Түркия: зилзаладан үч күндөн кийин аман табылган наристе

Сүрөттүн булагы, IMM Fire Department
Түркиянын Измир шаарында болгон зилзаладан үч күндөн кийин куткаруучулар бир наристени жана өспүрүмдү уранды алдынан сууруп чыкты. Дүйшөмбүдө эрте менен үч жаштагы Элиф Перинчек табылды. Ал кыйраган турак-жайдын урандысында 65 саат жаткан.
Андан мурун 14 жаштагы өспүрүм Идил Сирин жер титирөөдөн 58 сааттан кийин табылган. Өлкө бийлиги Элиф уранды алдынан куткарылган 106 кишинин бири болгонун ырастады.
Дүйшөмбүдөгү маалыматтар боюнча зилзаладан набыт болгондор саны 91 кишиге жетти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо "Твиттер" баракчасына Элиф Перинчектен дарыгерлер оор деле жаркат табышпаганын жазды. Бирок көпкө кыймылсыз жаткандыктан дароо жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Министрдин айтымында, Элифтин апасы жана 10 жаштагы эгиз эжелери аман-эсен. Бирок Элифтин 7 жаштагы бир тууган агасы уранды алдында калып көз жумган. Идил Сириндин да абалы жакшы деди министр.
Үч жаштагы Элиф Перинчекти Стамбулдун өрт өчүрүү кызматында иштеген Муаммер Челик таап чыккан. Ал басылмаларга берген маегинде, кыздын атасы келип куткаруучуларга кайрылганын айтты.
Элиф куткарылган учурду Би-Би-Синин Түрк кызматы "Твиттер" баракчасына жайгаштырды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
"Мен аны керебет менен шкафтын жанында болсо керек деп болжодум. Ал чалкасынан жаткан экен. Мен анын алгач жүзүн тазаладым. Ал менин бармагымды кармап алды. Дагы бир куткаруучу экөөбүз аны чыгарып алдык. Биз аны дарыгерлердин колуна тапшырганга чейин менин бармагымды коео берген жок. Элифтин стамбулдук өрт өчүргүчтөр арасында эми агасы бар",-деди ал.
Өткөн аптанын жума күнү Эгей деңизинин түштүк-батыш жээктеринде болгон жер титирөөдөн Түркиянын Измир аймагы жана Грециянын Самос аралы катуу жапа чекти. АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн күчү 7,0 баллга жеткенин билдирди. Ал эми Түркиянын бийлиги 6,6 балл деп баалады. (AbA)










