Путин менен Си Цзиньпин: Кытайдын "Тынчтык планы" иштейби?

Сүрөттүн булагы, Aleksey Mayshev/TASS
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө болгон басма сөз жыйынында Украинадагы согушту токтотуу боюнча эч кандай макулдашуу жок экени белгилүү болду. Же Путин менен Си Цзиньпин бул жөнүндө эл алдында айтпай турууну чечкенби?
Си Цзиньпин үчүн бул ал төрага болуп кайра шайлангандан кийинки биринчи расмий чет элдик сапары. Орус президенти үчүн - Эл аралык кылмыш соту Украинанын оккупацияланган аймагынан украин балдарды мыйзамсыз депортация кылган деген айыптоо менен аны кармоого ордер берген окуядан кийин чет элдик лидер менен биринчи жолугушуу.
Сапардын жүрүшүндө кытай лидери Путинди Кытайга "ага ыңгайлуу учурда" ушул жылы келип кетүүгө чакырды. Washington Post бул чакырууну Россияны колдоонун көргөзмөсү деп атады.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен өз кезегинде Кытайдын лидерин Путинге "дипломатиялык калканч" коюп берип жатат деп сынга алды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин Кытайдын тынчтык планына токтолуп, "Батыш менен Киев качан даяр болгондо" аны негиз кылып алуу жөнүндө айтты. Би-Би-Си сүйлөшкөн эксперттер кытай планы "колдонуу үчүн эмес" деп аташууда.
Си Цзиньпин өз кезегинде Пекин БУУнун уставынын принциптерин карманарын жана "украин кризиси" боюнча калыс позицияда болуп, тынчтыкты жана сүйлөшүүлөрдү жактай турганын билдирди.
Кремлдеги үч саатка жакын сүйлөшүүлөрдөн кийин лидерлер 14 документ жана эки биргелешкен билдирүүгө кол коюшканы жарыяланды. Анын бирөө "РФ менен Кытайдын ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерин жана стратегиялык карым-катышын тереңдетүү жөнүндө" жана "Россия-Кытай экономикалык кызматташтыгынын 2030-жылга чейинки негизги багыттарын өнүктүрүү планы".
Путин жаратылыш газы менен мунайды Кытай багытында көбөйтүүгө Россия даяр экенин билдирди. Анын айтымында, "Сибирдин күчү-2" газ куурунун долбоорун талкуулашты. РФ менен КЭРдин ортосундагы кызматташтыктын өсүп жатканы тууралуу дежур сөздөр айтылды. Андан сырткары, Путин Россиядан Кытайга эт менен дан экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
"Кытайдын ресурстук колониясы"
Расмий сүйлөшүүлөр баштала электе Кытай лидери премьер Михаил Мишустин менен жолукту. Россиянын премьеринин айтымында эки өлкөнүн ортосунда соода көлөмү өткөн жылы үчтөн бирге өсүп, дээрлик 190 миллиард доллар болду. Кремль товар жүгүртүүнү 200 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.

Сүрөттүн булагы, TASS
Россиянын премьери Москва Кытай менен жогорку технологиялык тармак болуп саналган космостук изилдөөлөр, авиакурулуш жана машина куруу жаатында кызматташууга өзгөчө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Financial Times Кремлге жакын булактар таянып, Россиянын Кытайга болгон көз карандылыгы күчөп жатканын жазды. Россия Кытайдын чийки зат базасына айланууда.
"Окуялардын логикасын карап көргөндө, биз толугу менен Кытайдын ресурстук колониясы болуп жатабыз. Биздин серверлер Huawei компаниясынан келет. Биз Кытайга эмне керек болсо, ошонун баарын жиберген атабыз. Алар "Сибир күчүнөн" газ алышмай болду", - деген FT маектеши.
Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Мария Шагина Financial Times гезитине берген маегинде Москвага санкция салынгандан кийин орус-кытай мамилесинин ассиметриясы күчөп жаткандыгын белгилеген.
"Россия эми кенже өнөк болуп калган фактыны жашыруу кыйын"- деди ал.
Ошол эле убакта анын айтымында, Пекин өзү санкцияга түшүп калбаш үчүн этият болуп, жарым өткөргүчтөрдү Россияга Түркия жана БАЭ аркылуу жиберүүдө.
Китаист Михаил Коростиков Пекин батыш компаниялары таштап койгон орус рыногун өздөштүрүүнү көздөп жатат дейт. Москвага Си менен кошо ири бизнестин өкүлдөрү да келгени жөн жерден эмес.
"Мисалы, Россиянын рыногунда калган 14 бренддин 11 кытайдыкы, кытай смартфондорунун үлүшү россиялык рынокто 75% жетти, бир жыл мурда 50% эле, курулуш техникасы мурда 40% болсо, азыр анын үлүшү 70%, ноутбуктуку 40%", - деди Коростиков.
Коростиковдун айтымында, Си Зиньпин "Россиянын Батышка каршы турган саясатынын натыйжаларын өз көзү менен көрүп, анын сабактарын алгысы келүүдө".
"Кытайга деле Россияга салынган санкциялар салынат, бирок жайыраак болот",-дейт эксперт.
"Тынчтык планы колдонуу үчүн эмес"
Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн ачык бөлүгүндө Путин Кытайдын Украина боюнча тынчтык планына урмат-сый менен карай турганын жана кытай планы менен кунт коюп таанышканын билдирди.
Россияга Украинага басып кирүүсүнө бир жыл болгондо Кытай Украина боюнча 12 пункттан турган өзүнүн тынчтык планын сунуш кылууда. Анын ичинде "ок атышууну токтотуу", "тикелей сүйлөшүүлөрдү жандантуу", "бардык өлкөлөрдүн суверенитетин сыйлоо", "бир жактуу санкцияларды токтотуу" сыяктуу маанилүү максаттар көрсөтүлгөн.
Батыш өлкөлөрү бул планга анча ишенбей, Пекин адатта Кремлдин чечимдери менен позициясын колдогондон жазбайт деп жаткан чагы.
Китаист Михаил Коростиков кытайдын тынчтык планынын "бул сапардын күн тартибинде эч кандай орду жок" деп эсептейт:
"Бул өтө эле үстүрт документ, анын жардамы менен Кытай АКШ жана өнүгүп жаткан өлкөлөргө өзүнүн позициясын көрсөтүүдө. Ал аткаруу үчүн жазылган эмес, аны олуттуу кабыл алат деп эч ким күткөн да эмес. Анын негизги милдети - сөзсүз түрдө эле Батыш менен Россиянын бирөөн тандаш керек эмес, четте туруп деле тынчтыкка чакырып, эки жак менен соодалаша берүү",-дейт эксперт. (КС)








