Кытай: жасалма вакцинадан миллион доллар пайда көргөндөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын прокуратурасы коронавирус вакцинасына байланышкан алдамчылык кылмышына катыштыгы бар 70 шектүү кармалганын билдирди.
"Кылмыштуу топтордун бири 58 миңдей дозадагы жасалма вакцина сатып, дээрлик 3 млн. доллардай пайда көргөн" деп жазды өкмөттүк "Синьхуа" агенттиги.
Жергиликтүү басылмалар жасалма вакцина саткан топтордун бири болсо, кадимки эле туздуу сууну же минералдык сууну куюп сатканын жазып чыкты. Айрым учурда жасалма вакцина менен ооруканада дагы эмдешкен. Кээсин чет жактарга чыгарып кетишкен. Бул алдамчылык боюнча Кытайда 21 кылмыш иши козголду.
Соңку маалыматтарга караганда Кытай өзү иштеп чыккан чыныгы вакцина менен 40 млн. киши эмделди. Кытайдын Башкы прокуратурасы алдамчылык, көз боёмочулук кылмыштары менен күрөштү күчөткөн. Бир нече күн мурун ондогон кишилер камакка алынды. Февралдын башында кытай өкмөтү ушундай махинация менен шектелип 80 киши кармалганын билдирген. Прокуратура бул иш менен сентябрдан тарта алектенип жатканын кошумчалаган.
ДССУ AstraZeneca вакцинасын расмий каттады

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы иштелип чыккан вакцниалардын бирин расмий каттады. Аны AstraZeneca компаниясы менен Оксфорд университети иштеп чыккан. Башка препараттар сыяктуу эле бул вакцина дагы күчөтүлгөн темп менен кыска убакытта даярдалды.
Вакцинанын эки варианты бекитилген: бири Сеулда кореялык SKBio компаниясы менен биргеликте чыгарылат, экинчиси - Serum Institute of India компаниясы.
Бул вакцина өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоо максатын көздөгөн COVAX программасынын алкагында колдонулушу мүмкүн. "Вакцинага мүмкүнчүлүгү жете бербеген өлкөлөр эми саламаттыкты сактоо кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрө алышат",- деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Марианжела Симао.
Вакцинанын өндүрүштөгү баасы салыштырмалуу арзан. Ошол эле маалда ДССУ аны сактоо дагы оңой экенин белгиледи. Маселен, -70 градус муздакта сакталган Pfizer/BioNTech вакцинасынан айрымаланып, муну кадимки дары-дармектер сакталган муздаткычта кармаса болот.











