"Миллиардерлерге аңчылык". Эмне үчүн Кытайда ишкерлер дайынсыз жоголуп жатышат жана Си Цзинпиндин саясаты эмнеге кептеши мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Питер Хоскинс
- Role, Би-Би-Синин Ишкерлик бөлүмү
2023-жылы февралда Кытайда жогорку технологиялык ишкерлик жаатында далдал ишкер болгон ортомчусу Бао Фан дайынсыз жоголуп кетти. Бул окуя жакынкы кездери Кытайда салыштырмалуу улам кайталанган көрүнүшкө – миллиардерлердин ың-жыңсыз жоголушу көйгөйүнө дагы бир жолу көңүл бурдурду.
Бао China Renaissance Holdings аттуу каржылык компаниясын негиздеген. Анын кардарларынын арасында Tencent, Alibaba жана Baidu сыяктуу интернет дөө-шаалары бар жана бул компания өлкөнүн технология тармагындагы эң алдыңкы компанияларынын бири болуп эсептелет.
Баонун күтүүсүз жоголушунун окуясы салттуу түрдө өнүккөн: адегенде ал өзү дайынсыз жоголгон, бир нече күндөн кийин анын компаниясы бул ишкер "Кытай Эл Республикасынын тиешелүү органдары жүргүзүп жаткан иликтөөгө жардам берип жатканын" билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошондой эле тергөөнү кайсы мамлекеттик орган жүргүзүп жатканын, анын максаты эмнеде экендигин, аны менен "кызматташып" жаткан Бао деги учурда кайсы жайда жайгашканын же кармалып жатканын азырынча биле албай жатканыбыздын өзү деле салтка айланган көрүнүшкө жатат.
Кытайлык ишкерлик лидеринин табышмактуу жоголушу биринчи жолу орун алып жаткан жок. Жакында эле бул сыяктуу мүшкүлдөр ишкерлердин бир нечесинин тагдырында кайталанды. Андайлардын ичинде Кытай экономикасынын интернеттик дөө-шаасы – Alibaba Group компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Жек Ма мырза да бар.
Миллиардерлердин дайынсыз жоголушу, албетте, көпчүлүктүн көңүлүн кыйла бурат, бирок калкка анчейин таанымал болбогон жарандар деле, өзгөчө алганда, маселен, өкмөткө каршы демонстрацияларга же адам укуктарын коргоо өнөктүктөрүнө катышкандан кийин, ың-жыңсыз жок болуп кетип жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бао Фан менен болгон окуя көпчүлүк назарына илингени анык. Бирок, серепчилердин пикирине караганда, бул окуя КЭРдин Төрагасы Си Цзинпин Кытайдын экономикасына карата бийлик көзөмөлүн кантип күчөтүп жатканын ашкерелеген жападан жалгыз мисал эмес.
Кытайдын China Renaissance компаниясынын жетекчиси жыл сайын өтүүчү Бүткүл Кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын жылдык отурумунун ирегесинде “бийлик менен кызматташа баштагандыгы” – өзгөчө көңүл бурчу жагдай.
Бийликтер каржы тармагын көзөмөлдөө боюнча жаңы бирдиктүү органды түзүү тууралуу чечишти. Буга чейин Кытайдын триллион долларлык каржы тармагынын ар кыл өңүттөрү үчүн ар башка мекемелер жооптуу болгондуктан, мыйзамдарда көптөгөн ууру жолдор пайда болгон. Эми бул бирдиктүү мекеме ошондой мандемдүү тешиктерди жаап салат ко, деп бийликтер ал органга үмүт артып жатышат.
2015-жылы эле ири компаниялардын кеминде беш жетекчиси ишкерликтен жана коомдук турмуштан четтетилди. Алардын ичинде Fosun International каржылык жана өнөр жай конгломератынын төрагасы Го Гуанчан да бар. Батышта ал, негизинен, Англиянын Премьер-Лигасынын "Вулверхэмптон Уондерерс" футболдук клубуна ээ болуп калгандыгы менен белгилүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гуо Гуанчан 2022-жылы декабрда дайынсыз жоголгон, андан кийин күтүүсүз жерден ал кайра пайда болгон. Ал кайра ишке киришкен соң, анын компаниясынын басма сөз кызматы анын "тергөөдө бийликке жардам берип жүргөндүгү" тууралуу билдирген.
2017-жылы канадалык-кытайлык ишкер Сяо Цзянхуаны (Xiao Jianhua) Гонконгдогу The Four Seasons Hotel Hong Kong аттуу кымбат баалуу мейманканадан каяккадыр алып кетишти. Ал Кытайдагы чириген бай кишилердин бири болчу. 2022-жылы ал Кытайдын материктик бөлүгүндө жемкорлук (коррупция) доосуна ылайык 13 жылдык мөөнөткө абакка кесилген болчу.
Өлкөдөгү ири мамлекеттик курулуш компаниясы болгон "Хуа Юан Проперти" (Hua Yuan Property Company) компаниясын жетектеген миллиардер Жэн Чжицян мырза Си Цзинпинди пандемияга туруштук бере албай койгон "жылаңач маскарапоз" деп сындагандан кийин 2020-жылдын март айында дайынсыз жоголгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле жылы бир гана күнгө созулган өтө кыска соттук териштирүүдөн кийин Жэн мырза жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Бийликтер Жэн мырза күнөөсүн мойнуна алгандыгын жана соттук өкүмгө каршы арызданууга эч ниети жок экендигин билдирди.
Арийне, балким, дайынсыз жоголгон миллиардерлердин эң атактуусу – бул Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма мырза болушу ажеп эмес. Ың-жыңсыз жоголгон маалда (2020-жылдын аягында) ал Кытайдын эң бай кишиси болгон.
Өлкөнүн каржы тармагынын көзөмөл органдары жөнүндө сын айтууга даап барганынан кийин бул ишкер дайынсыз жоголгон. Бул окуя анын ККПнын «Жалпы гүлдөп-өнүгүү» программасына дээрлик 10 миллиард долларлык салым кошкондугуна карабастан орун алды. Си Цзинпиндин айтымында, бул расмий программа коомдогу социалдык теңсиздикти жоюуга багытталган.
Ал Кытайда эки жылдан ашык убакыттан бери эч жерде көрүнө элек. Ага да эч кандай айып тагылган эмес, деги азыр ал кайда экендигин деле эч ким даана билбейт. Акыркы айларда аны Жапонияда, Таиландда жана Австралияда көрүп калгандар чыкты деген жоромолдор бар.
Кытайдын бийликтери өлкөнүн айрым бай кишилерин куугунтуктоо мыйзамдын талаптарынын алкагында гана болуп жатат жана жемкорлукту жоюуга багытталган, деп ырастоосун улантууда. Бирок, чындыгында, азыркы таптагы ишкерликке карата кысымдар өлкөдөгү экономиканы ондогон жылдар бою либералдаштыруудан кийин орун алууда. Дал ушул либералдаштыруу өнөктүгүнүн натыйжасында Кытай бүгүнкү күндө дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын ээси болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул экономикалык либералдаштыруу өлкөдө бир катар мульти-миллиардерлердин пайда болушуна алып келди, алар болсо өздөрүнүн эбегейсиз байлыгынын аркасында коомдо олуттуу таасирге ээ болуп калышкан.
Азыр болсо, айрым серепчилердин айтымында, Си Цзинпиндин жетекчилиги астындагы Кытай Компартиясы аларды бул таасирден ажыратып, бардык бийликти коммунистчил төбөлдөрдүн колуна топтогусу келет.
Мындай көз караштын келип чыгышына ири ишкерликтин, өзгөчө алганда, анын технологиялык тармагынын таасири Си Цзинпинден мурда өлкөнү бийлеген Цзян Цземин менен Ху Цзинтаонун саясатынын аркасында өскөндүгү тууралуу факт негиз болууда.
Буга чейин Бээжиндин көңүл чордонун аскер күчтөрү, оор өнөр жайы жана жергиликтүү партиялык органдар сыяктуу кубат менен бийликтин салттуу борборлору ээлеп келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Си Цзинпин дагы эле аларды (аскерди, оор өнөр жайын жана партиялык уюмдарды) катаал чеңгелинде кармап турат, бирок эми ал экономиканын мурда партиялык кызыкчылыктар камтылбаган тармактарына, анын ичинде жогорку технологияларга дагы көзөмөлдү кеңейтүүнү чечти. Бул кадам ал жарыялаган "Жалпы жыргалчылык" саясатынын жүзөгө ашырылышынын аргасы деген шылтоого негизденүү менен жасалып жатат.
The Economist Intelligence Unit серепчилик борборунун улук илимий кызматкери Ник Марро мырза Би-Би-Сиге: "Кээде бул жүрүмдөр калайыктын бүтүндөй тобуна ачык-айкын эскертүү кыла тургандай усулда уюштурулат", – деди.
"Акыры, бул чындап эле экономиканын белгилүү бир бөлүгүн көзөмөлдөө жана ага карата бийликти борборлоштуруу ниетин көрсөтүп турат. Бул – Си Цзинпиндин акыркы он жылдагы башкаруу стилинин негизги өзгөчөлүгү", – деп Марро мырза кошумчалады.
Albright Stonebridge Group консалтинг фирмасынын Кытай жана технология саясаты бөлүмүнүн башчысы Пол Триоло мырза: "Бээжин чоң технологиялык платформалар жана алардын негизги оюнчулары өз таасирин күчөтпөсө экен деп тынчсызданууда, анткени мындай учурда аларды ийге келтирүү оңой болбойт, анткени өз алдынчалыкка ээ болуу менен алар Бээжиндин артыкчылык берчү багыттарына каршы чыгышы ажеп эмес", – деп айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмий Бээжин "Жалпы гүлдөп-өнүгүү" саясатынын ийгилигинин ачкычы – бул мыйзамдын үстөмдүгү болуп саналат, ал байларга да, жакырларга да бирдей катаал негизде колдонулууга тийиш, деп ырастайт.
Кытай Компартиясынын көп ишмерлеринин санааркоосуна караганда, эгерде коомдун ар кыл катмарларынын ортосундагы бакыбаттыктын өсүп жаткан ажырымынын көйгөйү чечилбесе, анда бул партия өзүнүн жетекчи турумун жоготуп коюшу ыктымал. Айрым маалыматтарга караганда, Си Цзинпин коммунисттердин социалисттик тамырына кайра кайтууну каалаган ашынган солчул канатынын кысымына кабылууда.
Бирок миллиардерлердин табышмактуу жоголушу, ошондой эле Бээжиндин жалпы эле ишкерликке карата салкын мамилеси, таптакыр күтүлбөгөн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым серепчилердин пикиринде, эгер бийликтер таланттуу ишкерлерге кысым көрсөтүүнү уланта берчү болсо, анда өкмөт Кытайдын дүйнөлүк базардагы өз турумунан ажырап калуусунун тобокелчилигине туш болушу ажеп эмес.
"Бээжин үчүн коркунуч төмөнкүдө турат: технологиялык миллиардерлерди бутага алуу менен бирге, өкмөт ошондой эле бул тармакта келечектеги Жек Ма болгусу келген жаш ишкерлердин да жүрөгүн үшүтүп салып жатат", – деди Пол Триоло.
Төрага Си Цзинпин муну аңдап билет сыяктанат, ошондуктан өткөн аптада Бүткүл Кытайлык Эл өкүлдөр жыйынынын жылдык отурумунда делегаттарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө ал Кытайдын экономикасында жеке менчик тармагынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошол эле учурда, дал ушул эле сөзүндө ал ишкерлерди "бай болгула, бирок ошол эле учурда жоопкерчиликтүү болгула; бай болгула, бирок ошол эле учурда айкөл болгула; бай болгула, бирок ошондой эле мээримдүү да болгула!", – деп үндөй кетти.
Кытайда өткөн айда каржылык жөнгө салуучу жаңы агенттик түзүлгөн соң, банкирлерге Батыштагы "гедонисттик" (жеке ыракатын гана көздөгөн) кесиптештеринен үлгү албоо тууралуу эскертүү жасалды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул сөз Си Цзинпиндин назарынын бутасына илинчү кийинки тармак – каржы системасы болоорун айдан ачык көрсөтүп турат.
"Акыркы айларда биз "Жалпы гүлдөп-өнүгүү" милдетинин алгачкы белгилери каржылык кызматтарга да жайылтылып жатканын көрдүк. Бул айрыкча жогорку середеги төбөлдөргө белгиленген сыйлыктарга жана менежерлер менен кенже кызматкерлердин маяналарынын ортосундагы ажырымга таандык", – деди Ник Марро.
Деги миллиардерлерге аңчылык кылуу саясаты Си Цзинпиндин жеке бийлигин кыйла жогорулатууга огожо боло алабы же жокпу, азырынча так кесе айтууга мүмкүн эмес.
Бирок бир нерсе – шексиз: Кытайдын каржы базарларына, ишканаларына жана, эң соңунда, бул өлкөнүн экономикасына карата ишеним өлчөөсүз зор деңгээлде ойрондолушу ыктымалдан алыс эмес. (TT)








