240 млн доллар: жашыруун сөзүн унутуп, байлыгына жете албай жаткан программист

иллюстрация - деньги и биткоин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Томас электрондук капчыкка кирүү үчүн жашыруун сөзүн баракка жазып, аны жоготуп алган. Бул он жыл мурун болгон окуя, анда биткоин 10 долларга баалана элек эле

Көптөр туш болгон көрүнүш - компьютердин алдында отуруп жашыруун сөздү эстей албай, улам туура эмес пароль терүү. Сегиз жолу туура эмес тергенден кийин, дагы эки жолу гана жашыруун сөздү тере аласыз деген эскертүү келет.

Дал ушундай абалга германиялык программист Стефан Томас туш болду. Бирок Томас үчүн жашыруун сөздү туура терүү абдан маанилүү, себеби анын электрондук капчыгында 240 миллион долларга бааланган биткоин жатат.

Томас көйгөйүн New York Times гезитине айтып берген. Эми интернет колдонуучулар өз кеңешин сунуштап жатышат. Facebook компаниясынын коопсуздук бөлүмүн мурда жетектеген Алекс Стеймос акчанын 10 пайызы менен бөлүшсө, өз жардамын сунуштаганга даяр экенин билдирди.

Биткоин бир айга жетпеген убакытта жыйырма миң долларга кымбаттап, баасы 42 миң долларга чейин чыкты. Азыр анын баасы 32 миң долларга түштү. Эксперттер биткоиндин баасы 20 миң долларга чейин түшөт деген пикирде.

Он жылдан ашуун убакыт мурун Томас криптовалюта тууралуу түшүндүрмө видео даярдаган. Кардар видео үчүн биткоин менен төлөгөн.

Ал учурда биткоин бир нече долларга эле бааланган эле. Томас биткоиндерди IronKey аттуу дисктеги электрондук капчыкка сактаган. Дискке кирүү үчүн жашыруун сөз терилиши керек. Томас аны кагазга жазып алган, бирок кийин жоготкон экен.

Эгерде жашыруун сөз он жолу туура эмес терилсе, электрондук капчык жабылып калат. Аны башка жол менен ача албай каласың. Томас жашыруун сөздү сегиз жолу туура эмес терген экен.

"220 миллион долларды чыгаруу үчүн он жолу терсем бирөө туура болот деп тобокелчиликке баруунун кажети жок. Дискти профессионалдарга алып баруу керек. Алар 20 IronKey дисктерин сатып алышат, алты айдын ичинде дискти ачуунун башка жолдорун табат",-деп кеңеш берген экен Стэнфорд университетинин эксперти, мурда "Фейсбукта" иштеген Алекс Стеймос.

Стеймос капчык ачылгандан кийин "10 пайыз акчаны берсең, жардам берем, мага байланыш" деп дагы жазган.

Томас биткоин капчыгынын жашыруун сөзүн жоготуп алган биринчи адам эмес. Буга чейин дагы миллиондогон байлыгына жете албай жаткан кишилер чыккан. Chainanalysis компаниясына ылайык, учурда ачылбай жаткан электрондук капчыктарда 140 миллиард долларга бааланган биткоиндер жатат.

Электрондук капчыкты ачып берүү боюнча кызмат көрсөткөн компанияларга күн сайын ондогондор кайрылат.

Биткойн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биткоин дүйнөдөгү эң белгилүү криптовалюта

New York Times гезитинде дагы бир киши 800 биткоинге жете албай жатканын жазган. Көрсө анын компьютериндеги маалыматты, анын ичинде папкада сакталган жашыруун сөздөрдү кесиптеши өчүрүп салыптыр.

2013-жылы маалымат каражаттары Уэльсте таштандылардын арасынан компьютердин дискин издеп жүргөн киши тууралуу жазышкан. Көрсө дискте 7500 биткоин сакталган экен. Ал учурда 7500 биткоин 4 миллион фунтка бааланган, азыр ал 250 миллион фунт болот.