Путин президенттик төртүнчү мөөнөтүн баштайт

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик төртүнчү мөөнөтүн баштайт. Путин март айындагы шайлоодо жеңип чыккан.
Ушуну менен ал 18 жылдык башкаруусун улантат. Путин президент жана премьер-министр катары өлкөнү башкарып турган кезде Орусия экономикалык өсүүгө, аскердик экспансияга жетишип, мамлекет кайрадан ири державага айланды.
Орусиянын оппозициясы Путинди "падыша" же "император" деп аташып, кескин сынга алып келген.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ишемби күнү Москва жана башка шаарларда полиция Путинге каршы чыккан демонстранттар менен кагылышты. Дүйшөмбү күнү дагы нааразылык акциялар өтүшү мүмкүн экени айтылууда.
Кремлде өткөн инаугурация 2012-жылга салыштырмалуу бир топ жупуну өтмөкчү.
Эмнеге демонстрациялар болду?
Айрым маалыматтарга ылайык, ишемби күнү Орусиянын 19 башка шаарында өткөн нааразылык акцияларда миңден ашуун адам камакка алынды. Алардын көбү Москва шаарында болгон.
Президент Путин март айындагы шайлоодо 76 пайыздан ашуун добуш алган. Бул анын саясий карьерасындагы рекорд болуп калды. Путиндин утуп чыгышынан эч ким деле күмөн санаган эмес. Бирок канча добуш алары көптөрдү кызыктырып турган.

Сүрөттүн булагы, AFP
2012-жылдагы шайлоодо Владимир Путин 63,60% добуш алган. Бийликте 18 жыл турган мезгилдин ичинде Путин эң төмөнкү добушту 2000-жылы алган. Анда шайлоочулардын 52,9% аны колдоп добуш беришкен. Төрт жылдан кийин кайра шайланган учурда Путин 71,31% добуш алган.
Путинди сындагандар, 18 жылдын ичинде Орусиянын жаш демократиясы талкаланды деген пикирде. Маселен, өлкөдөгү таанымал оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный шайлоодон четтетилген.

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL POCHUYEV/TASS
Полиция Навальныйды ишемби күнү мыйзамсыз демонстрация өткөргөнү үчүн камакка алды. Навальный "ал падыша эмес" деген плакаттар менен Москва шаарында көчөгө чыккан.
Путин башкарып турган Орусияда чыныгы оппозиция парламенттен сүрүлүп чыгарылып, ал өлкөнү каалагандай башкарды деген сындар дагы айтылууда.
Путин бийликке келгенден бери Орусия канчалык өзгөрдү?
Орусиялыктардын көбү Путин бийликке келгенден кийин туруктуулук орногонун белгилешет. Мурдагыга салыштырмалуу орусиялыктардын көбү жакырчылыктан чыгышты. Бирок дүйнөдөгү ири экономикаларга салыштырганда, бул өлкө бир топ артта бара жатканы маалым.
Путиндин алгачкы президенттик мөөнөтүндө орусиялыктардын орточо айлыгы жыл сайын 10 пайызга өскөн. 2012-жылы Путин премьер-министрлик кызматынан президенттикке келгенден кийин экономикалык кризис жана санкциялардан улам элдин маянасы өскөн жок.

2011-жылдан 2014-жылга чейин карапайым элдин таза кирешеси 11 пайызга жогорулады жана Путин башкарып турган учурда Орусиянын керектөө экономикасы кескин өстү.
Президент Путин 1991-жылдан бери көйгөйгө айланган көрүнүштү - калктын азайышын токтотом деп максат койгон. Путин 2012-жылы төрөлгөн балдардын санын көбөйтүү үчүн 53 миллиард доллар сарптоону сунуштаган. Анын саясатынан кийинки 21 жылдан бери биринчи жолу мамлекетте өлүм-житимге салыштырмалуу көбүрөөк бала төрөлдү.
Бирок 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны кайрадан кыскарды.
Кубаттуу армия Орусиянын улуттук уңгусунун бир бөлүгү болуп келген. Бирок Советтер союзу кансыз согуш учурунда каражатты армияга жумшай берип, мамлекет банкрот болгон.
Союз ыдырап кеткенден кийин Орусиянын армиясы кризиске дуушар болуп, бюджет кескин кыскарган. Владимир Путин армияны заманбап, кубаттуу күчкө айландырды.
Ал бийликке келгенден бери армия Чеченстан, Грузия, Украина жана Сирияда кубатын көрсөттү. (AT)








