Украинага Евробиримдиктин жардамын токтотуп жаткан Виктор Орбан ким?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Пол Кирби & Ник Торп, Будапешттеги кабарчы
- Role, BBC News
Евробиримдиктин бир дагы лидери өз өлкөсүн Виктор Орбандай узак башкарган эмес.
2010-жылдан бери ал Венгрияны Европарламент "шайлоо автократиясынын гибриддик режими" деп айыптаган өлкөгө айлантты. Ал өзүнүн ойлоп табуусун кантип сүрөттөөрүн билбейт окшойт, бирок "либерал эмес демократияны" жана "христиан эркиндигин" саясий практикасында колдонуп көрдү.
Кандай болбосун, ал бийликти колдон чыгарбай кармап турууну жана тынымсыз бекемдөөнү үйрөндү.
Ал миграция жана Украинадагы согуш маселесинде Евробиримдиктеги кесиптештери менен бир нече жолу чырдашып, Украинанын аман калышына каралган Евробиримдиктин 50 миллиард евро (43 миллиард фунт стерлинг; 55 миллиард АКШ доллары) каражатын Киевге берүүгө тоскоол болду.
Андраш Коса өзүнүн 2018-жылдагы Орбан өмүр баянын «Хаостун адамы» деп атап, анын башкалар жараткан баш аламандыкта өзүн баатыр катары көрсөтүү жөндөмү бар экенин айтты.
Анын бул жөндөмү табигый кырсыктардын учурунда да байкалды.
2010-жылы боксит кенинен чыккан кызыл ылай Дунай дарыясынын жээгине коркунуч келтиргенде, желим өтүкчөн, жеңи түрүлгөн Орбан өрт өчүрүүчүлөр жана ыктыярчылар менен бирге кум салынган каптарды көтөрүшүп, тизип жатты...

Сүрөттүн булагы, BALINT PORNECZI/AFP
Анын жеке харизмасы, футбол боюнча мурунку машыктыруучусу бир жолу белгилегендей, "топту ойноо" жөндөмүндөй эле анын ийгилигинин талашсыз бөлүгү болуп саналат.
Виктор Орбандын мурдагы саясий кеңешчиси Джордж Бирнбаум "интеллектуалдык жактан абдан акылдуу инсан" менен жолукканын унутпайт. "Ал жакшы билимге, терең акылга ээ, мындайлар өтө сейрек кездешет" - деди ал Би-Би-Сиге.
Виктор Орбан 1980-жылдардын аягында СССР ыдырай баштаганда, "Фидес" же "Жаш демократтардын альянсы" деп аталган саясий кыймылды түзүп, алгачкы ирет өзүн элге көрсөттү.
Ал 1989-жылы Советтик Кызыл Армияны мекенине кайтууга чакырып, чектен чыккан жети мүнөттүк сөз сүйлөгөндө, борбор калаа Будапешттеги Бибо колледжинин юридикалык факультетинин студенти болчу.
«Эгерде биз өзүбүздүн күчүбүзгө ишенсек, анда коммунисттик диктатураны толук жок кылабыз », - деп билдирген ал шаардын Баатырлар аянтына чогулган чейрек миллионго жакын венгерге кайрылып.
Бирок авторитардык башкарууну алмаштырган демократия, Орбандын башкаруусунун акыркы 14 жылында кескин түрдө өзгөрүп, артка чегинүүнү айыптаган нааразылыктар менен коштолду.
Саясий карьерасы Орусиянын гегемониясынын кулашынан улам келип чыккан Борбордук Европа лидеринин Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин Европа жеринде эң чоң согушту баштаган орус президентинин ЕБдеги эң жакын өнөктөшү болуп калганы таң калыштуу көрүнөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Виктор Орбан жөнүндө көп нерселер карама-каршылыктуу экени ырас.
1989-жылы сүйлөгөн сөзүнөн кийин, анын стипендиясын түпкүлүгү венгриялык миллиардер филантроп Жорж Сорос каржылап берген соң, ал бир аз убакыт Оксфорддо либералдык саясий философия менен алек болду.
Ал 1990-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн Оксфорддогу окуусун таштаганда, "Фидес" 22 мандатка ээ болуп, Виктор Орбан партиялык тизменин алдыңкы сабында болчу.
Саясий кеңешчилери катары Жорж Бирнбаум менен Артур Финкельштейн ага Жорж Соросту душман катары көрсөтүү идеясын алгач 2013-жылы беришкен.
"Сорос туура бутага алынган, - деди Бирнбаум, - анткени Венгрияда "... сыйкырчы сыяктуу саясатты көшөгө артында көзөмөлдөгөн" бул миллиардердин идеясы жетишерлик сандагы адамдарга жакпай калган болчу."
Орбандын сынчылары Жорж Соростун "саясат жана саясатты" көзөмөлдөп жаткан идеясын күлкү келерлик деп эсептешет.
Орбан мырза Жорж Соростун жарандык коом топторун "тымызын жана чет элдик акчалар менен Венгриянын саясатына таасир этүүгө аракет кылып жатат" деп айыптагандан кийин, Сорос 1991-жылы негиздеген Борбордук Европа университети 2019-жылы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн көп бөлүгүн Венага көчүрүүгө аргасыз болгон.
Виктор Орбан 1963-жылы Будапешттен бир сааттык жолдогу шаардын батыш бөлүгүндө төрөлгөн. Ал - үйдөгү үч уулдун улуусу. Атасы - айыл чарба инженери жана Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Апасы болсо өзгөчө муктажтыгы бар балдарга сабак берчү.
2000ден аз калкы бар Фельцсуттагы ата-энесинин үйүндө суу жок болчу, ал жерде дагы деле анын үйү бар.

Сүрөттүн булагы, AFP
1989-жылы берген маегинде ал атасы Гёдзо жылына эки жолу токмоктогонун эскерип, атасын зордукчул адам катары сыпаттайт: "Ал мени сабаганда, өзү да кыйкырып жиберчү. Мунун баары жаман окуя катары эсимде" дейт.
Бала чагында эч ким аны коммунисттик режимге каршы чыгат деп ойлогон эмес. Ал кадимкидей эле гимназияда окуп, жаштардын коммунисттик лигасынын мүчөсү болгон.
Анын кызыкканы футбол болчу, "Фельсут" жергиликтүү клубунда ойночу, азыр деле бала кезиндеги спортуна абдан ынтызар.
Университеттен таанышкан Анико Левайга үйлөнгөндө ал 23 жашта болчу. Алардын беш баласы, төрт кызы жана Гаспар аттуу уулу бар, уулу Сандхерстте британ армиясы тарабынан даярдыктан өтүп, Чаддагы венгер армиясында офицер болуп кызмат өтөйт.

Сүрөттүн булагы, TIBOR ILLYES/MTI/AFP
Саясат таануучу Золтан Лакнер Виктор Орбан 1990-жылдардын экинчи жарымында өз багытын өзгөрттү деп эсептейт.
Балким, андагы өзгөрүү үрөнү Оксфорддо себилгендир. Пемброк колледжинде бир нече ай окуп жүргөндө, ал консервативдүү философ Роджер Скрутон менен достошкон.
Же, балким, бул көбүрөөк саясий оппортунизмби, ким билсин?

Сүрөттүн булагы, AFP
1998-жылы Виктор Орбан шайлоодо "Фидес" менен жеңишке жетип, 35 жашында Европанын эң жаш премьер-министри болду. Ал 1999-жылы Венгрияны НАТОго мүчө кылган.
Орбандын эки өкмөтү 2002 жана 2006-жылдары шайлоодо жеңилип, эки жолу тең "Фидестин" лидери өзү үчүн мындан сабак алат.
2002-жылдагы жеңилүү аны өзгөрттү. «Улутту жеңүү мүмкүн эмес», - деди ал өзүнүн тарапкерлерине, жаңы эле болуп өткөн окуяларды түшүнүүгө аракет кылып жатып.

Сүрөттүн булагы, AFP
"2010-жылдан бери "Фидес"жана анын тарапкерлери акырындык менен Венгриянын медиа ландшафтын көзөмөлгө алып, чет элдик инвесторлорду алмаштырды"-, дейт венгриялык медиа байкоочу Мертек.
Миграция, Евробиримдик жана акыркы убакта Украинадагы согуш Виктор Орбан үчүн эң талуу маселелерден болуп калды.
2015-жылы июль айында Венгриянын чек арасы аркылуу Евробиримдикке өткөн качкындар менен мыйзамсыз мигранттардын саны көбөйүп кеткендиктен, ал "Европага келген мыйзамсыз иммигранттар менен терроризмдин жайылышынын ортосунда ачык байланыш бар деп" айтып чыкты.
«Биз Европаны европалыктар үчүн калтырууну каалайбыз... ошондой эле... Венгрияны венгерлер үчүн сактап калууну каалайбыз» - деди ал.
Сербиянын чек арасына тосмо салынып, мигранттарды кылмыш жоопкерчилигине тартуучу жаңы мыйзамдар киргизилди. 2018-жылы кабыл алынган "Соросту токтотуу" мыйзамы мыйзамсыз мигранттарга жардам бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тарта баштады.
Евробиримдиктин жогорку соту Будапешт Евробиримдиктин мыйзамдары боюнча өз милдеттерин аткарбады деп тапты. Бул акыркы жылдардагы Венгрияга каршы чыгарылган көптөгөн чечимдердин бири болуп калды жана ал Евробиримдиктин мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Евробиримдиктин Будапештке жардамын токтотууга уруксат берген чечими менен аяктады.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock
Европарламент Венгрияны мыйзам үстөмдүгүнөн, коррупция менен күрөшүүдөн жана ЛГБТ укуктарынан баш тартты деп айыптады.
Виктор Орбан Евробиримдик Украина маселесинде туура эмес багытта баратат, анткени ал Киев согушта эч качан жеңе албайт деп эсептейт.
Венгрия ошондой эле Швециянын мүчөлүгүн бекитпеген НАТОго мүчө жалгыз өлкө болуп саналат.
Бул таң калыштуу позиция жана ушул күндөрү Виктор Орбан көбүнчө Евробиримдиктин саммиттеринде жалгыз фигура болуп көрүнөт. (МА)






