Хорватия: жер титирөөдөн кийинки кыйроолор

Сүрөттүн булагы, Reuters
Хорватиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,4. баллга жеткен кубаттуу жер титирөө катталды. Бир нече шаарлар жабыркап, кеминде жети киши каза тапты. Уранды алдында калган кишилерди куткаруу аракеттери уланууда.
Зилзаланын очогунан үч чакырым алыстыктагы 20 миңдей калк жашаган Петриня шаарында 12 жаштагы кыз каза тапты. Бул тууралуу шаарга барган өлкөнүн премьер-министри Андрей Пленкович кабарлады.
Глина шаарынын бийлиги беш киши каза тапканын ырастады. Дагы бир киши Жажина шаарындагы чиркөөнүн урандысында калып набыт болгон.

Сүрөттүн булагы, EPA
Хорватиянын президенти Зоран Миланович Петриня шаарын чечен согушу маалындагы бомбаланган Грозныйга салыштырды. Премьер-министр Пленкович журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "шаарда адам жашаганга мүмкүн болбой калды" деп айткан.
Шаардагы балдар бакчасы ураган. Бактыга жараша эч ким ичинде болгон эмес экен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өкмөт Хорватия менен Словенияга таандык Кршко атомдук электр станциянын ишин убактылуу токтотту. Жергиликтүү басылмалар Петриня шаарынын мэриясы урап, бир аялдын сөөгү табылганын жазды.
Жер титирөө Хорватиянын баш калаасы Загребде, ошондой эле коңшулаш Босния менен Сербияда, ал тургай Италияда дагы сезилген.
Сисак шаарында дагы бир нече киши жабыр тартты. Аскерлердин күчү менен жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын геологиялык кызматынын маалыматына таянсак, бул Хорватия үчүн сейсмикалык силкинүүлөр заманбап ыкма менен ченелип баштагандан берки эң кубаттуу зилзала болуп калды. Мындай жер титирөө 1880-жылы Загребден анча алыс эмес аймакта катталган экен.
Би-Би-Синин Балкандагы кабарчысы билдиргендей, кырсыктан эки сааттан кийин өлкөнүн президенти жана премьер-министр эң катуу жабыр тарткан шаарга келди. Петриня тургундары үчүн бул өтө оор сокку болду. Анткени 1990-жылдардагы согуш маалында шаар катуу жабыркап, ошондон бери толук калыбына келе элек болчу дейт кабарчыбыз.
Бийлик кыйраган турак-үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн каражат бөлө турганын убада кылды. Жергиликтүү тургундар Жаңы жылды убактылуу баш калкалоочу жайларда тосот.









