Эрдоган түрк чалгынчылары Сирияда "ИМ" лидерин жок кылганын билдирди

Реджеп Тайип Эрдоган (30 апреля 2023 года

Сүрөттүн булагы, EPA

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн чалгын кызматтары "Ислам мамлекети" тобунун лидери Абу Хуссейн аль-Курашини артынан аңдып жүрүп акыры өлтүрүшкөнүн жарыя кылды. Анын билдирүүсүнүн чындыгы көз каранды эмес булактардан тастыктала элек.

Эрдоган бул жөнүндө Түркиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнөн айтты. Анын кабарына караганда, жихадчыларды жок кылуу операциясы Сирияда ишемби күнү болду, ал эми Түркиянын чалгын кызматы MIT көптөн бери Курашининин сары изине чөп салып келаткан.

Эрдоган мындан башка эч нерсе айтпады, анын сөзүнүн чындыгын башка көз каранды эмес булактардан текшерүүгө мүмкүн болгон жок.

Рейтер агенттиги таянган Сириядагы булактар атайын операция Сириянын түндүгүндөгү, Түркия менен чек арага жакын Жандарис шаарында болгонун кабарлашууда.

Кураши "Ислам мамлекети" жихадчылар тобунун лидери болуп калганы өткөн жылдын этегинде кабарланган эле, андан мурдагы лидери өлтүрүлгөн, анын дагы аты Кураши эле.

Ушул жылы февралда америкалык спецназ "ИМ" лидери Абу Ибрагим аль-Хашими аль-Кураши жашынып жүргөн жерди тапкан эле. Атышуудан кийин жихадчы колго түшүп бербей, өзүн жана үй-бүлөсүн бүт жардырып жиберген. АКШ президенти Жо Байден бул операция убагында "бүт дүйнөгө олуттуу террордук коркунуч жоюлду" деп билдирген.

Азыр Түркияда 14-майда боло турган президенттик шайлоонун өнөктүгү кызып турган учур, кээ бир сурамжылоого караганда Эрдогандын утулуп калышы да мүмкүн деп жатышат.

"Ислам мамлекети" деп аталган террордук халифат кайсы бир убакта Чыгыш Ирактан Батыш Сирияга чейинки 88 миң квадрат километрди ээлеп турганы белгилүү. Алардын бийлиги астында сегиз миллион адам жашады.

2017-2018-жылдары жихадчылар согуш талаасында чабылып-чачылды, адегенде Иракта, андан кийин Сирияда. Ошол эле убакта алар дагы эле баш көтөрүп, ар кандай диверсиялык аракеттерин токтотпой келатат.

Мисалы, Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында шииттердин мечитинде болгон жардырууда кеминде 50 адам курман болду. Бул америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Афганистандагы эң ири теракт болуп калды.

БУУ өткөн жылы июлда жихадчылар тобу дагы эле олуттуу коркунуч экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча "ИМ" катарында алты миңден он миңге чейин жихадчылар бар, алар негизинен айыл жеринде жана байма-бай диверсия жасашууда.

Башка өлкөлөрдө дагы "ИМ" менен байланышкан ар кандай топтор бар. БУУнун маалыматы боюнча алар негизинен Афганистанда, Сомалиде жана Чад көлүнүн районунда активдүү. (КС)