"Кудайдын колу": футбол генийи, кайталангыс Диего Марадона

Диего Марадонаны эскерүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Диего Марадона 60 жашында жүрөк оорусунан каза тапты. Бүтүндөй футбол дүйнөсү, күйөрмандар XX кылымдын футбол легендасын эскерүүдө.

Футболчунун мекенинде бейшембиден тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Түндөсү Буэнос-Айрестин борбордук бөлүгү кишилерге толуп, транспорт кыймылын чектөөгө туура келди. Алар бул жоготууну бирге бөлүшүү үчүн чогулган. Баш калаадагы көчөлөргө коюлган видеоэкрандарда Марадонанын мыкты голдору көрсөтүлүп, чогулгандар ага арналган ырларды ырдап турушат. Мындай массалык акциялар бүтүндөй Аргентинаны кучагына алды.

Таланттуу, чуулгандуу, гениалдуу жана ачуулуу Диего Марадона. Өзүнүн кемчиликтери менен футбол жылдызына айланган талант.

Диего Армандо Марадона баш калаа Буэнос-Айрестеги жакыр райондо туулуп, эр жеткен. Футбол аны жакырчылыктын сазынан сууруп чыккан.

Диего Марадона

Сүрөттүн булагы, Schlage/ullstein bild

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марадона дүйнө кубогу менен, 1986-жыл

Марадона эл аралык деңгээлдеги футболго 16 жашында келди. Кыска бойлуу Марадона (165 см) чапчаңдыгы, ылдамдыгы, талааны көрө билгени менен бат эле оозго алынды.

"Кудайдын колу" же "кылымдын голу"

Аргентинанын улуттук командасынын курамы менен Марадона 91 жолу беттешке чыгып, атаандаштарына 34 гол киргизген. Бул анын эл аралык карьерасынын чакан гана бөлүгү.

1986-жылы Мексикада өткөн чемпионатта ал командасын жеңишке жеткирген. Төрт жылдан кийин финалга алып чыкты.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Бирок 1986-жылдагы чемпионаттын чейрек финалында Марадонанын футбол талаасындагы чуулгандуу жүрүшү көптөрдүн эсинде калды. Анын ачуусу чукул мүнөзү жыл өткөн сайын жашоо турмушуна кедергисин тийгизди.

Анда Аргентина менен Англия беттешип жаткан. Стадион шарактап кайнап, курч эмоциялар, чыңалуу... Анткени эки өлкө ортосундагы Фолкленд аралындагы согуштан бери төрт эле жыл өткөн. Оюн талаасында командалар айгышкан күрөштү көрсөттү.

Беттештин 53 минутасында, эсеп 0-0 болуп турган маалда Марадона англиялык дарбазачы Питер Шилтон менен барабар секирип топту муштуму менен дарбазага жолдогон.

Кийин ал "гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана кудайдын колу менен" киргенин айткан.

Төрт минутадан кийин Марадона "кылымдын голу" деп белгилүү болгон голду киргизди. Талаанын ортосунан топту алган футболчу беш атаандашын алдап өтүп, дарбазага гол тепкен.

"Наполинин" баатыры жана баңгизат

Марадона "Наполи" курамында 188 беттеш өткөрүп, 81 гол киргизген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марадона "Наполи" курамында 188 беттеш өткөрүп, 81 гол киргизген

Марадона клубдук оюндарда эки жолу трансфердик рекордду жаңыртты. 1982-жылы аргентиналык "Бока Хуниорстон" "Барселонага" 3 млн фунт менен өткөн. Эки жылдан кийин Марадона италиялык "Наполиге" 5 млн. фунт менен өткөн. Бул азыркы футбол үчүн күлкү келерилик акча болушу мүмкүн. Бирок ошол мезгилдеги рекорддук келишим эле.

"Наполинин" стадионуна Марадона тик учак менен келип, аны 80 миң күйөрман тосуп алган.

Италияда Марадона өзүнүн карьерасындагы эң жемиштүү жылдарын өткөрдү.

Марадона "Каморра" кылмыш тобу менен байланыш түзүп, анын ысымы бара-бара көбүрөөк жаман жагынан айтыла баштады. Ал кокаинге көз каранды болуп калган.

Диего Марадона

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аргентинанын улуттук командасынын курамы менен Марадона 91 жолу беттешке чыгып, атаандаштарына 34 гол киргизген

Бир жылдан кийин, 1990-жылдагы чемпионатта Аргентина финалда ойноп, бирок Марадонанын канынан баңгизат чыгат. Аны 15 айга оюндан четтетүү чечими кабыл алынды.

Төрт жылдан кийин (1994-жыл) ал кайрадан дүйнө чемпионатына кайтып келди. Бирок чемпионат ортолоп калганда Марадонанын канынан тыюу салынган эфедрин затын табышты.

Баңгизатка байланыштуу үч жолку тесттин жыйынтыгы менен 1997-жылы 37 жашында футбол менен коштошту. Бирок анын чуулгандуу жүрүм-туруму өзгөргөн жок. Ал мурдагы кылмыштуу аракети үчүн - журналисттерди пневматикалык курал менен аткан деп, эки жыл шарттуу түрдө кесилди.

Алкоголизм жана кокаинге берилүү анын саламаттыгынын бузулушунун негизги себеби болду. Ал салмак кошуп, бир учурда 128 кг. чейин жеткен. 2004-жылы Марадона биринчи жолу инфаркт болуп, реанимацияга түшкөн. Салмагын азайтуу үчүн операция кылдырган. Баңгизаттан арылуу үчүн Кубага барып дарыланат.

Марадона менен Кастро

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубада Марадона бир нече ирет Фидел Кастро менен жолуккан

2008-жылы Марадонаны улуттук курама командага башкы машыктыруучу кылып дайындашат. 2010-жылы командасын чейрек финалга алып чыгып, бирок Германияга 4-0 эсебинде утулуп калышты.

Андан кийин деле Марадона машыктыруучу болуп бир нече жерде иштеди. Чуулгандуу жүрүм-туруму менен басылмалардын башкы жаңылыгы болгон учурлары көп болду. (AbA)