Эгей деңизиндеги зилзала: Түркия менен Грециядагы кыйроолор

Rescuers search for survivors at a collapsed building in Izmir, Turkey. Photo: 30 October 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жума күнү Эгей деңизинин түштүк-батыш жээктеринде болгон жер титирөөдөн Түркиянын Измир аймагы жана Грециянын Самос аралы катуу жапа чекти.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн күчү 7,0 баллга жеткенин билдирди. Ал эми Түркиянын бийлиги 6,6 балл деп баалады.

Соңку маалыматтар боюнча Түркияда 24 киши набыт болуп, 804 киши жаракат алды. Измир шаарынын 743 тургуну жабыркаган. Грециянын Самос аралында эки өспүрүм каза тапты.

A view of a quake damaged site right after a magnitude 6.6 quake shaking Turkey's Aegean Sea coast

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыйроого учураган 17 турак жайдын сегизинде издөө жана куткаруу иштери жыйынтыкталды

Жер титирөөдөн кийин суу ташкындады

Шаар тургундары дагы ыктыярчыларга кол кабыш кылууда

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency via Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаар тургундары дагы ыктыярчыларга кол кабыш кылууда

Жер 15 секунддай титиреп турган жана Түркиянын батышындагы бардык чөлкөмдө катуу байкалган. Түркиянын үчүнчү ири шаары, 3 миллион калк жашаган Измирде жыйырмадай имарат кыйрады. Тургундар дүрбөлөң тушүп, туш келди качып жөнөгөн.

Измирде уранды алдында калган кишилерди издөө иштери жүрүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Измирде уранды алдынан кишилерди издеп жатышат

Кыйроого учураган 17 турак жайдын сегизинде издөө жана куткаруу иштери жыйынтыкталды деп кабарлады AFAD. Коомдук сайттарда зилзалада көп кабаттуу үйлөрдүн бири кыйраган учурдун видеосу жарыяланды.

Дагы бир видеодо тургундар кыйраган имараттын урандысынан аман калгандарды кутарып калууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Измирде зилзала суу ташкынын дагы алып келди. Набыт болгондордун кеминде 12си суу ташкынынан каза болуп калды дейт түрк бийлиги.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган табият кырсыгынан жабыр тарткандарга өкмөт "колунан келген жардамдын баарын берет" деп убада кылды.

People assess the damage on Samos, Greece. Photo: 30 October 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Самосто 45 миңдей киши жашайт
Грециянын Самос аралында тургундарга үй-жайын таштап чыгып кетпөөнү эскертишти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грециянын Самос аралында тургундарга үй-жайын таштап чыгып кетпөөнү эскертишти

Самосто жер титирөө эки өспүрүмдүн өмүрүн алды. Өлкө бийлиги сегиз киши жаракат алганын кабарлады. Суу ташкыны аралдагы портту жууп кетти. Грек бийлиги жер титирөөнүн күчү 6,7 баллга жетти деп ырастады. Мындай катуу зилзала 1904-жылы болгон экен.

Карта Турции

Бул чөлкөмдө кубаттуу жер титирөөлөр буга чейин да көп жолу катталып келген. Ушул жылдын башында эле Түркиянын чыгышында болгон кубаттуу жер титирөөдөн 41 киши каза таап, 1 607 жаракат алды. Зилзаладан эң көп жабыр тарткан Элязыг провинциясынын Сивриж шаары болгон эле.

Түркиядагы эң үрөй учурган зилзала 1999-жылы болгон эле. Анда Измит шаары зилзаланын очогу болуп, күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 17 000 киши каза тапкан.