Кеннет Юджин Смит: Азот менен өлүм жазасы аткарыла турган биринчи адам

Сүрөттүн булагы, Alabama Department of Corrections
- Author, Брэндон Дренон
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк жаңылыктар кызматы, Вашингтон
Жогорку Соттун эки сүйлөмдөн турган билдирүүсүндө Кеннет Юджин Смиттин ишти кайра кароо тууралуу өтүнүчү четке кагылганы айтылат. Бул ишти токтото туруунун жолун адвокаттар издеп атат, бирок убакыт дээрлик жок.
Смит бейшембиде кечинде өлүм жазасына тартылат. Анын бетине герметикалык беткап кийгизилет, азот менен дем ала баштаганда, анын денесине кычкылтек келбей калат.
БУУнун адам укуктары боюеча жогорку комиссары Смитти газ менен ууландырып өлтүрүү кыйноого, мыкаачылык менен өлтүрүүгө барабар деп аны токтотууга чакырган.
Смит 1989-жылы динаятчынын аялын өлтүргөн үчүн соттолгон. Карызга белчесинен баткан динаятчы ага жана дагы бир адамга аялын өлтүргөнгө миң доллардан төлөгөнү аныкталган.
Жалданма кылмышкерлер 45 жаштагы Элизабет Сеннет айымды бычактап өлтүрүшүп, аны үйгө карактоо максатында кирген адамдар өлтүрүп кеткендей кылып из жашырышкан.
Кылмыштын бети ачылганда, аялын өлтүрүүгө киши жалдаган динаятчы өз жанынан кыйган.
Смиттин шериги болгон Джон Форрест Паркер 2010-жылы өлүм жазасына тартылган.

Сүрөттүн булагы, WHNT/CBS
Алабаманын губернатору азот менен өлүм жазасын аткаруу коопсуз ыкма деп айтууда, бирок кээ бир эксперттер бул пикирди четке кагууда.
АКШнын штаттары өлүм жазасын ишке ашыруунун улам жаңы ыкмаларын издөөнүн үстүндө келатышат.
Эки жыл мурда Алабамада киши өлтүрүү үчүн соттолгон кылмышкерди ийне сайуу жолу менен өлүм жазасына тартууга аракет кылып көрүшкөн. Бирок үч жолку аракет тең ишке ашпай, натыйжада ажалдуу ийне сайылган адамдар өлбөй эле тирүү калышкан.

Сүрөттүн булагы, WHNT/CBS
Сот болгондо Смит киши өлтүрүүгө кылмышы болгондо кошо болгонун мойнуна алып, бирок кол салууга катышпаганын айткан.
Смиттин адвокаттары Жогорку Сотко аппеляциялык арыз берип, бул жерде АКШнын Конституциясынын жарандарды "ырайымсыз жана өзгөчө" жазалоодон коргогон сегизинчи толуктоосу бузулуп жатат деп чыгышкан.
Шаршембиде судьялар аппеляцияны кароодон баш тартып, өлүм жазасын аткарууну токтотуу өтүнүчүн четке кагышты. Бирок бир да судья өз чечимин эл алдында жарыялоого макул болгон жок.

Смит АКШнын округдагы аппеляциялык сотуна өзүнчө арыз менен кайрылып, азот менен ууландырып өлтүрүүнү мыйзамдуу эмес деп каршылык билдирди.
Анын адвокаттары Жогорку Сотко дагы бир арыз бермекчи болууда. Аны коргогон юристтер командасы газ түрүндөгү азот менен өлтүрүү ыкмасы "жаңы жана сыноодон өткөн эмес", натыйжада адам кыйналып өлөт деген каршы жүйө коюшууда.
Алабама АКШда жан башына алганда өлүм жазасынын саны эң жогору штаттардын бири, азыркы учурда өлүм жазасына өкүм кылынган 165 адам түрмөдө кезегин күтүп отурат. (КС)




