда Тунжели дубанынын (ил) Назимийе ооданына (илче) караштуу Баллыжа кыштагында туулган. Теги – огуздардын бозок уругунан, ата-бабасынын диний ишеними – алевий. Ал өзүн сейиттердин тукуму деп да санайт, бирок мамлекеттик башкаруу динден ажыратылган айдыңдык (секулярдык) түзүлүштү – Ататүрк негиздеп кеткен жумурияттык түзүлүштү жактайт.

Анын атасы Камер жергиликтүү расмий кызматкер болчу. Энеси – Йемуш ханым. Жети баланын төртүнчүсү катары Кемал жокчулукту жон териси менен сезип чоңойгон.

Анкара шаарындагы Экономика жана соода илимдер академиясы аттуу окуу жайда таалим алды. Анын курсташтарынын бири – Улутчул Эл партиясынын (Миллийетчи халк партиси – МХП) жетекчиси Девлет Бахчели мырза эле.

Жогорку окуу жайды аяктаган соң, Кемал бир жылдай Францияда билимин жана иш тажрыйбасын өркүндөттү.

Жубайлар Аслы, Зейнеп деген эки кыздуу, Керем деген уулдуу болушту

Сүрөттүн булагы, CHP/ANADOLU'NUN KEMAL'İ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жубайлар Аслы, Зейнеп деген эки кыздуу, Керем деген уулдуу болушту
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

1974-жылы ал Селви Кылычдароглу айымга үйлөндү. Жубайлар Аслы, Зейнеп деген эки кыздуу, Керем деген уулдуу болушту.

Кылычдароглу мырза 1971-жылдан тартып каржы, экономика жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы ар кыл кызматтарында иштеп жүрдү да, 1999-жылы Коомдук камсыздандыруу уюмдарынын Башкы жетекчиси кызматын аркалап жаткан чагында ардагерликке чыкты.

ЖХП лидери Дениз Байкал чакырган соң, Кылычдароглу бул партияга кирип, 2002-жылы ушул партиядан Стамбул депутаты болуп парламентке шайланды. 2007-жылы депутаттыкка кайра шайланды.

2008-жылдын 22-сентябрында өткөргөн маалымат жыйынында Кылычдароглу бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (Адалет ве Калкынма партиси – АКПнын) ошол кездеги төрагасынын орун басары Денгир Мир Мехмет Фыратка таандык фирмаларга байланыштуу болжолдуу экспорт жана баңгизат аткезчилиги доосу камтылган документтерди коомчулукка жарыялап, анын натыйжасында өлкөдө чоң саясий чуу чыккан.

Фырат өзүнө коюлган айыптарды четке какканы менен, бир аз убакыттан кийин ден соолугуна байланыштуу деген жүйөө менен жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

Эрдоган эми 14-майдагы президенттик шайлоодо Кылычдароглу менен таймашууга аргасыз болот

Сүрөттүн булагы, CHP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдоган эми 14-майдагы президенттик шайлоодо Кылычдароглу менен таймашууга аргасыз болот

Кийинчерээк башкаруу маселесинде Байкал мырза менен келише албай калып, Кылычдароглу ага каршы чыккан топко кошулду.

Дениз Байкал партиялык жетекчи кызматынан чегингенден кийин 2010-жылы партиядагы төрагалык кызматка келген чагында, мурдагы пикир келишпестиктерине карабастан, Кылычдароглу мырза Байкал мырза менен баарлашуу үчүн өз эшигин дайыма ачык кармады.

2014-жылы Кемал Кылычдароглу президенттик шайлоого Эрдоганга каршы оппозициячыл ЖХП жана МХП партияларынын орток талапкери катары профессор Экмеледдин Ихсаноглуну (Исламдык кызматташтык уюмунун мурдагы башчысын) колдоп чыкканда, партиялаштарынын көпчүлүгүнүн сынына кабылды.

2017-жылы Кылычдароглу өлкө пезидентинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган конституциялык референдумду кескин сынга алган.

Эми, бир нече партия тарабынан орток талапкер катары президенттик шайлоого аттанып жатып, Кылычдароглу Түркияны мунаса (консенсус) жана баарлашып-кеңешүү жолу менен башкарууга убада берди.

"Биздин дасторконубуз (“суфра” – “супара”) — тынчтык дасторкону, – деп ал айтканын Рөйтерс ж.б. агенттиктер маалымдашты. – Биздин бир гана максатыбыз – өлкөнү бакыбатчылыктын, тынчтыктын жана кубанычтын күндөрүнө жеткирүү", – деди Кылычдароглу.

Ал ошондой эле өлкөнү парламенттик системага кайтаруу зарылдыгын баса айтты. Азыркы президент Эрдоган болсо 2018-жылы президенттик башкаруу системасына өтүү жүрүмүн жүзөгө ашырып, мамлекет башчы катары кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

ЖХП азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан түзүлгөн. 1990-жылдардан бери бийликке келе албай жат канына карабастан, өлкөнүн эң эски саясий партиясы катары анын колдоочулары дагы эле арбын.

Ошондой болсо да, Кылычдароглу бир гана партиянын колдоосу менен байсалдуу шайлоо өнөктүгүн жүргүзө алмак эмес болчу.

2017-жылы Кылычдароглу өлкө пезидентинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган конституциялык референдумду кескин сынга алган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2017-жылы Кылычдароглу өлкө пезидентинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган конституциялык референдумду кескин сынга алган

Эми ал жетектеген МХП өлкөдөгү Жакшы партия (Ийи парти), Келечек партиясы (Гележек Партиси), Демократия жана өнүгүү партиясы (Демокраси ве Атылым Партиси; ДЕВА Парти), Бакыт партиясы (Саадет Партиси) жана Демократиялык партия (Демократик Парти) деп аталган беш оңчул партия менен ынтымак түзүүгө жетишти. Бул алты партия эми жалгыз гана талапкерди – Кемал Кылычдароглу мырзаны орток президенттик талапкер катары сүрөөнгө алышмакчы.

Ар кандай саясий сынга чыдамсыздык менен мамиле кыла баштаган азыркы мамлекет башчы Эрдоган эми 14-майдагы президенттик шайлоодо Кылычдароглу менен таймашууга аргасыз болот.

Үстүбүздөгү жылы февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы 45 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган алааматтуу жер титирөөдөн соң Кылычдароглу мырза Эрдогандын өкмөтүн аёосуз сынга алуу өнөктүгүн жетектеди.

Оппозициянын сынына караганда, жемкорлукка баткан азыркы өкмөт имарат куруунун стандарттарын сактоого көз жумду мамиле кылгандыгы үчүн нечендеген бейкүнөө тургундардын набыт кетишине жол берилди.

Ал эми Эрдоган мырза болсо жер титирөөнүн айынан үйсүз калгандар үчүн бир жыл ичинде жаңы үйлөр курулат, деп убада кылууда. (TT)