Марадонанын дарыгеринен эмнеге күмөн санашууда?

Диего Марадона

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атактуу футболчу Диего Марадонаны дарылап жаткан медицина кызматкерине этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө себепкер болгон деген айып тагылууда.

Маркумдун кызы атасы алган медициналык жардамдан шек санап, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Буэнос-Айрестин полициясы нейрохирург Леопольдо Луканын үйүндө жана жеке менчик клиникасында тинтүү жүргүздү.

Марадона өткөн аптанын ишемби күнү жүрөгү кармап каза тапкан эле. Дарыгер басма сөз жыйынын өткөрүп, көзүнө жаш алып, Марадонаны сактап калуу үчүн колунан келгенин кылганын айтты.

Диего Марадона

Сүрөттүн булагы, Reuters

Аргентиналык басылмалардагы маалыматтарга караганда, Марадонанын кыздары атасына кандай медициналык каражаттар колдонулганы тууралуу маалымат талап кылууда. Марадона акыркы жолу башынан операция болгон. Андан тышкары алкоголго каршы дарыланып жүргөнү белгилүү.

Өткөн аптанын бейшембисинде анын адвокаты Матиас Морла "Тез жардам" кызматы кечигип келгенин айыптап, футболчунун өлүмү толук иликтениши керектигин айтып чыкты.

"Тез жардамдын жарым сааттан көп убакытта келиши бул - кылмыш жана акмакчылык",-деп жазган ал "Твиттер" баракчасына.

Видеонун түшүндүрмөсү, "Ар дайым жүрөгүбүздөсүң”. Диего Марадона менен коштошуу

Операциядан кийин Марадонанын реабилитациясына үйүндө шарт болбой калган деген дагы жоромолдор айтылууда. Үйүндө дефибриллятор жана алкоголизм менен наркоманияга адистешкен дарыгердин такай көзөмөлү болбой калган.