"Ар дайым жүрөгүбүздөсүң”. Диего Марадона менен коштошуу
Аргентинанын көчөлөрү ак жана көк түскө чулганды. Өлкө легендарлуу Диего Марадонага аза күтүүдө. Анын сөөгү салынган табыт Буэнос-Айрестеги президенттик аксарайга коюлду. Анын менен коштошуу үчүн миңдеген кишилер агылып келүүдө.
Атактуу футболчу Аргентина курама командасынан сырткары беш клубда ойногон эле. Анын ичинде испаниялык "Севилья" менен "Барселона" жана италиялык "Наполи" бар. Марадона бардык жерде 10-номер менен ойногон.