Путиндин президенттик мөөнөттөрү "жокко чыгарылды"

Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Орусиянын президенти Владимир Путин дагы эки мөөнөткө президент болуп шайланууга жол ачкан мыйзамга кол койду.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү Путин демилгелеген. Мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык эки мөөнөт президент болгон Орусиянын жараны үчүнчү ирет мамлекет башчынын кызматына шайлана албайт. Бул документ Путин президенттик кызматка киришкенден кийин күчүнө киргендиктен чектөөнүн ага тиешеси болбойт жана буга чейинки президенттик мөөнөттөрү дагы жокко чыгарылат.

Путин 2000-2004-2012-2018-жылдары президент болуп шайланган. Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча 2024-жылдагы жана 2030-жылдагы шайлоого катышса болот.

2008-2012-жылдары Дмитрий Медведев президент болуп турганда мамлекет башчынын мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу тууралуу сунуш берип, анысы ишке ашкан эле. Бирок алты жылдык мөөнөттүн Медведевге тиешеси болгон жок. Өзүнөн кийин шайлана турган мамлекет башчыга тиешелүү болду.

2020-жылы Путин Конституцияга өзгөртүү киргизүү идеясын жарыялады. Президенттик мөөнөттү "нөлгө айлантуу" сунушун күтүүсүз жерден өткөн жылы 10-мартта Мамдуманын жыйынында депутат Валентина Терешкова киргизди. Ошол кезде иштеп жаткан Конституциянын редакциясы Путиндин дагы бир мөөнөткө шайлоого барышына жол бербейт эле.

Путин Думага келип, өзүнүн мөөнөттөрүн "жокко чыгарууга" макул экенин айтты. Бирок бир гана шарт менен: аны Конституциялык Сот бекитип жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү шайлоочулар референдум аркылуу тандашы керек. Ошентип бул ишке ашты.

"Өзөктүк потенциалы бар ири өлкө, дүйнөдөгү олуттуу эл аралык оюнчу(...) Мураскер тууралуу, коопсуздук эмне болот деген жана башка талкуулардын баары тынчсыздандырган процесстер",-деген ошол учурда Жогорку палатанын спикери Валентина Матвиенко.

Мурда Путин бийликте калуу үчүн Баш мыйзамды өзгөртпөй турганын бир нече ирет айтып келгени бар.

Президент Путин кол койгон мыйзамдык өзгөрүүлөрдө талапкерлер тууралуу башка дагы талаптар камтылды. Орусиянын президенттигине талапкер болом деген жарандын жашы 35тен ылдый болбош керек жана өлкөдө 25 жылдан кем эмес туруктуу жашашы керек. Мурда башка өлкө жарандыгын албаган жана чет жерден туруктуу жашоо укугун албаган жаран болууга тийиш эле.