Реформаторбу же автократпы? Түркиянын түрүн өзгөрткөн Эрдоган

Эрдоган жубайы менен

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрдоган жубайы менен

Режеп Тайып Эрдоган жыйырма жылдын ичинде Түркияны башкарып, азыркы республиканы негиздеген Мустафа Кемал Ататүрктүн убагынан бери өлкөнү олуттуу өзгөрткөн кубаттуу саясий лидерге айланды.

Бирок азыр анын башкаруусунун уланышы кылдын учунда турат, Түркия 1999-жылдан берки эң алааматтуу жер титирөөдөн жаңы баш көтөрүүдө.

Оппозиция аны табигый кырсыктардын алдын алууга даярдык көргөн эмес жана экономиканы жакшы башкара албады деп күнөөлөп жатат.

Бийликке келгени

Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы февралда Түркиянын түндүгүндөгү Кара деңиздин жээктеги күзөт кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 13 жашка толгондо атасы беш баласынын келечегин ойлоп, Стамбулга көчүп келген.

Өспүрүм кезинде Эрдогандын лимонад жана «симит» деп аталган кунжут кошулган токоч сатып, анча-мынча акча тапкан учуру да болду. Ал Стамбулдагы Мармара университетинде окуп менеджмент адистигин алардан мурда ислам мектебинде окуду.

Анын дипломунун айланасында талаш-тартыш көп болду, оппозиция анын университетти толук окугандыгы тууралуу диплому жок, бир гана коллеждин дипломунун эквиваленти болгон деп келди. Эрдоган өзү бул дооматтарды дайыма четке кагып турду.

Эрдоган жаш кезинде футболго да кызыгып, 1980-жылдарга чейин жарым кесипкөй командаларда ойногону белгилүү.

Бирок анын канын кызыткан эң башкы мүдөөсү саясат болду. 1970-80-жылдары ал Неджметтин Эрбакандын Бакубат партиясына кошулуп, ислам чөйрөсүндө оозго алына баштады.

1990-жылдары партия элге тааныла баштаган сайын, Эрдоган андан 1994-жылы Стамбулдун мэри кызматына талапкер болуп шайлоого катышып, жеңип чыгып, шаарды төрт жыл башкарды.

A campaign van shows a photo of Turkish President Recep Tayyip Erdogan in Istanbul, Turkey, 08 May 2023.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE

Түркиянын исламчыл маанайдагы биринчи премьер-министри Эрбакан бул кызматта бир жыл эле болду. 1997-жылы аны отставкага айдашканда, Эрдоган дагы өлкөнүн светтик бийликтери менен тирешип калды.

Ошол эле жылы ал расалык кастыкты козуткан маанайдагы ырды эл алдында окуп чыкты деп соттолду. Түрмөдө төрт ай отургандан кийин саясатка кайрылып келди. 1998-жылы заманбап түрк мамлекетинин олуттуу светтик принциптерин бузганы үчүн анын партиясына тыюу салынды.

2001-жылы Эрдогоан өзүнүн союздашы Абдулла Гүл менен исламдык тамырдагы жаңы партияны - Акыйкат жана өнүгүү партиясын негиздеди.

2002-жылы парламенттик шайлоодо анын партиясы жеңип чыкты, кийинки жылы Эрдоган премьер-министр болуп дайындалды. Ал азыркы учурга чейин партиянын төрагасы бойдон келатат.

President Erdogan giving four-finger salute, 11 Mar 17

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Рабаа" деп аталган, төрт манжа менен учурашуу ыкмасы - 2013-жылы Египетте "Агайын мусулмандар" кыймылынын каршылык акциялары убагында абдан популярдуу болду.

Премьер-министр кызматында үч мөөнөт

2003-жылдан баштап премьер-министр кызматында үч мөөнөт иштеп, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылып, эл аралык деңгээлде реформатор болуп таанылды. Өлкөнүн ортоңку классы кеңейди, миллиондогон адамдар жакырчылыктын чеңгелинен чыкты, анткени Эрдоган Түркиянын модернизация кылуу боюнча кубаттуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылды.

Эрдоган бийликте биринчи отурган жылдары күрт азчылыктагы шайлоочуларын колго алды. Алардын укуктары жакшыртылды, отуз жылга созулган конфликттен кийин 2013-жылы мартта жаңы тынчтык процесси башталды. Күрт жумушчу партиясынын күжүрмөн канаты кан төгүү токтотулганын жарыялады. Бирок бул келишим эки жылга араң чыдады, андан кийин касташуу кайта башталды.

2013-жылы сынчылар Эрдогандын барган сайын авторитардуу болуп баратканын эскерте баштады.

Ошол жылы жайында нааразы эл көчөгө чыкты, өкмөттүн Стамбулдун чок ортосундагы паркты кайра куруу планы менен анын авторитардык башкарууга ыктаганы сынга алынды. Эрдогандын буйругу менен Гази паркына каршылык жыйынга чогулгандардын күч менен кууп-таратылышы, полициянын ашыкча күч колдонушу массалык каршылык жүрүштөрүнүн дүрт этишине алып келди.

Бул анын башкаруусундагы бурулуш учур болуп калды. Ал өзүнүн каршылаштарынын көзүнө демократ лидер эмес, Осмон империясынын султаны болуп көрүнө баштады.

Мусулманчылыктын кайра жаралуусу

Эрдогандын партиясы ошондой эле 1980-жылы болгон төңкөрүштөн кийин университет жана мамлекеттик кызматта аялдардын жоолук салынып жүрүшүнө салынган тыюуну алып салууга демилге көтөрдү. Акыр аягында полициядагы, куралдуу күчтөрдөгү жана сот органдарындагы аялдар үчүн тыюу алынып салынды.

A supporter of Turkish President Recep Tayyip Erdogan looks on during election campaign rally in Istanbul, Turkey, 07 May 2023.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурда жоолук салынууга университеттерде жана кээ бир мамлекеттик кызматтарда тыюу салынган эле.

Анын саясатын сындагандар Мустафа Кемал Ататүрктүн светтик республика түркүктөрүн талкалап жатат деп арызданышты. Эрдоган өзүнүн диний көз карашына карабастан дайыма ислам баалуулуктарын таңуулаган болбойт деп айтып келди. Ал болгону түрктөрдүн өзүнүн диний салтын эркин карманышын гана колдой турганын билдирип жатты.

Ал ошол эле убакта аялдардын коомдогу орду "салттуу гендердик ролду аткарууда", бул аялдар үчүн эң оболу "идеалдуу эне жана идеалдуу аял" болуу деп көп жолу билдирди

Ал феминисттерди айыптап, эркектер менен аялдарга бирдей караган болбойт деп айтты.

Эрдоган көп убакыт бою Египетте репрессияланган "Агайын мусулмандар" кыймылынын идеологиясына жакын исламдык идеяларды жана саясий исламды колдоп келди. Кээде ал рабаа деп аталган, төрт манжа менен учурашкан учурлары болду.

2020-жылы Эрдоган Стамбулдагы Айя-София тарыхый чиркөөсүн мечетке айландырды, бул көп христиандарды жана светтик түрк мусулмандарды нааразы кылды. 1500 жыл мурда собор болуп курулган бул чиркөөнү түрк-осмондор келгенде мечит кылып коюшкан, ал эми Ататүрк аны жаңы мамлекеттин символу катарында музейге айландырган болчу.

Tank crushing a car as people confront soldiers in Ankara, 16 Jul 16

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2016-жылы карапайым тургундар аскердик төңкөрүшкө каршы чыгышты

Бийликтин бекемделиши

2014-жылы ага кайрадан премьер-министр кызматына ат салыша албай калды, анткени ал бул кызматта үч мөөнөт отурду.

Анын кезектеги жүрүшү президенттик кызматка келүү, анын формалдуу ролун жаңы Конституцияда өзгөртүү, өлкөнүн светтик элитасынын тизгинин тартуу жолунда болду.

Президент болгондон кийин башында ал эки чоң тоскоолдукка кабылды. Анын партиясы 2015-жылы бир нече айга парламенттеги көпчүлүк позициясын алдырып койду, андан кийин 2016-жылы 15-июлда Түркия ондогон жылдардан бери боло элек аскердик төңкөрүш аракетин баштан өткөрдү.

Кутумчулардын жолун тосуп чыккан жайкын тургундардан дээрлик 300 адам курман болду.

Turkish President Tayyip Erdogan greets his supporters during an election rally in Manisa, Turkey April 24, 2023. Presidential Press Office/Handout

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ишке ашпай калган кутумга АКШда жашаган ислам аалымы Гулендин атындагы кыймылды күнөөлөштү.

Гулендин социалдык жана маданий кыймылы Эрдоганга үч жолу шайлоодо жеңип чыгууга жардам берген, бирок эки союздаш уруша кеткенде анын кесепети түрк коомуна тийди.

2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин 150 миң мамлекеттик кызматчы иштен алынып, 50 миң адам кармалды, анын ичинде аскерлер, журналисттер, юристтер, полициячылар, окумуштуулар жана күрд саясатчылары болду.

Бул кармап-камоолор сырттагы өлкөлөрдү кооптондурду, Түркиянын Евробиримдик менен алакасы сууду: Анкаранын бул союзга кирүү аракети көп жылдан бери ишке ашпай келди. Грецияны мигранттардын агымы капташы нааразылыкты ого бетер күчөттү.

2017-жылы Эрдоган президенттик бийликтеги ыйгарым укуктарын чоңойткон референдум өткөрүп, саал артыкчылык менен жеңип алды. Президент катары өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизгенге, жогорку кызмат адамдарын дайындаганга, укук системасына кийлигишкенге укуктуу болуп калды.

Эл аралык ишмердиги

Эрдоган өлкөнү башкарган жылдары эл аралык саясаттагы барандуу ишмер болуп өсүп чыкты. Ал Түркияны регионалдык держава катары булчуңдары менен ойноду, ал эми анын булчуңдуу дипломатиясы Европадагы жана башка жактагы өлкөлөрдүн кычыгына тийди.

Эрдоган НАТОго мүчө өлкөнүн башчысы болгон менен Россиянын президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе болду, Украина менен Россиянын согушунда ал арбитр болууга аракет кылууда.

Буудайды Кара деңиз аркылуу экспорт кылууга коопсуз коридор ачкан келишимди түзүүгө жардам берди.

Ал ошондой эле Швеция менен Финляндия НАТОго киребиз дегенде өзүнүн шарттарын койду. Финляндияга жол берди, бирок күрт жикчилдерине, башка диссиденттерге баш паанек берди деп Швецияга макул болбой койду.

Freedom of speech demonstration in Istanbul, 9 Apr 17

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камактагы журналисттерге эркиндик". Ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин жүздөй журналист камалды

Көп сынчылар 2019-жылы болгон жергиликтүү шайлоону Эрдогандын көп жылдык башкаруусуна болгон биринчи сокку деп аташат. Анткени анын партиясы үч ири шаарда - Стамбулда, баш калаа Анкарада жана Измирдеги шайлоодо жеңилип калды. Оппозициядагы Элдик-Республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглыга Стамбулдун мэринин тизгинин алдырып коюш бул кызматта 1990-жылдары иштеген Эрдоганга катуу сокку болду.

Эми Имамоглы бул ийгиликти республикалык деңгээлде кайталаш үчүн Эрдоганга каршы бириккен оппозициянын лидери Кемал Кылычдароглы менен шайлоо өнөктүгүн бирге өткөрүүдө.

Түркиядагы 50 миңден ашык адамдын өлүм-житимине алып келген, миллиондогон адамдарды үй-жайы жок калтырган жер титирөөдө өкмөттүн даярдыгы жоктугу, зилзаланын кесепеттерин жоюуга кашаң аракеттери катуу сынга алынууда. Ошол эле убакта экономиканын да абалы жакшы эмес, миллиондогон адамдар кымбатчылык менен каатчылыктын азабын тартууда.

14-майда күчтүү оппозициялык альянска каршы Эрдогандын жыйырма жылдык башкаруусу шайлоо таразасына коюлат.

Бул макала Би-Би-Си Жаңылыктар кызматынын кабарчысы Пол Кирбинин мурда жарыялаган макаласынын негизинде жазылды.